11-ОКТЯБРДАН 17-ОКТЯБРГА ЧЕЙИН

КОЙ (21.03-20.04)

Апта башында иште көрө албастардын терс мамилелери күтөт. Колдоо көрсөтө алган адамдарга жакын болуңуз. Апта ортосунда шамдагай болуп чыга келип, иштериңиз шыр бүтөт. Новатордук идеяңыз жетекчиликтен колдоо табат. Апта акырында унаа, мал алам дегендердин тилеги ишке ашат. Ден соолук үчүн сейилдөө, скандинавия басыгы да пайдалуу экенин эске алыңыз.

БУКАЧАР (21.04-20.05)

Эркти муштумга чогултуңуз да киришиңиз, чыгармачыл энергетика иштерде ийгилик жаратууга жардам берет. Өзүңүздү өзүңүз сындап жей бербей, майда каталарыңызга кол шилтеңиз. Алдыда жашооңузда болор өзгөрүүгө даяр туруңуз. Акчаңызды коротпоңуз, жакында ири сумма керек болот. Күтүлбөгөн жолугушууга кез келүүңүз мүмкүн.


ЭГИЗДЕР (21.05-21.06)

Акча топтоого умтулуу, сүйүктүү болууга дайыма далалаттануу, чыңалып иштөө... Мунун баары ден соолугуңузга зыянын тийгизерин эске алып, чектен ашпаңыз. Жаңы таанышыңыз жашооңузда мындан кийин чоң роль ойномокчу. Акчалуу болосуз. Унутулган окуя кайра козголуп, анын себеби боюнча пикириңизди керектүү адамдарга кайрадан айтып бересиз.

БӨЙӨН (22.06-22.07)

Акылмандык менен бир иштен пайда табасыз. Андыктан каржыңыз туруктуу болот. Жеке жашооңуз да жайында болмокчу, үйдөгүлөр кандай болгон күндө да сизди колдоорун иш жүзүндө тастыкташат. Позитивдүү ойлонуп, келечекке мыкты план түзүңүз. Карыздарыңызды кайтарып бериңиз же банктан алган насыя акчаны мөөнөтүнөн эрте төлөп кутулууга жетишиңиз.

АРСТАН (23.07-23.08)

Чөйрөдөгүлөрдү далалат жана жетишкендигиңиз менен жашоо үчүн абдан күрөшчүл экениңизге таң калтырасыз. Иште анча чоң эмес көйгөй жаралат. Жетекчилик сиз ойлогондой болбой, сыртын салат. Баарын ичиңизге жутуп тим туруңуз, баары кайра өз ордуна келет. Жакындарыңыз материалдык жардам көрсөтүшөт. Үйүңүздө кээ бир буюмдарды жаңыртасыз.

БИЙКЕЧ (24.08-23.09)

Кежирленип, планыңызды бузуп, башка ишке кол сунасыз. Ийкемдүү болуп керектүү адамдын тилин таба алсаңыз гана ишиңизди бүтүрө аласыз. Айрым адамдар менен мамилелер бузулат. Кимдин канчалык күнөөлүү экендиги жакын арада билинет. Унаа, сапарга чыгуу, документ көйгөйлөрү чыгышы ыктымал. Сизди кызыктырган кайсы бир сыр ачыкка чыгат.


ТАРАЗА (24.09-23.10)

Жумушта тез арада бүтүрүлүүчү иш тапшырылат, паникага түшүп, ары-бери бүтүрө салам дебеңиз. Ката кетирип кайра башынан жасооңузга туура келип калат. Сүйүктүүңүз менен мамиледе кризис күтүлүп, андан чыгуу жолдорун ойлоносуз. Уурулар жана шылуундар активдешет. Сак болуңуз. Ашыкча тамактануудан, спирт ичимдиктеринен баш тартыңыз.


ЧАЯН (24.10-22.11)

Чыгармачылык, аны менен кошо жаңы идеяларга таасирленүүчүлүк ойгонот. Социалдык сайтта блог, тайпа түзүңүз, же өз бизнесиңизди түптөңүз. Кызмат романын түзгөнгө жетпеңиз, аягы жакшы болбойт. Күз көп энергияны талап кылат, андыктан жакшыраак тамактануу кажет. Үйдөгүлөрдүн ар кимиси өз милдетин аткарса жүгүңүз жеңилдээрин эске алыңыз.

ЖААЧЫ (23.11-21.12)

Жетекчиликке иштөө шартын жакшыртуу, эмгек акыны жогорулатуу талабы менен кайрылууңуздар мүмкүн. Түйшүктөр чарчатып жибергенин байкайсыз. Эс алыңыз, көңүл ачыңыз. Жакындарыңыз менен тил табышуу кыйындайт, алар менен жай отуруп сүйлөшүп, абалды оңдоп кетүүңүз кажет. Каржы, чарба маселелери жакшы жагына чечилет.

ТЕКЕЧЕР (22.12-20.01)

Бирөөлөрдүн сөзүнө ишенип, жардамга муктаж таанышыңызга кол сунгандын ордуна көңүлүн калтыруудан сактаныңыз. Үйдөгүлөрдүн айткандарын аткарбасаңыз алар мурдагы талаптарынан баш тартышпайт. Таанышыңыз чоң, жакшы иштерге шыктандырып, дем берет. Кайсы бир маселени чечүүдө адиске кайрылууңуз ыктымал. Оңой акча табууну сунуштагандарга кошулбаңыз, жооп берип каласыз.


СУУ КУЯР (21.01-19.02)

Колго алган ишиңизге баш-отуңуз менен кирип, башка нерсеге алагды болгуңуз келбейт. Жыйынтыкка жетүү үчүн тажрыйбадан тышкары ийкемдүүлүк керек. Бойдоктор мамиле түзүүгө кол сунган адамынан азырынча жооп ала албайт. Баарын таразаламайын анын так жооп бериши күмөн. Жакшы жаңылык алып келүүчү чакырылбаган конокторду күткөнгө даярданыңыз.

БАЛЫК (20.02-20.03)

Жашоодогу ашыкча нерселерден мисалы, үйдөгү, иштеги шкафтагы эски буюмдардан, телефондогу керексиз номерлерден, компьютердеги фотоархивден арылыңыз. Чет тилин үйрөнүп жатып жарым жолго таштадыңыз беле? Улантыңыз. Иште тартипти сактап жакшылап иштеңиз, көбүрөөк акча табууга ыңгайлуу учур. Тууралыгынан күмөн санасаңыз чечимдерди кабыл албаңыз.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 983, 7-13-октябрь, 2021-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан