Турсунбек Акун: “АЛМАЗБЕК АТАМБАЕВ САЯСИЙ ТУТКУН ЭМЕС”

Турсунбек Акун – кызыктуу маектеш, стандарттуу эмес саясатчы. Ага жакында III даражадагы “Манас” ордени ыйгарылып, талкуу жаратты. Айрымдар “орденди татыксыз алды” дешти. Өзү болсо “сыйлык мага 20 жыл кеч берилди” дейт.

– Саламатсызбы, саясий майдандан алыстап кеттиңиз окшойт. Учурда эмне менен алексиз?

– Саламатчылык, учурда Борбор Азияда адам укуктары боюнча конгресстин координаторумун. Тагыраагы, Борбор Азияда акыйкатчынын ролун аткарып жатам. Учурда Евросоюздун долбоорунда иштейм. Адам укугун коргоо жаатында ишим 1 мүнөт да токтой элек. Өлкөдөгү саясий процесстерге активдүү катышпасам да, орчундуу саясий иштерге салымымды кошуп жатам. Мисалы, жаңы Конституцияны иштеп чыгууда конституциялык кеңешмеге мүчө болуп, 5 ай бою Конституция жаздык. Азыр башка деңгээлдеги укук коргоочумун. Мурун пикет, митинг уюштуруп, ачкачылык жарыялап бийликтегилерди коколоп жүргөн болсом, азыр 60тан ашып калдым. Жаш эмесмин, тажрыйбалуу, такшалган укук коргоочумун. Азыркы бийликтегилер менен иштешип жатам, кошомат кылып эмес, кеңешимди айтып колумдан келген жардамымды берүүдөмүн. Мага кайрылган адамдардын арыздарын өкмөткө жана президенттик аппаратка тапшырып, алардын аткарылышын көзөмөлдөйм.

– Кыргыз өлкөсү кайда баратат? Алдыга жылуунун, өнүгүүнүн жышааны байкалып жатабы сизге?

– Биз азыр өнүгүүнү эмес, өлкөдөгү туруктуулукту сактоону башкы планга коюшубуз керек. Шайлоо жакындап калды, андан аман-эсен өтүп алуу маанилүү. Бийлик деле кыйналып жатат, колуна талкаланган экономика тийди. Ары жагынан чек ара, “Кумтөр” маселеси тарткыласа, бери жагында миграция, бюджетти толтуруу, кышка даярдык, пенсияларды көтөрүү көйгөйлөрү кезекте турат. Учурда Кыргызстан деген кеме океанда ойкуп-калкып турган чак, аны чөктүрбөй сактап калуу зарыл.

– Сизди көпчүлүк экс-акыйкатчы, укук коргоочу деп тааныйт. Коомчулукта резонанс жаратып жаткан окуяларга үн катпай эле турасыз, чарчадыңызбы?

– Укук коргоочу чарчабайт. Мен ар кайсы окуяга комментарий берип, популисттик кылган деңгээлден өстүм. Өлкөдөгү иштердин жакшысын да, жаманын да айтып бийликке жеткирип жатам. Биз таасир этип, айрым чечимдерди жокко чыгарттырган учурлар бар. Чарчабай 1990-жылдан бери иштеп келе жатам.

– Сизди талкуу чордонуна таштаган окуялардын бири – президент тарабынан сизге “Манас” орденинин берилиши болду. “Наам татыксыз берилди” дегендер чыкты. Бул орден сизге кандай жагдайда берилди, өзүңүздөн уксак...

– Кыргызда “ит күлүгүн түлкү сүйбөйт” дейт. Сындагандар болот, албетте, бул нормалдуу көрүнүш. Мен да көп адамдын куйругун баскам, сындагам, бийликти кээде жактап жатам. Ошого айрымдар “кошоматчы жана башка...” деп жатышат. Сындап жатса, демек, көңүл бурууга татыктуу адам экенмин. Депутат Исхак Масалиев “Батукаев боюнча иши бар, эмнеге орден алды?” деп жазыптыр. Менин да Исхак жөнүндө айтчу көп сөзүм бар, атасы Апсамат Масалиев акени сыйлаганым үчүн унчукпадым. Масалиев деген фамилия мен үчүн ыйык. 1999-2000-жылдары Баткен коогалаңына катышып, 50 күн согушту токтотуп турганбыз. Ошондо “боевиктер” менен сүйлөшүп жүргөн мен түгүл, бери жакта жүргөндөр “Манас” орденин алышкан. Адилеттик болсо мен “Манас” орденин 20 жыл мурун алышым керек эле. Сыйлык мага күтүүсүз болгон жок, адамдын эмгеги эртеби-кечпи баары бир бааланат да, Садыр Жапаров акыры баалады.

– Батукаевдин иши боюнча мурдагы президент, бир топ чиновниктер камакта жатат. Бул иште сиздин да атыңыз аталып, чуу жаралган эле. Иш эмне болуп бүттү?

– Батукаев боюнча күнөөлүү болсом, сиз айткан чиновниктердин катарында болот элем. Ал жакта жокмунбу? Демек, мага тагылган күнөө далилденген жок. Изилдешти, туугандарымдын, ини-карындаштарымдын байлыгынан бери текшеришти. Канча ирет суракка чакырылдым, эч нерсе табышкан жок. 2013-жылы Атамбаев ошол окуяны шылтоо кылып мени кызматтан алып койду, болду ошол эле. Ал кезде менден башка эч ким “жазаланган” эмес. Азыр ал кездеги чиновниктердин баары жазаланып, мени жазага тартууга бир да себеп таба алышкан жок.

– Азыркы бийлик тарабынан сизге кызмат сунушталган жокпу?

– Жок, сунушталган жок. “Манас” ордени мен үчүн көптөгөн кызматтардан өйдө турат. Өзүм деле “кызмат бер” деп догумду артып барбайм.

– УКМКнын ишмердүүлүгүн кандай баалап жатасыз? Айрымдар айткандай, катасы көбөйүп кеттиби?

– Камчыбек Ташиев таза, патриот жигит. 2010-жылкы Июнь окуясында Камчы, Ахмат, Садыр Нуркожоевич үчөө тең туруп беришкен. Камчы улутка күйөт, чек ара боюнча иштер кыймылдап жатат. Кемчилиги жок эмес, мисалы, “кустурация” боюнча аракетине ичим чыкпай эле турат. Камалбай турган саясатчылар камалып калган учурлар болууда.

– Атамбаевди үй камагына чыгаруу керек деген талаптар айтылып жатат. Сиздин оюңузча, ал катардагы соттолуучубу же саясий куугунтуктун курмандыгыбы?

– Эгер Атамбаевге “абалы өтө оор” деген диагноз коюлса, коё беришсин. Болбосо, соттун чечими чыккан, түрмөдө отурсун. “Текебаев айтты” деп эле көрүнгөндү бошото бериш керекпи? Текебаев досту айтканга туура келип жатат, ал элдин сезимине ойногонду жакшы билет, ошол эле. Болбосо убагында Атамбаев анын абийирин төгүп, абакка тыккан эле. Атамбаев саясий куугунтуктун курмандыгы эмес. Дональд Трамп болобу, Жо Байден болобу, чакырганда суракка келүүгө милдеттүү. Мына, 16 жылдан кийин Акаев келип сурак берип кетти, Жээнбеков (ред.: экс-президент) да сурак берүүдө. Атамбаев болсо Арашанда жатып алып тергөөгө келбей, “Кой-Таш республикасын түзөм” деп мыйзамды тепсегени унутула элек.

– Саясатта достошуп, кайра таарынышып кетүүлөр кадимки көрүнүштөй кабылданат. Ошентсе да көңүлүңүздү катуу ооруткан же сатып кеткен саясатчылар болдубу?

– Бирөөгө катуу таарынсам да, ичимден ал адам тууралуу жакшы ойлорду өчүрбөйм. Адам артыкчылыгы, кемчилиги менен адам да. Бизде азыр бир жамандаса ата-жотосуна чейин жамандап, жердин жети катмарына киргизип жиберет. Мен адамдын жакшы да, жаман да жагын көрө билем, өзүнө да айта жүрөм. Таарынышуулар болгон, бирок убактылуу нерсе да алар.

– Эл арасында сизге карата айтылган кандай сындарга жиниңиз келет?

– Эмгегимди баалабаса капа болом. “Ушул ак чач качан жоголот, качан өлөт?”, “Эки жүздүү, кошоматчы” деген сындар оор тийет. 20-25теги балдар ушинтип жазышат. Бирок алар Турсунбек Акун басып өткөн татаал жолду кайдан билишсин? 120 миң адамдын укугун коргодум, 17 жолу абакка отуруп, административдик жазаларды алып, далай күн ачкачылык жарыялап отурдум. Мени 2004-жылы укук коргоо органдары уурдап кетишип, 15 күн жер төлөдө жаткан да күндөрүм болду. Ага да моюн бербей дүйнөнүн 54 өлкөсүндө болдум. Чеченстандагы 1994-1996-жылдары болгон кандуу согушту басуудагы эмгегимди баалап, чечендердин ошол кездеги бийлиги Грозный шаарынын бир көчөсүнө "Турсунбек Акун" деген ат беришкен. Мен көргөн кыйынчылыкты эч ким көрө элек, дагы дух бар экен, азыркыга чейин эл арасында жүрөм.

– Маегиңизге чоң рахмат!

Лунара Бекиева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 983, 7-13-октябрь, 2021-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан