Жогорку Кеңештин депутаттарын 1 айлык каникулга таратуу демилгеси сунушталып, колдоо таппай калды. 20-октябрда парламентте спикер Талант Мамытов тарабынан сунушталган тийиштүү токтом адегенде 60 депутаттын колдоосу менен кабыл алынган.
Ага ылайык, депутаттар 28-октябрдан 28-ноябрга чейин аймактарда шайлоочулар менен жолугушуу өткөрүшмөк. Бирок бул демилге депутаттар арасында талаш-тартыш жаратты. Депутат Шайлообек Атазов өлкөдө чечүүчү маселе көп экенин, мындай учурда депутаттардын тарап кеткени туура эместигин айтып чыкты.
– Арабызда айрым ууру депутаттар бар. Алар түндө шайлоо алдындагы мафияларды түзүшөт. Жакында кыш келет, тарап кеткенибиз болбойт,- деди Атазов. Маанилүү маселелер турганда парламенттин ишин токтотуу туура эмес дегенди депутат Айбек Осмонов да билдирди.
Экс-спикер Дастан Жумабеков депутаттардын көпчүлүгү парламенттик шайлоого катышканы жатканын айтып, Жогорку Кеңештин жыйындарын 1 айга токтотуп туруу туура болорун билдирди.
– Айрым талапкерлер парламент микрофонун жеке максаттарына колдонушу мүмкүн. Маселе жаралса, бизде кезексиз жыйын чакыруу укугу бар,- деди ал.
Талаштан кийин токтом долбоору кайрадан добушка коюлуп, колдоо таппай калды. 34 депутат "макул", 49 депутат "каршы" деп добуш берди. Депутаттар парламенттик шайлоо күнүнө, тагыраагы, 28-ноябрга чейин ишин улантышат. Төрага Талант Мамытов депутаттарды жыйындарда кворумду камсыздап берүүгө чакырды.
Лунара Бекиева