12-октябрга карата Токтогул суу сактагычында 12 миллиард 279 миллион метр куб суу бар.
Сүйүнбек Касмамбетов мамлекеттик катчы болуп дайындалды.
Экс-премьер Темир Сариевдин тарапташтары 12-октябрда Бишкекте митингге чыгышып, Сариевди бошотууну талап кылышты.
Өлкөдө Социалдык фонддун ордуна Пенсиялык фонд түзүлөрү айтылды.
Сүйүн Өмүрзаков ИИМ жетекчисинин биринчи орун басары кызматынан бошотулуп, ордуна Адылбек Бийбосунов дайындалды.
13-октябрдагы парламент жыйынында депутаттар “Кумтөр” маселеси боюнча министрлер кабинетинин маалыматын угууну кайрадан талап кылышты.
Бишкекте Чоң Чүй каналына 11 жашар бала түшүп кетип, жергиликтүү тургундар куткарып калышты.
Чолпонбек Абыкеев мамлекеттик катчы кызматынан бошотулуп, президенттин кеңешчиси болуп дайындалды.
Учурда “Бишкек жылуулук” ишканасынын 66 от казаны толугу менен иштеп жатканы маалымдалды.
Бишкекте 9-октябрда жарандардын бири “чакырууга кеч келдиң” деп “Тез жардам” кызматынын айдоочусун сабап салганы жарыяланды.
Бишкекте 1-7-октябрь күндөрү 4228 айдоочу жол эрежесин бузганы аныкталды.
Коомдук жайларда чылым чегүүгө тыюу салган мыйзам 13-октябрда күчүнө кирди.
Сузак районунда сүннөт тойдон кийин массалык уулануу катталганы маалымдалды, 13-октябрга карата 16 бейтап ооруканада жатат.
Жүк ташуучу унаалардын айдоочулары "Бишкек-Торугарт" чек арасынан өтүүдө ар бир унаадан себепсиз акча жыйнап жаткандыгын айтып чыгышты.
Шайлообек Атазов, депутат: "Райымбек Матраимовго окшогон менеджерлерди кызматка тартыш керек".
Парламент 14-октябрда министрлер кабинетинин кыш мезгилине даярдык боюнча маалыматын угат.
1-ноябрга чейин энергетика системиндеги оңдоп-түзөө иштери аяктап, күндүзгү свет өчүрүүлөр токтой турганын Энергетика министрлиги билдирди.
Лунара Бекиева
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.