МИРБЕК ИМАНБЕКОВДУН УЧУРДАГЫ АБАЛЫ БЕЛГИЛҮҮ БОЛДУ

Түркияга медициналык текшерүүдөн өтүүгө кеткен Мирбек Иманбековдун азыркы күндөгү абалы белгилүү болду.

– Учурда ден соолугум жакшы. Текшерилүүдөн өтүп, кайра мекенибизге келдим. Таластамын. Эми мындан ары жакшы гана жаңылыктарым менен бөлүшүп турсам деп тилек кылам. Менин ден соолугума тынчсызданып абалымды сурагандардын баарына ыраазычылык билдирем,- дейт ырчы.

Буга чейин Мирбек Иманбеков катуу ооруп жатканы ырчынын жубайы Бурул айым тарабынан белгилүү болгон. Анда ал жолдошу үчүн дуба кылып коюуну суранган. Кийинчерээк ырчынын өзү менен байланышканыбызда, ашказаны ооруп, ооруканага кайрылганы маалым болгон.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 984, 14-20 октябрь, 2021-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан