ДҮЙНӨ ЧЕМПИОНДУГУ: АЙСУЛУУДАН АЛТЫН, ЭРНАЗАРДАН КҮМҮШ

Норвегиянын борбору Осло шаарында 2-октябрдан тартып күрөш боюнча Дүйнө чемпиондугу өтүп жатат. Эркин күрөш боюнча балбандар Улукбек Жолдошбеков, Арсалан Будажапов алгачкы жүрүшүндө эле атаандаштарына жеңилип Дүйнө чемпиондугундагы жүрүшүн токтотушту. Ал эми Алибек Осмонов 65 килограмм салмакта коло байгеге ээ болуп, кыргыз куржунуна бул Дүйнө чемпиондугунун алгачкы медалын алып келди. 70 килограмм салмак ченинде килем үстүнө чыгып, баштапкы атаандаштарын илгиртпей жеңип финалга чыккан Эрназар Акматалиев финалда польшалык балбан Магомедмурад Гаджиевге 2:1 эсебинде утулуп күмүш медаль тагынды. Ал Кыргыз өлкөсүнүн тарыхында эркектер арасында эркин күрөш боюнча алгачкы күмүш медаль уткан балбан болуп калды.

Кыз-келиндер күрөшү. Балбан Айсулуу Тыныбекова финалдык беттеште америкалык Кайла Коллина Кийок Чудону 7:0 эсебинде жеңип, экинчи ирет Дүйнө чемпиону аталып, тарых жаратты. Буга чейин 2019-жылы Нур-Султанда өткөн Дүйнө чемпиондугунда алтын уткан. Ал эми Айпери Медет кызы коло байге үчүн ат салышса, Мээрим Жуманазарова учурда жарым финалга чыкты.

Динара Акимова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 983, 7-13-октябрь, 2021-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан