КЫРГЫЗСТАН КҮРӨШ БОЮНЧА ДҮЙНӨЛҮК ЧЕМПИОНДУКТА ДӨӨ-ШАА ӨЛКӨЛӨРДҮН КАТАРЫНА КОШУЛДУ

Норвегиянын борбору Осло шаарында өткөн күрөш боюнча Дүйнө чемпиондугунда Кыргызстан дүйнөлүк рейтингде 5-орунду камсыздады. Бул тууралуу аталган мелдештин расмий сайтында жарыяланган. Маалыматка ылайык, командалык эсеп боюнча 1-орунду Иран, 2-орунду АКШ, 3-орунду Япония, 4-орунду Орусия жана 5-орунду Кыргызстан алган. Кыргыз балбандары жалпы эсепте 2 алтын, 2 күмүш жана 2 коло медаль алышты. Айсулуу Тыныбекова менен Мээрим Жуманазарова алтын алса, Эрназар Акматалиев менен Жоламан Шаршенбеков күмүш байге алышты. Ошондой эле Айпери Медет кызы менен Алибек Осмонов коло байгени багындырышты.

Лунара Бекиева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 984, 14-20 октябрь, 2021-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан