ЫРЧЫ САЛИДИНАСТЫН ЖИГИТИ КОЛУН СУРАДЫ

1-октябрда ырчы Салидинастын жигити Урмат Токомбаев 10 миң адамдын көз алдында сүйүктүүсүнүн колун сурады. Ырчы айым менен байланышканыбызда, "баары күтүүсүз болду" дейт.

– 11-октябрда досторум, жигитим менен концертке баргам. Так ошол күн туулган күнүмө туш келип калды. Бирок ал жерден өткөрөйүн деген пландарым жок болчу. Болгону концерт бир күнгө жылып кеткен. Бир кезде алып баруучу мени сахнага чакырып калды. Мени туулган күнүм менен куттукташат деп ойлогом. Жигитим колумду сурайт деп такыр ойлогон эмесмин. Мурун аз чөйрөнүн алдында эле колумду сурайт болуш керек деп элестетчүмүн. Албетте, 10 миң адамдын алдында сүрдөдүм. Азыркыга чейин нес абалдамын. Урмат бул тууралуу курбуларыма да билгизбептир. Азырынча биз той жана башка иштер боюнча сүйлөшө элекпиз. Баары алдыда, шашпай бул маселелерди сүйлөшөбүз,- дейт Салидинас.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (3)
Tok.um.rus.is.
2021-10-19 23:26:20
Счастье Вам
0
Birimdik5555
2021-10-20 00:45:15
Салидинас деген ат эмнени билдирет, аты эле укмуш го
0
Aselya_9105
2021-10-20 15:37:48
Birimdik5555, фамилиясы жана атынын башкы тамгаларын алып псевдоним кылып алган. Салиева Диана толук аты.


Бактылуу болгула.
0
№ 984, 14-20 октябрь, 2021-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан