13-октябрда Жогорку Кеңеш министрлер кабинетинин жаңы курамын бекитти. Ага ылайык, Акылбек Жапаров министрлер кабинетинин төрагасы – президенттик администрациянын жетекчиси болду.
ПРЕЗИДЕНТТИН ЭЛЕГИНЕН ӨТҮШТҮ
Акылбек Жапаров жаңы курамды президент Садыр Жапаров тандаганын билдирди. Көңүлдү бурганы – Акылбек Жапаровдун республикалык бюджетти көбөйтүү жаатындагы амбициялык планы болууда. Ал быйылкы жылы казынаны 280 миллиард сом менен жаап, кийинки жылы сумманы 400 миллард сомго жеткирем деп жатат. Кантип? Бул реалдуубу? Парламент депутаттары ушундай суроо беришти. Жапаров бажы, салык тармагындагы абалды караганда, бул реалдуу план дейт.
– 2021-жылы бажы төлөмдөрүнөн 50 миллиард сом топтоо пландалган, министрлер кабинети муну 100 миллиард сомго жеткирүүнү пландоодо. Салык төлөмдөрү 100 миллиард сомдун тегерегинде деп бекитилген, биз муну 150 миллиардга жеткиребиз. Мындан тышкары 20 миллиард сом салыктык эмес төлөмдөр бар. Мунун жыйынтыгы менен жыл аягында 280 миллиард сом алууну көздөп жатабыз, 2022-жылы бюджет 400 миллиард сом болот. 2023-жылы 500 миллиард сом, 2024-жылы 600 миллиард сомго жеткирүү пландалууда. Президент Садыр Жапаров бизге “эгер планды аткарсаңар 5 жыл мени менен чогуу иштейсиңер деп жатат,- деди Акылбек Жапаров.
Учурда республикалык бюджет 160 миллиард сомдун тегерегинде.
“БЕНЗИН АРЗАНДАЙТ ДЕЙ АЛБАЙМ”
Бензин, ун, май өңдүү товарларга баанын кымбатташы Кыргызстандан көз каранды эмес экенин, биржалык продуктулар боюнча “баа арзандайт” деп убада бере албай турганын билдирди чиновник.
– Биз виртуалдуу кыялдардан алыстап, реалдуулук менен жашашыбыз керек,- дейт Акылбек мырза.
Жапаров 2022-жылы дарыгер, мугалимдердин айлыгы көтөрүлөрүн, быйылкы кышта электр энергиясын өчүрүүлөр болбой турганын билдирди.
"МЫНДАН АРЫ БАШКАЧА БОЛОТ"
Президент Садыр Жапаров жаңы команданын ант берүү аземине катышып, парламентте сөз сүйлөдү. Мамлекет башчы министрлерге талап катуу болорун эскертти.
– Талаптар катуу болот. Жарандардын кайрылуулары көңүл буруусуз калбашы зарыл. Элдин турмушу менен жакындан тааныш болушуңар керек. Парламент жана жергиликтүү бийлик менен тыгыз иштешүүңөр шарт. Мурдагыдай отуруп алып статистика чогултмай, тапшырма берип коймой деген болбойт. Андайларды иштен алабыз. Ар бириңер коомчулуктун көзөмөлүнөн тышкары менин да көзөмөлүмдө болосуңар. Былтыр өзүмө жоопкерчилик алгам, андан качпайм. Бири-бирибизди сындап отура турган мезгил өттү, иштөөгө бардык шарттар түзүлдү - деди президент.
"ШАЙЛООНУ ТАЗА ӨТКӨРӨЛҮ"
Садыр Жапаров депутаттарга, парламенттик шайлоого аттанган талапкерлерге кайрылып, шайлоону таза өткөрүүгө чакырды.
– Партиялар, талапкерлер, добуш сатып алууну токтотсоңуздар, административдик ресурсту колдонууну мен токтотоюн. Буга менин эрким, күчүм да жетет. Мурдагыдай мугалим, дарыгер, мамлекеттик кызматта иштегендердин партияга, талапкерге иштөөсүнө бөгөт коёбуз. Мамлекеттик кызматкер талапкерге же партияга иштеп жатканын көрсөк кызматтан алып эле тим болбостон жазага тартабыз. Мамлекеттик кызматкерлер шайлоону так, таза өткөрүүгө милдеттүү. Добуш сатып алам дегендерди колго чабыш керек.
ЭСКИ-ЖАҢЫ ЖҮЗДҮҮ ЖАҢЫ КУРАМ
Акылбек Жапаров – министрлер кабинетинин төрагасы, президенттик администрациянын жетекчиси
Арзыбек Кожошев – министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары
Камчыбек Ташиев – министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары, УКМКнын төрагасы
Азиз Аалиев – министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары
Эдил Байсалов – министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары
Данияр Амангелдиев – экономика жана коммерция министри
Алмаз Бакетаев – каржы министри
Руслан Казакбаев – тышкы иштер министри
Аяз Баетов – юстиция министри
Эркинбек Осоев – транспорт жана коммуникация министри
Доскул Бекмурзаев – энергетика министри
Динара Кутманова – жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри
Алымкадыр Бейшеналиев – саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри
Аскарбек Жаныбеков – айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министри
Азамат Жаманкулов – маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри
Болотбек Купешов – билим берүү жана илим министри
Лунара Бекиева