18-ОКТЯБРДАН 24-ОКТЯБРГА ЧЕЙИН

КОЙ (21.03-20.04)

Кыйын деген иштер бат бүтөт. Ар түрдүү кесиптегилер менен кызматташуу пайдалуу болот, көп нерселерди билип аласыз. Акчаны көбөйтүү жолдорун өздөштүрүшүңүз кажет. Иште бирөө сиздин жакшы кеңешиңиздин артынан ийгиликке жетет, бирок муну сиздин милдетиңиз катары көрүп, ыраазычылык айтпай капа кылат. Андан эми алыс болуңуз.


БУКАЧАР (21.04-20.05)

Дайыма биринчи болуп жүрүүгө мүмкүн эмес. Андыктан активдүүлүктү азайтып, ден соолугуңузга кам көрүңүз, кооптуу кадамдардан качыңыз. Жумушта эски каршылаштын сиздин ишке аралашуусуна жол бербеңиз. Жаңы пландарды түзүңүз. Достор ой-боюңузга койбой кечеге же чогуу эс алууга алып кетишет. Бул үчүн ичиңизден болсо да ыраазы болосуз.

ЭГИЗДЕР (21.05-21.06)

Көйгөйлөр аз болот, алар чыккан күндө да бат эле чечүүгө жетишесиз. Бирок тапканыңызга караганда керектөөңүз көп болот. Бул көбүрөөк акча табуу үчүн жан талашып иштөөгө түртөт. Иштер менен бир жакка барып келүүгө сиз ойлогондон көбүрөөк акча кетет. Башы бошторго сезимдерин билдиргендер чыгат. Көпчүлүк арасында сиздин пикирди сындаган адам менен урушуп калууңуз ыктымал.

БӨЙӨН (22.06-22.07)

Энергиялуу жана өз идея, ой-пикириңизге ишенимдүү болуп, үйдөгүлөрдөн колдоо ала аласыз. Иште чогуу иштешкендер сизден бир нерселерди жашырып жатышканын байкайсыз. Аны билүүгө, ошого жараша чара көрүүгө аракет кылыңыз. Унутулган эски досуңуз өзү жөнүндө кабар берет. Бейтааныш адамдар менен чырдашып калбоо үчүн эл көп топтолгон жерде этияттык керек.


АРСТАН (23.07-23.08)

Аракет кылыңыз, ар тараптан ийгилик жаратууга мүмкүнчүлүктөр чыгат. Майда маселелерге кайгырбай, катардагы көрүнүш катары кабыл алыңыз. Коомдук ишке катышууга сунуш түшөт. Макул болуп активдүүлүк көрсөтсөңүз эл оозуна алынасыз. Керектүү буюмуңузду арзандатылган баа менен ала аласыз. Жакын адамыңызга карьерадан көтөрүлүүгө же маанилүү ишинде жардам бересиз.


БИЙКЕЧ (24.08-23.09)

Үйдөгүлөрдүн кемчиликтерине жинденгендин ордуна канткенде жашоо шартты мындан да жакшыртсак болот деп ойлонсоңуз жакшы. Иште наалып, бирөөлөрдүн үстүнөн арыздана бергендерден алыс болуңуз. Акча топтоо кыйын болот, антсе да үнөмдөөдөн жазбаңыз. Таасирдүү адамдар менен баарлашуудан пайдалуу нерселерди билип, айрымдарын жашоодо колдонуп баштайсыз.


ТАРАЗА (24.09-23.10)

Социалдык тармактарга бирөөлөрдү сындап жазгандан карманыңыз, өзүңүз тууралуу ушакты көбөйтүп аласыз. Жумушта баары эле сизге колдоо көрсөткөндөн алыс, өзүңүздү коргоп, жемиңизди жедирбеңиз. Официалдуу жолугушууга же банкетке катышууңуз ыктымал, даяр туруңуз. Жүрөгүңүзгө жакын адамыңыз менен мамилеңиз бекемделет.


ЧАЯН (24.10-22.11)

Иштеген мекемеңиздин кызыкчылыгы үчүн өзүңүздү курмандыкка чалбаңыз, баары бир азыр баалашпайт. Башкалар эмне дейт деп өзүңүздү тыя бербей, каалагандай жашоого өтүңүз. Комплекстерди жеңип, элге көбүрөөк аралашып, жаңы пайдалуу досторду табыңыз. Киреше сиз күткөндөн көбүрөөк болот. Жакшы жаңылыктар жашоого шыктандырат. Тааныштар үйүңүзгө баш багат.

ЖААЧЫ (23.11-21.12)

Оптимизмдин чоң дозасынын арты менен тоскоолдуктарды жеңип чыгасыз. Сүйүү менен ойнобоңуз, сүйүүдөн жек көрүүгө бир кадам дегенди эстен чыгарбаңыз. Өзүңүзгө келгенде акчаны аяганды токтотуп, керектүүлөрдү алыңыз. Ишиңизден алаксыткан адамдар көп болот, андыктан айрым күндөрү кеч калып иштейсиз. Балдарыңыздын ойлору менен эсептешүүгө туура келет.


ТЕКЕЧЕР (22.12-20.01)

Жылдыздар жеке жашоого тийиштүү маселелерди чечүүдө арт жакка кылчактабай, туура чечим чыгарууга жардам берет. Жумуш убактысынын канча бир бөлүгүн онлайн окууга да жумшайм десеңиз этият болуңуз, интригаларды күчөтүп аласыз. Өзүн жалгыз сезгендер досторунун курчоосунда көбүрөөк болсо мамиле курууга ылайыктуу адам таба алышат.


СУУ КУЯР (21.01-19.02)

Иште дискуссияны сүйгөн адамдар ар кандай сөздөрү менен тийишет. Юмор менен жооп берип кутулсаңыз утасыз. Жаңы милдеттерден качпаңыз, алар аброй алып келет. Төлөнбөгөн салыктарды, айыптарды төлөөгө туура келет. Дос болмуштар калп эле жакшы мамиле жасап койсо ийип кетип, сырларыңызды айтып жибербеңиз. Үстүңүздөн күлүп, ушактарды жайылтышат.

БАЛЫК (20.02-20.03)

Жашоодон эмнелерден арылып, эмнелерди өзгөрткүңүз келсе чечүүңүз керек. Анткени олуттуу ойлонууну талап кылчу учур. Кары туугандардын көйгөйлөрүнө түшүнүү менен караңыз жана аларга жардамга кол сунуңуз. Ишиңиз тажатма болуп баштаса иш сапарына чыгып, башыңызды сергитип келиңиз. Ооруп калбоо үчүн жылуу кийиниңиз.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 984, 14-20 октябрь, 2021-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан