Мушкер Алтынбек Мамашов 4-октябрда "ACA 130" турниринин алкагында бразилиялык мушкер Элиас Сильвериону нокаут менен жеңип алды. Мушкердин менеджери Марат Бекмуратов бул уюмдун титулун алууга аракет кылышарын билдирди:
“Алтынбектин атаандашын буга чейин эч ким нокаутка учурата алган эмес. Алтынбек нокаут менен утуп сенсация жаратты. Бул Лигада 4 беттеш өткөрүп, анын үчөөсүн нокаут менен утту. Акыркы эки беттеши үчүн 50 миң доллардан бонуска ээ болду. Лиганын өкүлдөрү Алтынбекти абдан баалашат. Буюрса, бул Лигада титулдук беттешке чыгууга аракет кылабыз”,- дейт ал.
Динара Акимова