«ЫРЧЫ ТАГДЫРЫМДЫ ТАЛКАЛАДЫ»

Тагдыр

“Аял кара күч жагынан алсыз болсо да, анын жан дүйнөсүндөгү күчтүн улуулугуна ар дайым башымды ийип келем” деген экен бир улуу инсан. Ошол алсыз аялзатынын бири жардамга, колдоого муктаж болуп келгендиктен, биз анын тагдырына кайдигер карай албадык. Редакциябызга келген 17 жаштагы кыз жана анын эжелери бул баянды айтып отурушту.

КЫРГЫЗЧЫЛЫК, АЙ, КЫРГЫЗЧЫЛЫК...
Сөздү биздин каармандын эжеси Бейшебүбү баштады.
– Бул менин бир тууган инимдин кызы. Бирок кичинесинен чоң ата-чоң энесинин колунда чоңойгон. Ошон үчүнбү, биз Чолпонду инимдин кызы катары эмес, бир тууганыбыздай көрөбүз. Ата-энеси Ат-Башыдагы Ак-Сай жайлоосунда мал багып, тоодо жашашат. Чолпон чоң ата-чоң энесин карап Нарында турчу. Быйыл мектепти бүтүп, Нарындын Педагогикалык колледжине өткөн. Үстүбүздөгү жылдын 28-июль күнү бир жигит келип, “атаң тоодон бир нерсе берди эле, алып кет” деп алдап сыртка чыгарат. Анан эле топтошкон балдар ала качып кетишет. Кызыгы – мындай ишти катардагы адам эмес, искусствонун адамы делген филармониянын ырчысы жасап жатканында.
Алгач чуру-чуу түшүп аркасынан жетип бардык. Ошондо эле жигиттин апасына: “Биздин кыз силерге бүлө болуп кете албайт. Өзүнө тең, шаарда окуган, өзүн түшүнгөн аял алсын. Бекер кыйнап коёсуңар”,- дедим. Апасы: “Кыз чын эле жаш. Өзүм окутуп, тарбиялап алам. Болгондо да Бишкектен окутам. Шагымды сындырбай таштап кеткиле”,- деп өз оозу менен айтты. Анын үстүнө энебиз жактан тууганчылыгыбыз бар эле. Алдыбызга түшүп туруп алганынан кыя албадык. Кызыбызды калтырып келе бердик.
Кийин уксак, иш мындай болуптур. Биздин ырчы күйөө бала өзүнө тең, жактырган кызды Бишкектен ала качып келет. Ал токтогулдук кыз экен. Эмнеге экенин ким билсин, айтор, ал кыз отурбай коёт. Ата-энесин чакыртып, ызы-чуу салып, акыры кетип калат. “Мал союлуп, дасторкон жайылып калды. Эми уят болобуз” деген кыргызчылыгыбыз бар го. Ошонун айынан башка кызга жоолук салмай болушат. Анан бирөө Алтынбекке мектепти жаңы бүткөн кыздардын виньеткасын алып келе салат. Алардын ичинен биздин кыздын сүрөтүн көрсөтөт. Анан минтип ала качып кетип жатпайбы! Анысына деле макул. 17ге эми чыккан кызды ала качып алгандан кийин баркына жетсе го?! Эки ай өтпөй күйөө бала кылыгын көрсөтүп отурат.
Ара жолдо калган кызыбыздын тагдыры бизди ушул жерге жетелеп келди. Эмне үчүн кимдир бирөөнүн айынан айнектей кыздын тагдыры талкаланышы керек? Биз күйөө баланы көп издедик. Бирок жашырынып, жолукпай койду. Эгерде биздин алдыбызда жооп бергиси келбесе, анда эл алдында жооп берсин.

«СӨЗҮ МЕНЕН ДА, КӨЗҮ МЕНЕН ДА ЫЛДЫЙ ЭКЕНИМДИ БИЛДИРЧҮ»
Эми Чолпондун өзүнө сөз берсек. Чолпон, турмушка чыккандан кийинки тагдырың кандай болду?
– Үйлөнгөндөн кийин эле мага күйөөмдүн анчалык көңүлү жок экенин сезгем. Бирок жашап кетебиз деген үмүтүм бар болчу. Той болгондон кийин ал Бишкекке кетти. Батир жагын, башкасын караштырам деген. Кайра келип мени алып кетти. Алгач бир досунун үйүндө жашап жүрдүк. Күйөөм мага таптакыр эле көңүл бурбайт. Кайда кеткенин, эмне кылып жүргөнүн айтчу эмес. “Айткан менен сенин мээң эч нерсеге жетпейт” дечү. Сөзү менен да, көзү менен да өзүнөн ылдый экенимди билдирчү. “Мен жабышып тийген жокмун да. Ала качып алдың эле го?” деп ичимден ызаланганым менен, сыртыма чыгарып эч нерсе айта албайт элем. Балким, чын эле жаштыгымдан, жооштугумдан чыгар. Билбейм, эже, аябай кыйналдым. Жанымдан кечип кетейин деген да ойлор болду.
Чолпон андан ары сөз айта албай жашып кетти. Сөздү кайрадан эжеси улады.

«КҮЙӨӨ БАЛА АЙЛАП ҮЙДӨ ЖОК БОЛЧУ ЭКЕН»
– Күйөөсү көп күн келбегенден кийин досунун аялы “күйөөң кылбай жаткан жакшылыкты мен кылып, үйүмө жашаттым” деп кууп чыгыптыр. Бул байкуш Бишкекти билбесе эмне кыла алат? Акыры ошол чырдан кийин күйөөсү келип бир жер төлөдөй болгон батир таап киргизип коюп, өзү кайрадан бир айлап, эки айлап жок болот. Чолпондун же акчасы жок. Телефонунун симкасын күйөөсү алып алыптыр. Ошентип, Чолпон бизге чала албайт. Акыры жанынан кечип, өлөм деп жатканда бир кыз жолугуп калып, акылын айтып, үйүнө ээрчитип кетиптир. Ошол кыздын жардамы менен бизге кабар жетип, түнү менен жол жүрүп, кечээ келдик.
Жаткан жерин, турмушун көрүп зээнибиз кейиди. Бул дагы бирөөнүн кызы да! Тиги жакта чоң ата-чоң энеси ушунун тагдырына күйүп отурушат. Кайнатасына барып “бул эмне деген жорук?” десек, ал уулуна сөзү өтпөстүгүн айтты. Күйөө баланын акыркы сөзү “сен мага тең эмессиң, мен сени менен жашабайм” дегени болуптур. Үйлөнүп жатканда анын көзүн байлап коюптурбу бирөө?

«ЧЫГАРМАЧЫЛ АДАМДЫ ТҮШҮНБӨЙТ ТУРА»
Сөз ким жөнүндө болуп жатканы сизге кызыкпы, окурман? Бизге да кызык болду. Көрсө, ал мырза филармониянын ырчысы Алтынбек Каленов деген жигит экен. Бул жигит “Эл ырчысы Эстебес” тобунда ырдап жүрөт. Талантында шек жок деңизчи. Бирок...
Бул макаланы жарыялаардан мурда айтылуу жигиттин дарегин таап байланышып, редакциябызга келип кетүүсүн өтүндүк. Бирок шаардан алыс экенин айтып баш тартты. Ал ортодо Алтынбектин достору, айрым адамдар телефон чалып жиберишти. Алардын айтымында, Алтынбек анчалык деле таш боор адам эмес.
Баамымда, бул жигит досторунун алдында кадыр-барктуу, ­алымдуу жи­гит болсо керек. Биз досторунан да Алтынбек келип кетсин деп айттырдык. Бирок эртеси биз чалган телефондор өчүрүлгөн болуп чыкты. Алтынбек менен интервью болбосо да, телефон аркылуу сүйлөшкөн сөзүбүздү жарыялап коюуну туура таптык.
– Эже, мен шаардан алыста жүргөм. Бул жерде чоң деле маселе жок. Болгону, чыгармачыл адамдарды көп жерден түшүнбөй калышат тура. Шайлоо менен алыс жерлерде жүрүп калсам ушул чыр чыгып кеткен экен. Эртең барып сүйлөшөм го...

Нуржамал Жийдебаева
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (85)
firoz
2010-11-25 20:41:16
Жап жаш кызды алып баркына жетпеди, ошол кыздын коз жашына каларын билет болду бекен ал жигит. Чолпонго ийгилик,бакыт каалайм.
0
tumarchik
2010-11-25 23:03:30
Мен дагы бир жолу айтаар элем. Кыздар Тийгенге чеин тили жок тийгенден кийин аждаар-кобра деген созго мурда маани берчу эмес элем, озумдун шукурамдан откондон кийин 100% ушул макалга ынандым. Эй балдар кыздар балдарга караганда ото тулку болушат уйлоноордо абайлап уйлонгуло омур бою окунуп калбагыла анан 2-3 балалуу болгондон кийин кобрадан кутулайын деп ажырашып кутулганынар менен балдарынарга кыйын болот. Арман-арман-арман
-1
Baku
2010-11-26 18:52:24
Алганга чейин алтыным алганда кийин катыным!
+1
Alaybek
2010-11-26 18:57:29
Жигитте эле эмес куноо. Куноо баарында, жигитте, кыздын озундо, таштап кеткен туугандарында. Эн чон куноо алып качып кеткен жигитте,биз азыр 21. кылымда жашап атабыз, муну унутпашыбыз керек, экинчиден кызда куноо, себеби дегенде, ал кетем десе, туугандары калтырмак эмес, андан кийин туугандарында куноо, туугандары да, кыздын озу да таанымал жигит, каражат жагынан жашоодо кыйынчылык болбойт деп ойлогон ошон учун кыз бул жигитке турмушка чыгууга макул болгон. Кыргызстанда азыркы учурда жашоо ото э
0
Alaybek
2010-11-26 18:58:27
Кыргызстанда азыркы учурда жашоо ото эле начар, элдин баары эле эптеп каражат проблемасын чечсем, акча тапсам деп калган, ошондуктан, куноо бул адамдарда эле эмес, биздин "креслодо" отургандарда да бар. Жашоо шартыбыз жакшы болуп, каражат жагынан ар ким тейленип турганда, мындай окуялар да аз болмок.
0
shishka
2010-11-30 18:50:06
beishebubu eje kysdy tashtaardan murun oilonboisunarby.albette altynbek ui bulosuno birinchi kamdy korup anan kalp shailoobu chyn shailoobu ketish kerek ele.emne uchun altynbek el aldynda joop berish kerek?bul degen jeke turmush.kyzdyn aldynda tuuganchylyk dep kyja albai tashtap kettik degen siler joop berishiner kerek.sim karty jok je telefonu je bishkekti beilbegen kysdy kandai kyz dep elestetse bolot.
0
shishka
2010-11-30 18:53:04
myndai kyz menen jogoruda aitkan kim tumarchik bele jashash oto kyjyn.demek kyzdyn dengeeeli oto tomon.jash kyz dep boorung ooruit birok kyzdar ozuloru da kuioosu yrchyby taksistbi tatyktuu bolush kerek.
0
elkaelka
2010-12-11 23:08:13
bul yrchyny taanybait ekem.bizdin saltty koiup but zakonno kylysh kerek.a esli kyz chon depressiyaga uchurasachy,kim kunoolu?
0
funtik
2010-12-15 16:31:49
адам эмес экенго сага окшогон эркектер бул дуйнодо жок болуп кетсин.
0
Batken
2011-01-29 23:42:17
Албетте Чолпондун тагдыры кайдигер калтырбайт,салт деп шылтоо кылбай,ушундай жоруктарды алдын алуу жана болтурбоо учун кылмыш жана жазык кодексиндеги тиешелуу беренелерге толуктоолорду киргизип коюшса,Чолпон эмне учун кучтуу адвокат жалдап,соттошуп моралдык жана материалдык компенцсация ондуруп ал жана аябай эле чон суммадагы акча талап кыл !
0
mishadjan
2011-01-30 16:05:19
Алтынбек адам эмес ит экенсин.Мындай болсон копко узабайсын.
+2
bosia
2012-03-01 00:53:08
Кебетеси деле укмуш эмес экен го Алтынбектин. Озун "пуп земли" сезип алган бир п.......с ко
+5
urmat_88-kg
2013-11-17 19:35:57
Адам деген аттан айлан. Бул озун жылдыз сезип алса керек да. Жылдыз эмес сендейлер чыракча да жоксун. Айла жок ушуну айтам ак никеде Берген убадан урсун сени.
0
admin_superstan
2014-01-15 11:29:35
feruz1 - 3 күнгө БАНга!
Кимдир-бирөөнү мазактоого, кемсинтүүгө жол берилбейт!
0
tynyjumi
2014-05-04 06:45:27
Ушунун баарын Алтынбек окуду бекен....? Окуса озунун акмак экенин сезди бекен
+1
№ 420, 19-25-ноябрь, 2010-жыл.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан