Бишкек шаарында 11-октябрь күнү Кыргыз футбол союзунун (КФС) кезексиз конгресси болуп өтүп, анда КФСнын президенти Канатбек Маматовдун мурда жарыяланган отставкасы кабыл алынды. Ошондой эле жаңы президентти шайлоо маселеси каралып, Семетей Султанов менен Медербек Сыдыковдун талапкерлиги каралды. Жыйынтыгында Медербек Сыдыков көпчүлүктүн добушун алып Кыргыз футболдук союзуна президент болуп 4 жылдык мөөнөткө шайланды. Эске сала кетсек, Кыргыз футбол союзунун мурдагы президенти Канатбек Маматов алдыда боло турган парламенттик шайлоого катышуу үчүн кызматтан кеткен. Ал бул кызматта 2019-жылдан бери иштеп келген.
Лунара Бекиева