Дарья Маслова, жөө күлүк: “БАШКА ӨЛКӨНҮН ЧАКЫРУУЛАРЫНА МАКУЛ БОЛГОН ЭМЕСМИН”

Кыргыз жеңил атлетикасы тууралуу айта турган болсок, кереметтүү Ысык-Көлдөн чыккан жөө күлүк Дарья Маслова тууралуу сөзсүз сөз кылууга туура келет. Ал өмүрүнүн 10 жылын спортко арнап Азия оюндарынын, Азия чемпиондугунун жана көптөгөн эл аралык мелдештердин жеңүүчүсү болду. Эки жолу Олимпиада оюндарына катышты. Кечээ жакында эле профессионалдык карьерасын жыйынтыктаган Дарья Маслова биздин маек төрүбүздө.

– Саламатсызбы, Дарья? Спорттук карьераңызды жыйынтыктаганыңызды жар салдыңыз. Эмнеден улам мындай чечимге келдиңиз? Мындан ары кайсы тармактан сизди көрө алабыз?

– Саламатсызбы? Мындай чечимди кабыл алуу оңой болгон жок, көпкө ойлондум. Элге жарыялагым келбеген жеке себептерден улам ушундай чечимге келдим. Мындан ары өзүм үчүн иштөөнү пландап жатам, бирок азырынча кайда, эмне иш менен алектенеримди билбейм.

– Олимпиада оюндары сиз үчүн кандай өттү?

– Олимпиада оюндарында баары жакшы болду. 88 кишинин ичинен 36-орунду ээледим. Бул мен үчүн жаман жыйынтык эмес. Бул мен катышкан экинчи Олимпиада, Рио-де-Жанейродо 10 миң метрге чуркагам. Ал эми Токиодо марафонго (42 чакырым 195 метр) чуркадым. Ал жактагы 32 градус ысыкта, 70 пайыз нымдуулукта марафондун аралыгын чуркап өтүү алда канча кыйын болду.

– Олимпиададан кийин бутуңуздун манжаларынын жаракаты тартылган видеону жарыяладыңыз...

– Бул жаракатты машыгуу учурунда алгам. Даярдануу учурунда күнүнө 30-50 чакырым чуркап жаттык. Адамдар биздин дагы кандай азап чегип жатканыбызды көрүшсүн, чуркоо жеңил, жөнөкөй деп ойлобошу үчүн видеону жарыялагам.

– Жеңил атлетикага кантип келип калдыңыз?

– Алгач мектептер аралык мелдешке барганбыз. Ошол жактан жакшы жыйынтыкка жетип, мен өзүмдү көрсөткөм. Чынында, өзүм деле күткөн эмесмин. Машыктыруучу Александр Мох келип машыгууга баруумду айтты. Ошентип анын жетекчилиги алдында Караколдо машыгып баштадым. Биринчи жолу Кытайда мелдешке катышып, алтын алып келдим. Ошону менен кызыгуум күч алды. Анан Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясына тапшырып, Виктор Борисов менен Татьяна Борисованын жетекчилиги алдында профессионалдык спорт менен машыгып калдым.

– Балалыгыңыз, айылыңыз тууралуу айтып берсеңиз.

– Балалыгым Ысык-Көл облусундагы Каракол шаарынан алыс эмес жердеги Пристань-Пржевальск кыштагында өткөн. Бала кезде дайыма огород, талаа иштери менен алек болчумун. Футболду жакшы көрчүмүн, ар күнү кечинде балдар менен футбол ойночумун.

– 5, 10, 21 же 42 чакырым, сизге кайсы аралыкка чуркаган көбүрөөк жагат?

– Бардык аралык өз жолу менен кыйын, мен үчүн кайсы аралык жеңилирээк экенин айта албайм. Кайсы аралык болбосун сөзсүз түрдө даярдануу керек. Спортто физикалык да, психологиялык абал да өтө маанилүү. Эгер адам физикалык жактан өтө күчтүү болуп туруп, психикалык жактан даяр болбосо аны алдын ала эле утулду дей берсе болот.

– Мелдеште өзүңүздүн рекорд үчүн чуркайсызбы же башка спортчулар менен атаандашасызбы?

– Негизи башка спортчулар менен атаандашам. Бирок баары мелдештен көз каранды болот. Албетте, ар ким өзү каалагандай чуркайт. Ар биринин өзүнүн ченеми жана өзүнүн рекорду бар.

– Башка өлкөлөрдөн келген сунуштардан баш тартып койгонсуз. Бул үчүн өкүнбөйсүзбү?

– Мен эч нерсеге өкүнбөйм. Кандай чечим кабыл алып, эмне иш кылбайын баары бактылуу болуум үчүн болгон.

– Бош убактыңызды кантип өткөрөсүз?

– Балык уулайм. Мага бул нерсе жагат.

– Жолдошуңуз менен кантип таанышып калдыңыз эле? Ал кайсы чөйрөдө эмгектенет?

– Жолдошум жеке ишкер, аны менен студент кезде таанышкам. Экөөбүз 9 жылдан бери эриш-аркак кол кармашып келе жатабыз. Ал менин ар бир чечимимди сыйлап, дайыма колдоп келет.

– Бүгүнкү күндө өлкөдө ар кандай марафондор уюштурулуп, чуркоого кызыгуу өсө баштады. Спортчулар да жакшы жыйынтыктарга жетишүүдө. Муну менен өлкөдө жеңил атлетика өнүгүп жатат десе болобу?

– Албетте, сүйүүчүлөр арасында өнүгүп жатат, бирок профессионалдык спортто эмес. Шаардагы марафондорду дайыма ал жакта жарнамалана турган компаниялар каржылайт. Катышуучуларга чуркап өзүн жеңген жагат. Бул жерде ар бир адам өзү менен өзү атаандашат. Бул адамдын ден соолугуна да пайдалуу. Сүйүүчүлөр арасындагы спорт – бул сергек жашоо образы. Мен муну колдойм. Бирок профессионалдык спорт өнүгүп жатат деп айтууга болбойт.

– Карьераңыздын 10 жылында эмне жоготуп, эмне таптыңыз?

– Ден соолуктан башка эч нерсе жоготкон жокмун, бирок баары калыбына келтирилип жатат. Бул спорттун арты менен чоң тажрыйба топтодум, башка өлкөлөрдү, алардын маданиятын көрдүм, көптөгөн эл аралык мелдештерде жеңишке жетиштим. Кыргыз спортунун өнүгүшүнө салым кошконум үчүн кубанычтамын. Мен өз өлкөмдү сүйөм, башка өлкөлөрдүн чакырууларына макул болбогондугумдун себеби да ушул болсо керек.

– Бакыт деген сиз үчүн эмне?

– Бакыт – бул жакындарың жаныңда жана аларда баары жакшы болгону. Мен үчүн дайыма үй-бүлө биринчи орунда турат.

– Ар дайым бактылуу болуңуз. Маегиңиз үчүн рахмат.

Динара Акимова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 983, 7-13-октябрь, 2021-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан