БИР БҮРКҮМ. 9 АЙДА 50 МИҢ ЖАРАН ПЕНСИЯГА ЧЫКТЫ...

  • УКМК: Айыл чарба азыктарын экспорттоого тоскоолдук жараткан кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалды.
  • Саламаттыкты сактоо министрлиги: Декабрь айында сасык тумоо менен ооругандардын көбөйүшү күтүлөт.
  • Орусияда жашы жете элек 7 кыргыз бала “ата-энесинин камкордугусуз калды” деп мекенине жөнөтүлгөнү маалымдалды.
  • Билим берүү жана илим министрлиги: Студенттер коронавируска каршы эмдөө алууга мажбурланбайт.
  • Орусиянын Ош шаарындагы башкы консулу болуп Андрей Бибишев дайындалды.
  • 2021-жылдын 9 айында өлкөдө 50 725 жаран пенсияга чыкканы расмий жарыяланды.
  • Кытайдан алынган гранттык каражатка Бишкектин 23 көчөсү оңдолгону маалымдалды.
  • Акыйкатчы Токон Мамытов отставкага кетти.
  • Өлкөдө 21-23-октябрда аба ырайы кескин өзгөрүп, суук түшөрү күтүлүүдө.
  • Депутат Аида Касымалиева Нью-Йоркто Кыргыз өлкөсүнүн атынан БУУнун расмий өкүлү болору айтылды.
  • Анталия шаарында Кыргызстандын башкы консулдугу ачылары жарыяланды.
  • Өлкөдө 6-7-8-9-ноябрь күндөрү дем алыш күндөрү деп жарыяланды.
  • 16-октябрда Сокулук районунун Новопавловка айылында мектеп окуучулары ортосунда уруш чыгып, 1 өспүрүм жаракат алды деп маалымдалды.
  • Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров “Кара-Кече” көмүр кенине барып абалды көрдү.
  • Бахтияр Алиев Социалдык фонддун директору болуп дайындалды.
  • Улуттук банктын экс-төрагасы Улан Сарбанов Каржы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматынын жетекчиси болуп дайындалды.
  • Жактоочу: Жогорку Сот Батукаевдин иши боюнча мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге карата 1 жыл мурун жокко чыгарылган өкүмдү кайра күчүнө киргизди.
  • Кыргызстанда каржы пирамидасы ишмердүүлүгү боюнча 3 миңдей кылмыш иши козголгонун ИИМ билдирди.
  • 2021-жылдын май айынан бери чет өлкөдөн 95 Кыргыз жаранынын сөөгү өлкөгө алып келингени айтылды.

Лунара Бекиева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 985, 21-27 октябрь, 2021-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан