МУГАЛИМДИН СУМКАСЫНА БАКА САЛЫП... БЕЛГИЛҮҮЛӨРДҮН ЖОСУНСУЗ ЖОРУКТАРЫ

Артка кылчайып айрым жоруктарыбызды эстегенде жүзүбүзгө жылмаюу пайда болот эмеспи. Актёр Камчы Сарыбаев мугалимдин сумкасына бака салып жиберсе, алпаруучу Максат Надырбеков кызга калп эле сүйүүсүн арнаган. Белгилүүлөр жосунсуз жоруктарын эстешет.

Талант Сыдыков, "Баягылар" тобунун мүчөсү: “АДИЛЕТТИ ӨЛҮП КАЛДЫ ДЕП...”

– Бир жолу Суусамырда үйдө отурсам эле Талант (ред.: Асаналиев, кесиптеши) телефон чалып калды. “Тиги Адилетти уктуңбу?” деди. Чочуп эле “эмне болуптур” десем, “ай атаң, жаман болуптур, биз ошол жакка барганы жатабыз” деп эле өчүрүп койду. Ошол замат эле Адилетке чалдым, өчүк, адамдын оюна эмнелер гана келбейт. Өлүп калган го деп ойлодум. Талант дагы ишендирип аябай кейип айтты да. Кайра чалсам албайт. Аманга (ред.: Мамбетакунов) чалсам эле “Таке, келе жатасыңбы, тиги Адилетти уктуң да, ооруканага баратабыз” деп өчүрүп салды. Жеңишбекке (ред.: Жумакадыр) чалсам албай койду. Ай байкушум, өлгөн турбайбы, машина уруп кеттиби, эмне болду деп ар нерсени ойлоп сарсанаа болуп баштадым. Телефондорун такыр албай коюшту. “Адилет өлүп калган го, ушинтип жатышат” деп келинчегиме айтып айылдан шаарга чыга турган болдум. Жолго чыгайын деп жатканда Аман өзү чалып калды. “Эй, эмне болду? Мен шаарга чыкканы жатам” дедим. “Ой, чыкпай эле кой, сасык тумоо болуп эле жатып калыптыр” десе боло. Көрсө, сасык тумоо деле болбоптур. Талант, Аман, Абир үчөө бир жерде чай ичип отуруп “бир жумадан бери Адилеттен дайын жок, өлүп калгандан сообу?” деп тамашалашып сүйлөшүп эле, анан мени тамашалайбыз деп ошону ойлоп чыгышыптыр да. Эки сааттык нервимди алышты. Балдары эмне болот эми деп бир сыйра кейип, ыйлап да алгам. Ал ортодо мен “ушундай болуптур, шаарга чыгып жатам” деп көп кишиге телефон чалып айтып да жибергем. Кылып жаткан жумушумду таштап, шаарга жөнөп алганымчы.

Камчы Сарыбаев, актёр: “МУГАЛИМДИН СУМКАСЫНА БАКА САЛЫП, ДИРЕКТОРДОН ТАЯК ЖЕГЕМ”

– Окуучу кезде бир жолу сабакка даярданбай келдим. Эртерээк да келип алыптырмын, менден тапшырманы сурап жибербесе экен деп кыйпычыктап, эмне кыларымды билбей жатам. Анан эле эже сумкасын коюп эшикке чыгып кетти. Оюма бир нерсе кылт этти. Мектептин алдындагы бакча дайыма ным болуп турчу. Чуркап чыгып бака алып келип, мугалимдин сумкасына салып койдум. Бир маалда эже келип сумкасын ачып эле чочуп кетти. Коркуп нес болуп ыйлаган бойдон эшикке чыгып кетти. Мен акырын карап отурам бери жакта. Мугалимдердин баары чогулуп келип “ким салды?” деп ызы-чуу болуп калышты. Бир маалда директор келип “Сарыбаев, сен салдың, сенин эле колуңдан келет” деп эшикке алып чыгып кетти. Ошентип директордон өлө таяк жегем.

Бала кезде өтө тентек элем. Ар кайсы класстарга көчүп окуйбуз да, класстар ачылбай калсын деп ачкыч салган жерине ширеңкенин чийин сайып салчумун. Анан ата-энемди чакырганга классташ кыздарды жиберет. Ыраматылык апам врач болчу, тиги кыз чыкканда артынан чыгып, "апамды бир жакка чогулушка кетти деп кой" деп коркутуп койчумун. Кыздар мени жаман көздөрү менен карап "жок экен" деп келип калышчу.

Кичинекей кезимде бир жолу байкем үйгө дос баласы менен келди. Келип эле чоң атамдын “тамак ичкиле” дегенине болбой шашып кайра кеткени жатышат. Мага кызык болду, жылуу кийиндим дагы, машинанын арткы орундугуна жашынып отуруп алдым. Экөө алдына отурушту, мени байкашкан жок. Көрсө, байкемдер кыздарга келишиптир. Сыртта сүйлөшкөн үндөрү угулуп жатты. “Машина менен айыл четине чыкпайлыбы” деп калышты. Кыздарды отургузуп жатканда мени көрүп калышты. Байкем “сен эмне кылып жүрөсүң?” деп урушуп, көчүккө тээп туруп айылдын тиги башынан үйгө жөө кубалап жиберген. Суукта үйгө келдим, кайра чоң атама арызданып, байкемди уруштургам.

Максат Надырбеков, алпаруучу: “ДОСУМ ЭКӨӨБҮЗ БИР КЫЗДЫ СҮЙҮП КАЛДЫК ДЕП АЛДАП...”

– Семён Чуйков атындагы Кыргыз мамлекеттик көркөм окуу жайда окуп жүргөндө бир тайпалаш досум экөөбүз сабакта отуруп эле “кел, Айзаданы тамашалайбыз” деп сүйлөшүп алдык. Анан экөөбүз тең жактырып калдык деп айттык. Ошондон кийин бири-бирибизден кызганып “чогуу баспа, жолобо” деп тиги кыздын көзүнчө кызаңдап урушуп кетип жаттык. Эч ким жок жерден каткырып күлөбүз. Окуу жайга келгенде тим эле бири-бирин жек көргөн адамдардайбыз. Ал тайпалаш кыз болсо бизден качып калган. Бир күнү ал кыздын курбу кызы келип “бир кыз үчүн урушпагыла” деп жакшы сүйлөп жатып эле, “ал ушундай, балдарды сүйдүртүп кырылыштырып коёт” деп эле Айзаданы жамандап салса боло. Чыксам досум Айзаданын жанында туруптур. Аны бир аудиторияга алып кирип экөөбүз үстөлдөрдү тарсылдатып мушташып калдык. Образга кирип кетип тамаша экенин айта албай жаттык. Эшикти ачып карасам Айзада тыпылдап качып баратыптыр. Анын жолун тосуп “жүр, тиги балдарды ээрчитип келатат, алдынан чыгалы” дедим. Ал “силер менен окубай эле койбой” деп нааразы болуп алган. Аңгыча баары чогулуп калышты. Досума барып “бас, айталы” дедим. Айзадага барып тамаша болчу дедик. Актёр турбайсыңарбы деп Айзада баш болуп баары күлүштү. Жанагы курбу кызы мени жаман көрүп, кечирбей койду.

Динара Акимова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 983, 7-13-октябрь, 2021-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан