10-октябрь күнү Бишкек шаарында жеңил атлетика боюнча эл аралык марафон болуп өттү. Марафонго түрдүү курактагы 3000ге жакын адам катышты. 5 чакырым аралыкка чуркоого 1400 катышуучу ат салышып, арасында буту гипстелип, балдак менен чуркаган Бишкек шаарынын тургуну Нурадил Артыкбаев да болгон. Алгач Нурадил 42 чакырымга чуркоо аралыгына ат салышмак, бирок марафонго жакын бутунан жараат алганына байланыштуу 5 чакырымга чуркоону чечкен.
Лунара Бекиева