1990-жылдары мода дүйнөсүнө өзгөчө түс берип, анын эшигин ачып кирип келген кара терилүү айым бул – Наоми Кэмпбелл. “Кара кабылан”, “Подиумдун ак куусу”, “Эң чырдуу модель” деген сүрөттөөлөр дал ушул айымга гана тиешелүү. Келгиле, топ-моделдин өмүр таржымалына көз чаптырып көрөлү.
Толук аты-жөнү – Наоми Кэмпбелл
Туулган жылы – 1970-жыл, 22-май
Туулган жери – Англия, Лондон
Лакап аты – “Кара кабылан”
Кесиби – Модель
Бою – 177 см
Салмагы – 51 кг
Параметри – 86-60-86
АТАСЫЗ ӨТКӨН БАЛАЛЫК
Наоми Кэмпбелл бактылуу балалык доорун сүргөн эмес. Анткени апасы бийчи Валери Кэмпбелл боюнда бар кезинде эле күйөөсү менен ажырашып кетип, кызын жалгыз тарбиялап өстүрөт. Наоми 10 жашка чыкканда үй-бүлөдө “жаңы ата” пайда болот. Кыз анын келишин такыр жактырбайт. Экөөнүн ортосундагы сүйлөшүүлөр ар дайым чыр-чатак менен аяктачу. Апасы алардын мамилесин жөнгө салууга канча аракет кылса да, эч бир майнап чыкпаган. Мындай оор тагдыр Наоминин шагын сындырбастан, тескерисинче, кайраттуу, өткүр, өз алдынча болууга үйрөтөт. Ошентип Наоми "өзүмдү өзүм билем, өтүгүмдү төргө илем" деген сөздү бек тутуп, айтканынан кайтпаган өжөр кыз болуп чоңоёт.
ДҮЙНӨНҮ БАГЫНТКАН “КАРА КАБЫЛАН”
14 жашында мектепти таштаган Наоми Лондондогу Itali Conti окуу жайына тапшырып, ал жактан бий, актёрдук өнөр, вокалдан сабак ала баштайт. Үйүндөгү чыр-чатактардан тажаган кыз сабактан чыккан соң сейил бактарды аралап жүргөндү адатка айлантат. Сейил бакта жүргөндө анын келбетине “Элит” моделдик агенттигинин кызматкери Бет Болдттун көзү түшүп, кастингге чакырат. Болочоктогу топ-модель өткүрлүгү, эркинин күчтүүлүгү менен кастингден өтүп, Парижге сапар алат. Ушундан кийин ага мода дүйнөсүнүн эшиги ачылып, “Elle”, “Time”, “Vogue” журналдарынын биринчи беттерине чыгып, “Ralph Lauren”, “Versace”, “Dolce&Gabbana” фирмаларынын товарларын жарнамалай баштайт. Эң негизгиси, Наоми үчүн ата-энесинен бөлүнүп жашоого шарт түзүлөт.
Ошентип, Наоми сулуулугу, келишкен келбети, подиумда кабыландай жыла басканы менен дүйнө элин таң калтырып, 1994-жылы Америкадагы мода академиясы аны “Дүйнөнүн эң мыкты модели” деп табат.
КӨП КЫРДУУ ТАЛАНТ
Наоми мода дүйнөсүн багынтуу менен гана тим болбостон, актриса, ырчы, парфюмер, телеалпаруучу катары да өзүн көрсөтө алган. Ал комедия, драма жана документалдык жанрдагы 31 тасмага тартылууга жетише алды.
Ал эми ырчы катары “Аял-бала” (1995) альбомун чыгарган. Анын ырчы Тоши менен аткарган “La, La, La, Love Song” сингли япониялык чартта 1-орунду ээлеген. Мындан сырткары топ-модель Майкл Жексон, Jay-Z, Ашер, сыяктуу белгилүү ырчылардын клиптерине тартылган.
1995-жылдан тарта телевидение тармагында Антонио Бандерас, Сара Жессика Паркер, Жон Малкович менен иштешкен. Ошондой эле "моделдик бул – утурумдук жумуш. Кийин мени атырларым багат" деп өз атынан атырларды чыгарып келет.
ТЕЛЕФОН МЕНЕН БАШКА ЧАПМАЙ АДАТЫБЫ?
Наоми Кэмпбелл “Дүйнөнүн эң чырдуу модели” деп саналат. Ал ушул мүнөзүнөн улам бир нече жолу сот жообуна тартылып, жаза алган. Мисалы:
СҮЙҮҮ РОМАНДАРЫ
Сулуу айымдарга кимдер гана кызыкпайт, кимдер гана тор жайбайт? Наоми да бир топ мырзалар: мушкер Майк Тайсон, актёр Роберт Де Ниро жана бийчи Хоакин Кортес, "Формула-1” командасынын лидери Флавио Бриаторе, рэпер Ашер менен мамиле түзүүгө жетишкен. Ал эми азыркы жигити Владислав Доронин менен 2008-жылы Канн фестивалында таанышышкан.
Дамира Арстанова
star@super.kg