ЭЛ АРАЛЫК ФИНАНСЫ КОРПОРАЦИЯСЫ “МАНАС” АЭРОПОРТУНУН АБАЛЫН ИЗИЛДЕЙТ

Экономика жана коммерция министрлиги менен Эл аралык финансы корпорациясы “Эл аралык “Манас” аэропортун модернизациялоо жана өнүктүрүү” мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорунун алкагында финансылык-консультациялык кызмат көрсөтүү боюнча макулдашууга кол коюшту.

Документке экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев жана аталган корпорациянын Жакынкы Чыгыш, Борбордук Азия жана Түркия боюнча өкүлү Мунир Ферози кол коюшканы маалымдалды.

Макулдашууга ылайык, корпорация “Манас” аэропортуна көп тараптуу эксперттик баалоо жүргүзөт. Мисалы, мекеменин техникалык, укуктук, социалдык абалын изилдеп, финансылык анализ жасап, аэропортко диагностика коюп берет. Ошондой эле ачык сынактын негизинде, экономикалык пайдалуу шартта Кыргыз тарапка эл аралык тажрыйбалуу инвестор тартуу ишине көмөктөшөрү айтылды.

“Манас” аэропортунун потенциалын жакшыртуу менен 2023-жылга чейин аны Борбордук Азиядагы негизги авиахабга айландыруу максаты бар экени айтылат маалыматта.

Лунара Бекиева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 985, 21-27 октябрь, 2021-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан