КЫРГЫЗСТАН ОБОНДОРУ 62 СААТТЫК ЭФИРГЕ ЧЫГЫП РЕКОРД КОЙДУ

“Кыргызстан обондору” өлкөнүн алгачкы кыргыз тилдүү “Кыргызстан обондору” радиостанциясы дүйнөлүк рекорд орнотту! Ди-джейлер Арсен Курамаев, Бермет Айдарова жана Абай Темиров 62 саат бою тынбай түз эфир алып барышты. Масштабдуу иш-чара Мамлекеттик тил күнүнө карата уюштурулду. Эфирдин алкагында студияга кыргыз эстрадасынын алдыңкы жылдыздары Гүлнур Сатылганова, Гүлжигит Калыков, Нурлан Насип, Нурмат Садыров, Омар, Арсен жана башка жүздөгөн таланттуулар өнөрлөрүн тартуулап, жандуу ырдашты. Андан тышкары Кыргызстандын ар тармактагы рекордчулары, спортчулар, соцтармактан дүйнөгө таанылгандар эфирдин коногу болушту. Ошондой эле угармандарга кызыктуу оюндар өткөрүлүп, активдүүлөрүнө баалуу белектер ыйгарылды. Айрымдары студияга келип, “Кыргызстан обондорунун” фирмалык белектерине ээ болушту.

Эфир 22-сентябрь, шаршембиде эртең мененки саат 8де старт алып, 24-сентябрь, жумада кечки саат 10до жыйынтыкталды. Бул убакыт аралыгында радионун жалпы жамааты рекорд коюп жаткан 3 алып баруучуну колдоп, 35 сааттан ашык уктабай, кызмат кылышты. Ди-джейлердин айтымында, эфирди алып баруудагы эң оор учур айрыкча таңкы саат 5тен 7ге чейинки аралык болду. Эмоционалдык жактан кыйын болгону менен, келген меймандардын колдоосу, шаңдуу чыгармалары, юморлору, угармандардын соцтармактар аркылуу колдоп-коштогону дем берип, уйку-суроону, чарчоону анча сездирген жок.

Кызыктуусу, эфирге келген коноктор куру кол келишкен жок. Бири палоо көтөрүп келсе, башкасы үйүнөн куурдак жасап, дагы бири атайын тапшырык менен түрдүү даамдарды жеткирип жатышты. Ынтымактуу калкыбыз бирдиктүү экенин эч ким танбаса керек. Чет өлкөдөгү кыргызстандыктар дагы соцтармак аркылуу колдоп-коштоп, жан үрөп турушту. Ушундай толкунданткан учурда патриоттук сезимдер ойгонбой койбойт.

Баарынан толкунданткан учур эфирдин кульминациясы десек дагы туура болот. Бул – акыркы эки саат же 60тан 62-саатка чейинки аралык. Алып баруучулардын чарчаңкы маанайы артта калып, башында көп сезилген убакыттын аз калганы сезиле баштады. Марага жакындагандай сезимдер коштоп, активдүүлүк күчөдү. 2 сааттын ичинде бийлеп дагы, ырдап дагы жатышты. Бул учурда интернет аркылуу түз эфирге назар салып отурган чет өлкөдөгү кыргызстандыктар “чыдагыла, биз силер мененбиз, силердин колуңардан келет” деп коштогону, айрым угармандар эфирдин жыйынтыкталышын көрөбүз деп жумуштарынан чыкпай, кечке чейин кармалганы, керек болсо 72 жаштагы угарман дагы уйкусунан калып, “Кыргызстан обондорун” угуп жатканы эң толкунданткан учур болду. Саналуу мүнөттөр калып, студияга жалпы жамаат кирип келип, эфир шаңдуу маанай, кол чабуулар, куттуктоолор менен жыйынтыкталды. Бирок бул учурда бийик көрүнгөн милдет артта калып, көптөн күткөн, айлап даярданган рекорд көз ирмемде артта калганы көкүрөктө боштукту пайда кылды. Бул учурда ийгиликтин даамын коё бербей тургуң келген сезим менен кошо “биз максатыбызга жеттик” деген өзүнө-өзү канааттанган толкундоолор көөдөндү ээлеп турду. Ушундай аралашкан эмоциялар өзгөчө толкундантып, 3 күн, 2 түн бою максаты бир болгон кесиптештердин көзүнөн ийгиликтин нуру тамды. Кубаныч, катуу айтканда, мактаныч, Эверестти багындыргандай сезимдер сөзсүз түрдө көздөн жашты тамызат экен.

Эске салсак, буга чейин 2015-жылы орусиялык «Русское радионун» ди-джейлери 60 сааттык эфир алып барып, “Гиннесстин рекорддор китебине” катталган. Андан кийин ушул эле жылы “Кыргызстан обондору” радиосу 61 саат тынымсыз эфир уюштуруп, “Улуттук рекорд” деп аталып, рекорд жаңыланган.

62 сааттык дүйнөлүк рекорд Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгынын урматына жана Эне тил күнүнө карата өткөрүлдү. Эфирге чыккан алып баруучулар менен маек курдук.

– 62 сааттык эфир учурунда “рекордго катышпай эле койсом болмок экен” деген өкүнүч болдубу?

Арсен: – Ачык айтканда, үчөөбүздө тең мындай ойлор такыр болгон жок. Кесиптештердин, жетекчилердин, келген меймандардын жана эң башкысы – угармандардын жылуу сөздөрү, ишеними андай ойду жараткан жок. Узак убакытка созулган түз эфир эмоционалдык жактан абдан оор болду. Уйкусурап жатканда артыбызда турган кесиптештер чуркап келип укалап, келген меймандар «этсиреп кеттиңер окшойт» деп тамак алып келип, угармандар топ-топ болуп белек-бечкектерин көтөрүп келгенин көрүп алып ушундай сүйүнүп, шердендик.

– Рекорд маалындагы кызыктарга токтоло кетсеңер...

Бермет: – Кызыктар абдан көп болду. Бирок мен үчүн эң кызыктуусу – бул организмдин ушунча уйкусуз сааттарга болгон реакциясы. Буга чейин уйку бир эле келет деп ойлочумун. Бирок 62 саат аралыгында аны башкарууга мүмкүн экенин билдим.

– Рекорд бүткөндөн кийин эң биринчи ким чалып куттуктады?

Абай: – Негизи көп адамдардан колдоо сөздөрү келип жатты. 62 сааттык рекорд орнотулары менен үчөөбүзгө тең эле биринчи чалган бул биздин ата-энелерибиз болду. Жеке мага апам чалып «жарайсың, балам!» дегени өзгөчө эсимде калды. Апам рекорддун жүрүшүндө мени менен дайыма байланышта болуп, уктаган жок деп ишеничтүү айта алам. Андан кийин куттуктап чалгандар аябай көп болду. Бирок мен дароо телефонду өчүрдүм да, уйкуга кеттим.

– 3 сутка бою уктабай эфир алып бардыңар, эң оор канчанчы сааттар болду?

Арсен: – Биз эфирди 2 түн, 3 күн тынымсыз алып бардык. Бул убакыт ичинде биз үчүн эң оор таңкы саат 5тен 7ге чейинки аралык болду. Уйкунун эң таттуу бөлүгү ошол убакыт окшойт.

– Командада канча адам болду?

Бермет: – «Кыргызстан обондорунда» жалпы 11 адам эмгектенет. Рекорд учурунда үчөөбүз эфирге чыгып, жетекчи баш болуп калган 8 кызматкер көп адамдын ролун аткарып иштеп жүрүштү. Биздин көзүбүздү карап, кичинекей баладай эле бөпөлөп жатышты.

– Келген меймандардын кайсы белеги өзгөчө эсте калды?

Абай: – Көпчүлүк меймандар бизге энергетикалык суусундуктарды алып келип жатышты, чын дилимден рахмат айтам. Бирок дал ошол сыяктуу суусундуктарды биз такыр ичкен жокпуз. Ал эми өзгөчө белек катары мен угармандардын өзгөчө чеберчилик менен жыгачтан жасалган чоң саатын айтат элем. Жалпылап айтканда, ар бир коноктун бизге берип жаткан жакшы энергиясы баа жеткис белек болуп жатты.

– Рекорд маалында эмнелерге тыюу салынды?

Арсен: – Бизди 62 саат бою камерага да тартып жатты. Ютуб каналыбыздан атайын байкап, сынап көргөндөр абдан көп болду. Эң биринчи эле студиядан бейчеки сыртка чыгууга болбойт экенин дароо билдик. Мындан тышкары энергетикалык суусундуктарга, кофе, шекер кошулган азыктарга тыюу салынды.

– Рекорд коюлгандан кийин уктагандан тышкары эмне кылгыңар келди?

Бермет: – Уктагандан сырткары дагы уктагым келди. Тамаша. Тескерисинче, уйку 8-9 саатта эле канып калды. Социалдык тармактардан келген каалоо-тилек, куттуктоолорго толугу менен жооп берип, ата-энем менен шашпай ысык чай ичип, алардын жылуу сөздөрүн угуп, өзүм кызыктуу учурлар менен бөлүшкүм келди.

– Негизи өзүңөрдүн туюмуңарда дагы канча саат уктабай чыдай алат элеңер?

Абай: – 62 сааттык рекорддун орнотулушуна саналуу сааттар калган, аябай кыйнала баштадык. Ошол учурда 62 саат чыдасак эле болду деп жатканбыз. Бирок рекорд орнотуларына бир саат калганда өзгөчө энергия жана күч пайда болду. Камчы Сарыбаев байкебиз «силер 70 саат ойноп эле отуруп коёсуңар» деди эле. Рекорд бүткөндөн кийин чын, мүмкүн экенине көзүбүз жетти. Жеке мен 70 саат чыдамакмын.

– Келген меймандар, атактуулардын арасынан өзгөчө дем-күч берген кимдер болду?

Арсен: – Бул ири долбоорубузга 100дөн ашык атактуу шоу-бизнес өкүлдөрүн, спортчуларды жана ар тармактагы рекордчуларды мейманга чакырганбыз. Мындан мурун эфирлерге ырчыларды чакырганда бир азга кечигип келишчү. А бул жолкусунда алар жоопкерчиликти сезип, кечикпей өз убагында келип беришти. Өзгөчө колдогон атактуулардан Камчы Сарыбаев болду. Аш демдетип, кеңешин айтып, аягына чейин биз менен чогуу болду. Анан дагы Гүлнур Сатылганова менен болгон эфир мага өзгөчө таасир калтырды. «Эмнеге жаныңарды кыйнайсыңар, ден соолугуңар эмне болот?» деп, энелик мээримдүү көздөрү менен улам-улам карап сарсанаа болуп жатты.

– Эгерде кайрадан ушундай сунуш түшсө макул болот белеңер?

Бермет: – Ойлонбой макул болмокмун. Ооба, 3 күн, 2 түн жөн эле уктабай эмес, түз эфирде шоу жаратуу оңой эмес. Бирок ошондогу эмоция, кайталангыс сезимдер, жакшы иштин түйшүктөрү жагымдуу болот экен. Мен үчүн 62 саат өзүмө болгон чоң саякат болду. Ошол саякатты мүмкүнчүлүк болсо улантмакмын.

– Идея кайдан жаралды, анан эмне максатты көздөп рекорд орноттуңар?

Арсен: – Быйыл август айында «Кыргызстан обондорунун» кызматкерлеринин бардыгы эс алуудан келип, чогулушта күзгү, жаңы сезонго даярданып отуруп, жетекчибиз “бул күздө биз чоң жаңылык жаратышыбыз керек” дегенде дароо эле көпчүлүгүнө рекорд коюу идеясы келди. Ошентип, эгемендүүлүктүн 30 жылдыгынын урматына, Эне тил күнүнө карата 62 сааттык дүйнөлүк рекордду коюп калдык.

Чындыгында, бул рекордго көп ди-джейлер чыгууну каалашкан, бирок жетекчиликтин сунушу менен үчөөбүз тандалдык.

Дүйнөлүк рекорддун башкы максаты – кыргыз тилинин улуулугун, бай экендигин, кооздугун дүйнө жүзүнө жарыялоо болду.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
aliya-leyla
2021-10-11 22:35:17
азаматтар
0
№ 983, 7-13-октябрь, 2021-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан