“Кыргызстан сулуусу-2021” сынагынын жеңүүчүсү 16 жаштагы Алтынай Ботоярова болду. Сулуу кыз өзү менен тааныштырып, бул жеңишке келген жолун, сынактагы атаандаштык, жашоосундагы кубанычтуу жана кейиштүү учурлар жөнүндө айтып берди. Алтынай буга чейин 20га жакын сынактарга катышыптыр.
ӨЛКӨНҮН СУЛУУСУ ТУУРАЛУУ
Аты-жөнү: Алтынай Ботоярова
Туулган жылы: 27-декабрь, 2004-жыл
Туулган жери: Бишкек шаары
Бою: 173 сантиметр
Салмагы: 50 килограмм
Хоббиси: лыжа тебүү
Катышып жеңген сынактары: "Mini Miss Fashion Kyrgyzstan-2010", "Miss Fashion Kyrgyzstan-2014", "Мисс Бишкек-2020", “Мисс Кыргызстан-2021”
– Салам, Алтынай! Жеңиш кут болсун!
– Рахмат.
– Кыргызстандын эң сулуу айымы менен кенен таанышып албайлыбы...
– Болот. Мен Бишкекте төрөлгөм. Атам Оштун Ноокатынан, апам Ысык-Көлдөн болот. Жашым 16да. Учурда БААУнун алдындагы колледжде интерьердин дизайны багыты боюнча билим алып жатам. Хоббим жана учурдагы ишим – моделинг.
– Жакшы. Буга чейин 20га жакын сынакка катышкам деп айтып калдыңыз...
– Ооба. Мени 5 жашымда апам моделдик агенттикке жаздырган. Ошол жерден тажрыйба алдым, сахнада өзүмдү алып жүрүүнү, туура басууну үйрөндүм. Ошондон тарта сулуулук сынактарына катышкам, жеңгем. Катышкан сынактарымдын саны 20га жакын. – Комментарийлерде апаңызды депутат деп жазгандар болуптур...
– Мен да окуп калдым, “апаң депутат окшойт” деп жазышыптыр. Андай эмес. Апамдын өз иши бар, Ак үйгө эч кандай тиешеси жок. 2020-жыл дүйнө эли үчүн оор болду. Коронавирустан биз да атабыздан айрылып калдык. Атам мени дайыма колдочу. Ар сынакта биринчи катарда отурчу. Атамдын колдоосун азыр да сезем, билем, жанымда. Ал мага дайыма “кызым, эч качан токтобо, дайым өнүгө бер” деп айтчу. Анын сөздөрү азыр да жардам берет. Билгендей эле айтып кеткендей сезилет. Атам мага “жашоого жылмайсаң, ал да сага жылмаят” деген жазуусу бар калем белек кылган. Ошол калемди атамдан калган эстелик катары сактап койдум. Билем, бул сынактан жеңгеним атама жакмак, кубанмак. Өткөн жылы мындай оор абалда өзүмдү колго алып, жолумду татыктуу улоону туура көргөм. Ал жыл мага бир жактан сокку урса, экинчи жагынан көтөрмөлөдү. Анткени былтыр “Бишкек сулуусу-2020” сынагын жеңип алгам. Бул мен үчүн мотивация болду, сынактан кийин күчтөнүп, алдыга умтулуп калдым.
– Атаңыздын арты кайрылуу болсун. Анда кайрадан позитивдүү жаңылыктарга өтөлү. Эми сиз “Аалам сулуусу” сынагына катыша аласызбы?
– Былтыр “Бишкек сулуусу-2020” наамын алганда “Аалам сулуусу” сынагына лицензия берилген. 2022-жылы, Кудай буюрса, барам. Быйыл 18ге чыга элек болгонум үчүн барбай калдым. Эми даярданып баштайм.
– Жеңүүчү катары 400 миң сом сыйлык алдыңыз. Сынакка катышуу үчүн канча каражат кетти?
– Көп кетти. Так канча экенин эсептеген жокпуз. 400 миң сомду апама бердим. Кайда короторун апам өзү чечет. Чоң апам экөө бөлүшүп алышса керек.
– Башында сынакка катышуу үчүн 300дөй кыз келиптир. Финалга чыкканы 32 кыз болуптур. Атаандашуу катуу болгон өңдөнөт?
– Катуу эле болду. Мындай атаандашууну мен кинолордон гана көргөм. Өзүбүздүн талантыбызды көрсөтүшүбүз керек болгон бөлүктө мени менен балдар бийлешмек. Бир күнү 2 баланын костюмдарынын жарк-журк этип күйө турган зымдарын үзүп кетишиптир. Номерди аткарып жатканда жарык өчүп, балдардын кийимдериндеги жарыктар күйүшү керек болчу, күйбөй калды. Ким кылганын билбейм. Ким кылса дагы биз анчага чейин түшпөйбүз. Бир кыздын көйнөгүн кесип кетишиптир. Быйыл эмнегедир ушунчалык атаандаштык катуу болду.
– Ошол номериңиздин маанисин түшүндүрүп бериңизчи.
– Бул номер эки бөлүктөн турду. Алгач эркектин кийимин кийип чыктым. Экинчи бөлүктө шөкүлө кийип кыргыз желегин алып чыктым. Муну менен аял киши аябай күчтүү, эркектей да, аялдай да боло алат деген маанини бергим келди.
– Сиз да ошондой күчтүүсүзбү?
– Назик да боло алам, жиниме тийгенде жөн туруп калбайм. Мүнөзүмдө тырышчаактык бар. Туугандарым “тырышчаактыгың атаңа окшош” дешет.
– Видеоролигиңиз да оңой тартылбаган көрүнөт.
– Ооба. Нарынга чейин барып, 6 саат ат менен тоого чыгып, кайра түштүк. Акырында чарчап ыйладым. 3 облуска бардык. Патриоттук демдеги видео жасап, Кыргызстан кандай экенин көрсөткүм келди. Анткени жеңип калсам, бул видеороликти дүйнөлүк сынакта да көрсөтөм деген ой болгон. Анын үстүнө өзүбүз деле кандай керемет жерлерибиз бар экенин билбейбиз. Мен Кыргызстандын өнүгүүсүнө жардам берген адам болсом дейм.
– 18 килограммдык көйнөк кийиптирсиз...
– Ооба. Бул көйнөктү атайын өзгөчөлөнөйүн деп тиктирдим. Таштары оор болуп 18 килограмм чыкты. Аны дизайнер 1 ай тикти. Ошол көйнөктү кийип чыкканда сахнада жарым сааттай турдук окшойт. Денем ооруп, буттарым тырышып, эмне кыларымды билбей калдым. Бирок аягына чейин чыдадым.
– Ырчы Анжелика экөөңүздөрдүн жакындыгыңыздар бар экен...
– Анжелика эже өткөн жылы кыздардын арасынан сулуулук салонуна амбассадор кылып мени тандаган. Ошондон тарта иштешип баштадык. Кийин эже-сиңдидей жакын болуп кеттик.
– "Кыргызстан сулуусу-2020" сынагын жеңип алган Лазат Нуркожоева менен мамилеңиз кандай?
– Көбү экөөбүздү жаман мамиледе деп ойлошот экен. Жок, аябай жакшы мамиледебиз. Азыркы күнгө чейин эже-сиңдидей сүйлөшүп келебиз. Ал утканда өзүмдүн эжем уткандай кубангам.
– Мырзалар көп жазып жатышса керек...
– Баракчамда жумуш үчүн колдонгон номерим бар. Түнкү саат 3-4тө “кандайсың? Эмне кылып жатасың?” деп чалып жатышат. Күндүз чалышса бир жөн, түндө чалганда жиниң келет экен. Баарын “кара тизмеге” салып жатам. Жигитим жок. Азыр бардык убактымды окууга жана өзүмдү өнүктүрүүгө жумшап жатам.
– Сизге ийгилик! "Аалам сулуусу" сынагында өлкөнү татыктуу даңазалап келүүңүзгө тилектешпиз.
Перизат Музуратбекова