Убагында 40 жолу ири беттешүүгө чыгып, анын 31ин нокаут менен уткан мушкер ошентип, бир жарым саат каалаган оюнчу менен беттешүүгө даяр. Уткан адам миң доллар байгеге жана Леннокс Льюисти "нокаутка" учураткандыгын далилдеген сертифакатка ээ болот.
Эскерте кетсек, Леннокс учурда 41 жашта жана бир кезде рингге Виталий Кличко менен чыгып аны утканы, Эвандер Холифилд менен тең чыкканы бар. Эң чоң ийгилигинин бири болуп 1988-жылы Сеулда өткөн Олимпиадалык оюндарда алтын медалы эсептелет. Ал эми беттешүүсүнүн эң кызыгы Эндрю Голота менен беттешүүсү болгон. Анткени, 95 секунд дегенде эле Леннокс аны рингге жыга койгон. Утулууларынын катарына АКШлык Оливер Макколдон бир ирет жеңилгенин кошсок болот.
(Макаланын толук вариантын «Супер-Инфо» гезитинен окуңуздар).