Илим Карыпбеков: “КТРКдан БИЙЛИГИҢЕ ТОЙДУМ ДЕП КЕТКЕМ”

Белгилүү медиа эксперт Илим Карыпбеков менен баарлашуу кызык. Ой чабыты кенен. Жеңил, шыр маектешесиң. Акыркы кезде анын кер-какшык посттору көңүлдү бурууда. “Ыйолкиники” деген сөз менен коштолот адатта посттору...

– Саламатсызбы, Илим мырза? Учурда эмне менен алексиз?

– Саламатчылык. Учурда ар кайсы тармакта иштеп жатам. ТНТ Кыргызстан каналынын жетекчисимин, андан сырткары туризм багытында бизнесим бар. Бишкекте акча салсаң кофе, шоколад берген вентинг машиналар бар, ошол жаңычылдыкты 2012-жылдары Кыргызстанга алгачкылардан болуп мен алып келгем. Кесибим юрист болгондуктан бул багытта да ишкердик кылам, юридикалык конторам бар, ал жакта 5-6 юрист иштейт. Өзүмдүн да адвокаттык лицензиям бар, жарандык иштер боюнча соттук процесстерге катышам.

– КТРКны жетектеп турганда сизге карата көп сындар айтылчу. Мисалы, Белиз окуясында бир тараптуу маалымат таратты деп. Бийлик тарабынан басым жасалса, кол шилтеп жетекчиликтен кетип калсаңыз болбойт беле?

– Ооба, ал жерде мени эч ким кыйнап кармап отурган жок, каалаган учурда кол шилтеп басып кетип калсам болот эле. Бирок каналдын мазмунун өзгөртпөсөм да, башка жагына өзгөртүү киргизейин дедим. Мамлекеттик телеканал болгондон кийин бийлик башында ким турса баары бир ошонун сөзүн сүйлөйсүң. КТРК мен кеткенден кийин деле чыныгы коомдук канал болуп кеткен жок да, мурунку эле позицияда. Ошол учурда УКМК бизге “Текебаевдин коррупциялык иштерге тиешеси бар” деп маалымат берген, биз эфирден ошону берип жаттык. Карыпбеков оюнан эч нерсе токуп чыгарган жок. КТРКны 4 жыл башкарып, мөөнөтүн толук иштеген тарыхта мен болдум окшойт. Ал жерге менин зыянымдан пайдам көбүрөөк болду деп ойлойм. Мекемеде 1000 адам иштесе, анын 501и менин жасап кеткен иштериме позитивдүү баа берсе керек. Жактырбагандар да бар, көп адамды жумуштан кетирдим, душман таптым дегендей. Бул нерсе мыйзам ченемдүү көрүнүш, анткени жетекчи катары баарына тегиз жакпайсың.

– Какшык аралаш постторду көп жазасыз. Көпчүлүк бийликтен кеткенден кийин “чындыкты” көрө башташат эмеспи, сиз да ошондой адамдардын катарына кирип калбайсызбы?

– Жумуштан кеткенден кийин “чындыкты” көрүп калгандар алар –кызмат үмүт эткендер. Мен эч кимден кызмат үмүт этпейм. Эмне үчүн КТРКда отурганда бийликти сындаган эмесмин? Анткени өзүм ошол бийликтин бир бөлүгү болуп жатсам кантип сындайм? Мамлекеттик кызматтасыңбы, демек, алардын кылып жаткан терс иштерине сен да жооптуусуң. Ал жактан кеткенде деле бийликти “ит-кушсуң” деп жеригеним жок. Бизде какшык аркылуу сын-пикирди жеткире айтса болот. Юморду карапайым эл да жакшы кабыл алат. Бир карасаң укмуш эле мактап бараткандайсың, анан эле муштум менен бир соккондой эле нерсе да какшык. Ошон үчүн какшыктап коём. Дагы бир себеби – какшык үчүн адамды юридикалык жоопко тартуу кыйын, дээрлик мүмкүн эмес. Юрист эмесминби, жакшы билем, ар бир айткан сөзүмдү талдап, баалап, салмактап турам. Ар бир адам өзүнүн ой-пикирин айтканга укуктуу. “Менде баары жакшы, коом эмне болсо ошол болсун” деген эгоисттик позиция мен үчүн эмес.

– Учурдун темасы парламенттик шайлоо болууда. Сизде пландар кандай?

– Шайлоого катышпайм. Мен КТРКдан “болду, бийлигиңе тойдум. Шайлооңо да барбайм, депутат, министр да болбойм” деп кеткем. Канча адам камалып кетти, мен камалбай таза кеткениме рахмат деп ыраазы болуп жүрдүм (күлүп). Бирок саясатка барбайм деп айтпаш керек экен. Былтыр шаардык кеңешке шайлоого катыштым. Мен “жок” дей албаган досумдун суранычы менен. Шайлоочулар менен жолугушуулардын биринде Ак-Ордодо “депутат болсом да, болбосом да жолуңарды оңдоп берем” деп сөз берип койгон элем. Сөзүмө турдум, жол оңдолуп жатат. Ошондуктан “саясатка эч качан барбайм” деп такыр айтпаш керек экен.

– Учурда өлкөдөгү саясий кырдаалга көз карашыңыз кандай?

– Саясий кырдаал оор. Азыркы бийликтин келгенине 1 жыл болду, олуттуу, системдүү реформа жасала элек. Реформаны бийликке элдин ишеними жогору болуп турганда жасаш керек. Мисалы, “кустурмайды” туура эмес деп ойлойм. Салык төлөй тургандар, элди жумуш менен камсыз кылчу ишкерлер бүт бизнесин чет өлкөгө чыгарып качып жатышат. Мен эртең байып кетсем эле эптеп бир нерсе таап, “кустура” берген болбойт да. Мындай темпте кетсек жакынкы 2-3 жылда “куса турган” адам деле калбай калат. “Кустургандан” түшкөн каражатты социалдык тешиктерди жапканга жумшайт же укук коргоо органдарынын эсебинде турат. Андан түшкөн акчаны үстүнө акча алып келе турган долбоорлорго жумшаш керек. Ошондой программаларды иштеп чыгуу зарыл. Дагы бир маселе, пикет-митингдер – бул маселе чечүүнүн жолу эмес. Жакшыбы, жаманбы, бийлик мөөнөтү бүткүчө иштеши керек. Ыңкылап кылабыз, тактан кулатабыз десек кайра дагы артка кетебиз.

– Талкуудан түшпөгөн ысым – Райым Матраимов деген сиз үчүн ким?

– Бул киши менен 2020-жылкы шайлоолордо жакындан таанышып калдым. Адам катары ар бир адамдын жакшы анан жаман жактары болот. Райым Матраимов абдан тамашакөй, чукугандай сөз таап сүйлөгөн кызыктуу адам. Аны менен зерикпейсиң. Башкысы – менин какшыктарымды түшүнөт, ал кишини да, агасын да кээде какшыктап калам, адам катары мамилем жакшы. Бул кишинин кемчилиги – саясатка аттанганы болду окшойт. Анткени саясатка аттанганың бийликти талашканы баратканың да. Анан, албетте, оппоненттериң болот, алар тарыхыңды чукулайт, жөн койбойт. Ал эми анын кылгандарына ар кандай баа берем. Мисалы, “бажыдагы Райымдын системин жоёбуз” деп ал кишини кызматтан алып салышты. Аны кызматтан алардан мурун “кесепети кандай болот?”, “жоготуулар болсо абалдан кантип чыгабыз?” деп ойлонуш керек эле. Райымдын системи менен Кытайдан Кыргызстанга жүктөр түз кирчү да, аны жоюп салышты. Азыр жүк Казакстан аркылуу кирип жатат. Баалар кымбаттады, “Дордойдогу” соодагерлер нааразы. Жадакалса парламентте депутаттар “бар, Райымга барып кеңеш сурап келчи” деп жатышпайбы. Билимдүү, кырдаалга саресеп сала алган адамдар муну түшүнүп эле турушат.

– Саякаттоону адатка айландырып алдыңыз окшойт. Ушул хоббиңиз тууралуу айтып берсеңиз...

– Ушул жылы өзүм туулуп өскөн Нарын облусун кыдырып чыгам дедим эле, жетише алган жокмун. Болбосо жума сайын саякатка чыгам... Кыргыз элинин 95 пайызы өз мекениндеги кызыктуу жерлерин көрө элек. Саякатка, тоого, табиятка чыкканда сенин күнүмдүк көйгөйлөрүң болбогон нерсеге айланып калат. Тоого чыгып-түшкөндө адам толугу менен “перезагрузка” болот. Сага бийлик-мансаптын, көп акчанын деле кереги жок экенин түшүнөсүң. Бизде адатта эс алуу десе машина жеткен жерге чейин барабыз, тамак-ашка быткыйып тоюп алып, тоо бооруна бир жолу жөө чыгып-түшүп коёбуз, бүттү. Ушуну эс алуу дейбиз. Адам артына кылчайганда жашоосундагы эмоционалдуу окуяларды гана эстейт экен, саякатка чыксак, ошол эмоционалдык чекиттер толукталат.

– Маегиңизге чоң рахмат!

Лунара Бекиева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 984, 14-20 октябрь, 2021-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан