АТАКТУУЛАРДЫН ТАТУИРОВКАЛАРЫ

Татуировка бул “теринин алдына боёк киргизип, денеге өчпөгөн сүрөт тартуу” дегенди билдирет. Мындан бир нече кылым мурун эле денесине татуировка тарттырган адамдарды кезиктирүүгө мүмкүн эле. Ырас, алар кооздук үчүн эмес, башка уруулардан айырмаланыш үчүн тарттырышчу экен. Татуировка алгач Португалияда пайда болуп, кийинчерээк дүйнөнүн бардык булуң-бурчуна тараган. Татуировканы цивилизация өнүгө баштаган учурда замандаштарыбыз ар кандай денесиндеги тактарды же болбосо өтө байкалуучу меңдерди жашыруу үчүн тарттырышчу. Ал эми азыркы убакта бул нерсе жөн гана модага айланды десек болот. Учурда аты дүйнө жүзүнө таанымал инсандар дагы кандайдыр бир себептер менен денесине түбөлүктүү сүрөт тарттырышат экен. Анда дүйнө жылдыздарынын кээ бирлеринин тулку боюндагы татуировкалар аркылуу катылган сырларына сапар тарталы...

БРИТНИ СПИРС
Күтүлбөгөн кылык-жоруктарды кыла коюп, дүйнө жүзүн дүңгүрөткөн сенсацияларды жаратуунун чебери болгон ырчы Бритни Спирс денесин кооздоо жагынан куру калбаптыр. Анын белинен ылдыйраак бөлүгүндө кичинекей өлчөмдөгү периштенин сүрөтү тартылган татуировкасынын бар экенин билсеңиз керек. Бирок, эмне үчүн жана кайсыл убакта тарттыргандыгы жөнүндө ырчы ушул күнгө чейин эч кимге сырын ачпай келет. Ошондой эле мурунку күйөөсү Кевин Федерлайн менен ажырашканда аны унутпоо максатында тарттырган татуировкасы да бар экен. Андан тышкары, ырчынын санында, бутунда, бутунун манжаларында, алардын катарында, моюнунун арт жагында “мэм”, “гэй” жана “рэйш” деген Кудайдын аты жазылган татуировкасы да бар. “Бритни реабилитациялык клиникага кайрылуу алдында чачын таптакыр алдырып, колунун билегине ооздун сүрөтүн чагылдырган татуировка тарттырган” деп да айтып жүрүшөт.

АНЖЕЛИНА ДЖОЛИ
“Менин денемдеги татуировкалар жашоомдон алынган үзүндүлөрдү түшүндүрөт”,- дейт бул тууралуу белгилүү актриса Анжелина Жоли. Алгачкы жолу Тайланддан тарттырган татуировкасынан кийин актрисанын иштерин ийгилик коштоп, кийинкилерин да тарттырууга түрткү болгон. Ийининдеги рим саны менен жазылган “13” саны кээ бир ырымдарга ишенбегенин билдирсе, белинен ылдый тартылган ажыдаардын сүрөтү актрисанын көп саякаттаарынан кабар берет. Андан тышкары, бир тууганы Жеймс Хэвендин урматына колуна “h” тамгасын бастырган эле. Белинде Азия жолборсунун, моюнунун арт жагында “өз укугуңду бил”, курсагында “мен эмнени жесем, ал мени жейт” деген сөздөр жазылган. Далысынын сол капталындагы беш катарга тизилген түшүнүксүз сөздөрдү Анжелинанын кырсыктан сактоочу тумары катары биле берсеңиз болот. Сол колундагы мурунку жолдошу Билли Боб Торнтондун аты жазылган татуировканынын ордуна төрт баласынын төрөлгөн жерлеринин географиялык жайгашуусун тарттырып алган.

ДЕВИД БЭКХЕМ
Денесин чектирип сүрөт тарттыруу кандайдыр бир деңгээлде денсоолукка зыян экенине карабай сергек жашоо образын тандаган спортчуларга чейин бул нерсеге кызыгышат. Татуировкалардын түрлөрүн атактуу футболист Дэвид Бэкхемден дагы кезиктире алабыз. Моюнунун арт жагындагы канаттуу крестти балдарын жамандыктан коргоочу тумар катары тарттырган экен. Ал эми далысында болсо колдоочу периштенин сүрөтү бар. Атактуу италиялык скульптор Микеланджелонун жараткан скульптураларынын бирин үйбүлөсүн коргоочу талисман катары оң колуна тарттырган. Андан тышкары, үйбүлөсүн сүйгөн­дүгүн аныктап, балдары Бруклин менен Ромеонун аттарын хинди тилинде далысына, сол колуна жубайы Викториянын атын жаздырып алган.

ПИНК
Денесинен бош орун калтырбай татуировкалардын түрүн тарттырууну адат кылып алган атактуулардын арасына белгилүү ырчы Пинк менен жолдошу Кэри Хартты да кошсо болчудай. Анткени, алардын денелеринин дээрлик бардык бөлүктөрүнөн кара түстөгү оймо-чиймелерди кезиктирүүгө болот. Бирок, “эч кандай жазуу түрүндө жана бир нерсени түшүндүрүүчү белгилери жок болгондуктан, кыязы, кооздук үчүн гана тарттырган окшойт” деген ой кетет.

ТОММИ ЛИ
Рок-музыка жаатынан жылдызы жанган атактуу музыкант Томми Линин денесин көргөндө колуна калем кармаган кичинекей баланын жанына уктап калып, наристе анын денесине сүрөт тартып ойногондой көрүнөт десем жаңылыштык болбосо керек. Татуировкаларынын көптүгүнөн алардын санын эмес, кайсынысы эмнени түшүн­дүрөөрүн ажыратуу да мүмкүн эмес. Антсе да Томми атактуулар арасында татуировка жаатында алдыңкы орунда тураары талашсыз. Айта кетчү нерсе, Томми денесиндеги татуировкалардын ар бирин тарттырууда бир топ жапа чегип, гепатит оорусуна да кабылган. "Мен тарттырган татуировкаларымдан эч уялбайм, тескерисинче, сыймыктанам, денемдеги ар бир сүрөт мени башкалардан айырмалап, өзгөчөлү­гүмдөн кабар берип турат",- дейт Томми.

ПАМЕЛА АНДЕРСОН
Белгилүү киножылдыз Памела Андерсон дагы турмушунда татуировка тарттыруу дүйнөсүнөн куру калган эмес. Эң кызыктуусу, Памела мурунку күйөөсү Томми менен баш кошкондо жубайлар нике шакегинин ордуна татуировка менен ортоңку манжаларына эн басышкан болчу. Андан кийин алар бири-биринин аттарын билектерине жазып, түбөлүктүү так калтырууну чечишет. Үйлөнүү тоюнан кийинки бал айы учурунда тез эле тату салонуна кайрылышкан. Тилекке каршы, бир эле ийне менен экөөнө тең тарта бергендиктен, Памела жугуштуу ооруга кабылат. Кийинчерээк Томми менен тил табыша албай ажырашып кетишкен эле. Томминин атын өчүрүү үчүн Памела ал сөздүн баш тамгасын өчүрүп, “Момми” деп оңдоткон экен. Которгондо “энекем” дегенди түшүндүрөт.

РОББИ УИЛЬЯМС
Татуировка бастырууну кээ бир жылдыздар эми гана баштаган болсо, кээ бирлерин бул нерсе тажата баштаптыр. Алардын катарына британиялык ырчы жигит Робби Уильямсты кошсо болот. Денесинин жарымын эле каптаган калың боёктон тартылган сүрөттөрдүн саны азыркы күндө жыйырмадан ашат. Алардын ар бирин 300 доллардан кем эмес акчага жасаткан эле. Бир аз күндөн кийин сүйүктүү ырчыңыз Робби өз денесиндеги татуировкаларды тазалатуу үчүн опперация жасатканы жатат. “Бул менин татуировкага болгон көз карашымдын өзгөргөнүн түшүндүрбөйт, жөн гана таза денемди көргүм келди”,- дейт бул тууралуу Робби.

50 CENT
Атактуу рэппер 50 Сent да татуировка сүйүүчүлөрдүн бири. Анын моюнунун сол тарабында “Beau” деп чоң энесинин аты жазылган болсо, денесинин ички капталынан Иса пайгамбардын атын жана сүйүү тууралуу сөздөрдү окууга болот. Андан тышкары, сол колунда жана далысында чоң өлчөмдөгү “50” эмблемасы чагылдырылган. Ал эми белинен болсо “Суук дүйнө”, сол ийининен “Периште”, курсагынын ылдый жагынан “Сүйүү жана жек көрүү” деген сөздөрдү кезиктирүүгө болот. Андан тышкары, чоң өлчөмдөгү татуировкаларынын ичинен майда шрифт менен жазылган “Sabrina”, “South Side”, “Marguis”, “Warrior” деген сыктуу сөздөрдү окуй аласыз.

ЖАНЕТ ЖЕКСОН
Денесин татуировкалар менен кооздоону сүйүү­чүлөрдүн катарына белгилүү ырчы Жанет Жексонду кошсо болот. Ырчынын моюнунун арт жагында иероглифтер жана кичинекей өлчөмдөгү гүлдүн сүрөтү тартылган. Андан тышкары, Жанеттин белинде, колунда жана бутунда ар кандай белгисиз татуировкалар тартылган.

Даярдаган Чолпон Сүйүнбаева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 241, 15-21-июнь, 2007-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан