Айгерим Расул кызы: «МЫРЗАҢДЫ СҮЙСӨҢ ДА БИЛДИРБЕШ КЕРЕК»

Айгерим Расул кызы мындан 7 жыл мурун Бишкектеги стадиондо концерт берип, эл алдында турмушка узагандан бери жеке концертин бере элек. 30 жашын утурлай жакында концерт берүүгө камынып жүргөн ырчыны сөзгө тарттык.

– Айгерим, жакында 30 жашка толосуң. Кандай сезимдер болуп жатат?

– Сонун сезимдер болуп жатат. Акыл калчап калган куракка келгениме кубанып жатам. Бардык чечимди болбосо да, көбүнчө чечимдерди өзүң кабыл алып, эркин болуп калат экенсиң (күлүп). Туура же туура эмес кылганымды билип, алдыга карай туура кадам жасаганга акылым жетип калды. Мага булардын баары аябай жагып жатат. Ошондуктан 10 жыл артка кайтуу мүмкүнчүлүгү берилсе баш тартмакмын.

– Кыялдарың ишке ашыптырбы? Эмнелерди кыялданчу элең?

– Көптөгөн кыялдарым ишке ашыптыр. Эң башкысы ата-энем, үй-бүлөм, жолдошум, кайын журтум жанымда. Азыр ойлосом, кол жете турган, жашоодо өтө маанилүү эмес нерселерди эле кыялданыптырмын.

– Имиджиңди өзгөртөйүн деген ой барбы?

– Кээде чачымды сары түскө боёгум келет. Бирок элим үчүн ушул образ менен Айгерим Расул кызымын. Башка образда чыга калсам түшүнбөй калышат го. Жарашпай да калсачы? Өзүмө узун чачым жагат. Анын үстүнө кыргыздар кара чачтуу айымдарды баалайт. Кийинчерээк күрөң түскө боёшум мүмкүн, бирок кеспейм (күлүп).

– Келбетиңе кам көрүү үчүн спорт менен машыгып, диета кармайсыңбы?

– Спорт менен кээде машыгам. Бийди спорттун түрү деп билем, ошондуктан көп бийлейм. Диета кармайм, бирок бат эле бузулуп калат. Анткени дайыма той үстүндө жүргөндүктөн өзүмдү кармай албай калам (күлүп).

– Сен үчүн идеалдуу аял ким?

– Апам. Ал күчтүү, сабырдуу. Бардык жакшы сапаттарга ээ айым. Анда аял гана эмес, мырзанын сапаттары да бар. Ошол сапаты мага да жуккандай.

– Кандай аялдар эрте картаят же дайыма жаш көрүнүп жүрөт?

– Көп жинденген аялдар бат картаят. Каттуу стресс болгондо бир күндө эле картайып кетишиң мүмкүн. Андыктан кайгырып, болбогон нерселерге нерв корото бербеш керек. Жадырап-жайнап күлүп жүргөн, жүрөгүндө сүйүү жашаган айымдар жаш көрүнөт.

– Өзүңдү баалаганды билесиңби?

– Өзүмдү баалаганды да, өз ордумду да билем. Башкаларды да баалай алам. Биринчи кезекте айымдар өзүн сүйүп, баалап, кам көрүп турушу зарыл. Биздин айымдар өзүн экинчи планга коюп, эс албай, бала-чака менен алпурушуп жүрө беришет. Андыктан бир саат болсо да өзүнө убакыт тапса болот. Мырзаларды катуу сүйбөш керек. “Сени сүйөм, күйөм” деп артынан чуркабай, аралыкты кармасаң мырзаңа кызыктуу болосуң. Башкага акыл айтып үйрөткүм келбейт, болгону берилген суроого жообумду айттым.

– Бул чечимге кантип келдиң?

– Башынан эле ушундаймын. Себеби мырзалар жаратылышынан мергенчи болушат. Дайыма сүйүүң менен тажата берсең кызыктырбай каласың. Албетте, “сүйөм, алтыным, жаным” деш керек. Бирок чеги менен. Мырзаңды сүйсөң да билдирбеш керек. Анткени бааланбай калышың мүмкүн.

– Турмушка чыкканыңа 7 жыл болуптур. Жылуу мамилени сактап калуу үчүн эмне кылыш керек?

– Бири-бириңди түшүнүп, колдоп турушуң керек. Үй-бүлөнү сактоо бир гана айымдын жоопкерчилигинде эмес. Эки тарап тең аракет кылышы зарыл. Жаңы баш кошкондо “үй-бүлөдө ким башчы?” деген күрөш болот экен. “Мен күчтүүмүн, сени басам” деп турасың. 2 жылдан кийин бири-бириңе ийилип калат экенсиң. Бирок мен “бийлик менде болсун” деп күрөшкөн жокмун. Ичимден “макул, бийлик сенде, бирок менде да бир аз бар” деп турам. Негизи бийлик бизде да бар, бирок сыр бербеш керек (күлүп).

– Жолдошуңа катуу таарынганда баарын жыйыштырып кетип калгың келгенби?

– Казан-аяк бизде да кагышат, кагыша да берет. Бул нормалдуу көрүнүш. Пенде болгондон кийин идеалдуу эмеспиз. Кээде бири-бирибизди түшүнбөгөн учурлар болот. Бирок экөөбүз тең көк бет эмеспиз. 5 мүнөт эле таарынам. Ал дагы тултуңдабайт. Күлүп-жайнап кайра эле сүйлөшө беребиз. 1-2 күн сүйлөшпөй койгон бизде болбойт. Түшүнбөстүк болгон кезде да кийимин үтүктөп, чай берип жүрө берем.

– Айрым күйөрмандар “балам сен сыяктуу эл адамы болсун, оозуна түкүрүп койчу” деп ырчыларга түкүрттүрөт экен. Сенде да ушундай болду беле?

– Ооба. Бирок түкүрбөйсүң. Бетинен өөп, кучактап коёсуң.

– Сахнага чыгарда кандай ырым-жырым колдоносуң?

– Колумду сахнага тийгизип, “элдин көңүлүнө толгудай ырдай берейин, оомийин” деп бата кылып чыгам.

– 10-октябрда жеке концертиңди бергени жатасың. Даярдыктар кандай?

– Турмушка чыккандан бери жеке концерт бере элекмин. Концерт коюу оңой эмес. Терең ойлонуп, өзгөчө шоу жасаганга аракет кылыш керек. Эки жыл катарынан “Жылдын ырчы айымы” наамын алдым. Отчёттук концертимди берүү убактысы келди. Акча табуу максатында эмес, элдин көңүлүн алуу үчүн уюштуруп жатам. Ушул концертим көрүүчүлөргө жагып, кийинки жылдары эл концертимди күтө тургандай деңгээлде берейин деп турам. Учурдан пайдаланып концертимдин уюштуруу иштерине чуркап жүргөн продюсерим Назира Бактыбековага ыраазычылык билдирем.

Концерттик турне менен 7 дубанды кыдырабыз. Кийинчерээк айылдарды кыдырууну да пландап жатабыз. Биринчи концерт Бишкекте өтөт. Баса белгилеп кетчү нерсе, Баткенде бекер коёбуз. Анткени чек ара чырынан жабыр тарткан мекендештерибиздин маанайын көтөрүү ар бир атуулдун милдети. Концерт стадиондо болот.

Мен Бейонсе, Шакира, Майкл Жексон, Женнифер Лопес өңдүү дүйнөлүк ырчылардын концертине суктанчумун. Тилекке каршы, бизде дүйнөлүк деңгээлдеги концерттик залыбыз жок болгондуктан асмандан учуп түшө калуу мүмкүн эмес экен. Ошого карабастан өзгөчө концерт бергенге аракет кылып жатабыз. Биз да келечекте дүйнөлүк деңгээлдеги концерттик залга жетебиз деп үмүттөнөм.

– Тилектер орундалсын. Концертиң ийгиликтүү өтсүн!

Динара Абдыкадырова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
jamilya03
2021-10-17 16:34:01
Бактылуу бол ишине ийгилик сулуулугуна акылына суктанамын балдарынын жакшылыгын гор омурун узуун болсун сени сыйлаймын
+1
№ 983, 7-13-октябрь, 2021-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан