Аймен Касенов: “КЫРГЫЗДЫН ХАНДАРЫ ДА ЭЛ МЕНЕН ЭСЕПТЕШЧҮ”

Бул адамды Кыргыз коомчулугу 2021-жылы өткөн президенттик шайлоодо кеңири тааныды. Талапкерлердин бири болчу. Келечекке көз карашы, өзгөчө идеялары менен көңүлдү бурду. “Кыргыз өнүгүү жолун тарыхтан, ата-бабалар калтырып кеткен мурастардан издеш керек” дейт каарманым.

– Саламатсызбы, Аймен мырза? Сизди көпчүлүк 2020-жылы президенттикке талапкер болгонуңуздан кийин тааныды окшойт. Буга чейин кайда, эмне иш менен алектенип келгенсиз?

– Cаламатчылык. Мен көп жыл чет өлкөдө иштеп жүрдүм. Орусиянын “Газпром” компаниясында 10 жылдан ашык иштедим. “Газпромдун” Казакстандагы, Тажикстандагы филиалдарын жетектедим. 2015-жылы ошол кездеги Бишкектин мэри Кубанычбек Кулматов мени “кел, өз мекениңе иштеп бер” деп чакырып калды. Жарым жыл мэрияда иштедим, Кыргыз-Орус өнүктүрүү фондунда 3 жыл иштедим. Кийин Атамбаев кетип, бийлик алмашты. Кубанычбек Кулматовго жалган кылмыш ишин козгоп, камап салышты. Мага жумуш жок, Чехияга окууга кеттим. Учурда Прагадагы Нью-Йорк университетинде кызым экөөбүз чогуу окуйбуз. Кызым психология багытында, мен бизнес жаатында билим алып жаткан чагыбыз.

– Эгер президент болуп калганыңызда Кыргыз өлкөсүн учурда кандай өзгөрүүлөр күтмөк? Азыркы бийликтин иши сизди канааттандырып жатабы?

– Президенттикке талапкер катары өз программам менен тааныштыргам. Президент болуу мен үчүн – элге кызмат кылуу. Азыр деле элдин жашоосун жакшыртуу, ыңгайлуу шарттарды түзүп берүү жаатында долбоорлордун үстүндө иштеп жатам. Мисалы, бизде койдун “кыргыз тоо мериносу” деген породасы бар. Ошол койлордун жүнүн Европа рыногуна чыгарууга аракет кылып жатабыз. Жаңы бийлик келгенден бери алгылыктуу өзгөрүүнү байкай элекмин, системдүү өнүгүү жок. Азыр кимиси күнөөлүү, кимиси таза билбейсиң, четинен эле камап жатышат. Өлкөдөн чыгып кеткен инвесторлор абдан көп. Аларды кайра тартуу татаал болуп калды. Азыр карасаңыз, жергиликтүү бийлик да чечкиндүү кадамдарга бара албайт, “эртең камалып кетпейминби” деп коркушат. Эгер кызматкер коркуп отурса, андан чечкиндүү кадамдарды, олуттуу реформаларды күтүүнүн кереги жок. Коррупцияны жоготуунун жолу – коррупция жаратууга мүмкүнчүлүк бербеген системди түзүп коюу. Мисалы, биз мэрияда иштеп турганда “таштандылардын тоннасын 700 сомдон алабыз, кимди иштетесиң өзүң бил. Үй-бүлөң менен иштейсиңби, киши жалдайсыңбы, бирок бүт чыгымы өзүңдөн болот” дегенбиз. Ошондо мэрия бюджетинин 3 миллион сомун үнөмдөп калганбыз.

– Президенттик шайлоодон кийин көрүнбөй кеттиңиз. Саясатка активдүү киришүү пландары барбы же чоң саясат сиздики эмес бекен?

– Азыр саясатчы деген сөздүн баркы кетти. Өзүмдү саясатчымын деген сөзгө сыйдыра албай турам. Элге жардам берүү, жакшы долбоорлорду ишке ашыруу үчүн саясатка барыш керек экен. Мен ошон үчүн гана саясатка баргым келет. Мага депутат болгонго караганда өлкөгө инвестиция тартуу, ири долбоорлорду ишке ашыруу пайдалуудай көрүнөт. Мен бул иштерди депутат болбой деле жасай алам да. Шайлоого үч жолу катыштым. Азыркы шайлоо системинен көңүлүм калды, ишенич жок. Элибизди алдаган, туруктуу систем түзүлүп калган экен, бул системде жаңы, таза инсандар бийликке келе албайт.

– Президенттик башкаруунун тарапташысызбы же парламенттик демократиянынбы?

– Кыргыздар бул эки системге тең баш ийбейбиз. Анткени бул системдер бизден чыккан эмес. Демократия бул батыш өлкөлөрүнүн адатында азчылыктын бийлиги, ал эми кыргыздарда көпчүлүктүн бийлиги өкүм сүрөт. Элдин бийлиги деген болгон. Кыргызда хан болом, өзүм каалагандай башкарам деген эмес. Ханды оор кырдаалда эл шайлап, аны конкреттүү бир ишке милдеттендирген. Кыргыздардын мүнөзү ушундай. Элдин кызматкери, элдин өкүлү гана болгон.

– Демек, Кыргыз элинин менталитети башкаруунун кайсы формасына жакын жана ылайык деп ойлойсуз?

– Биз өнүгүүнүн жолун тарыхыбыздан издешибиз керек. Ата-бабабыз калтырган мурастардан, нарк-насилдерден тапсак болот. Мисалы, “Манас” эпосу мыкты энциклопедия болмок. Азыркы шайлоо системи кыргыздын мүнөзүнө туура келбейт, мындай систем менен байлар гана парламентке келет. Биз ата-бабалардын калтырган каада-салтын азыркы заманбап жашоого айкалыштырып жашаганга үйрөнүшүбүз зарыл. Принциптерди илгеркиден алып, ал эми систем заманбап болушу керек. Кыргызда Манастын айкөлдүгү бар, ушул биздин жолубуз. Кыргыздар, биз, дипломат, тынчтыкты сүйгөн, аны орноткон эл болгонбуз.

– Саясатчы калп айтканды билиши керек деген чын-тамаша аралаш сөз бар. Калп айтып абалдан чыккан учурлар болобу?

– Кээде адамдар кереги жок жерден деле калп айта беришет. Адам ошого көнүп калат окшобойбу. Мен калп айтпаш үчүн өзүмдүн үстүмдөн көп жыл иштедим. Атам мени “калп айтканды билбесең, саясатчы боло албайсың” деп тамашалап калат азыркы күнгө чейин. Чынчыл болсоң сенден кынтык таба алышпайт, ошол баалуу эмеспи.

– Крим дүйнөдө белгилүү Адилет Касенов менен сиздин туугандык жайы бар деген маалыматтар чыкты эле...

– Ооба. Адилет менен туугандык байланышым бар, аталаш иним болот. Биздин колубузда өскөн. “Кыргыздар идеологиялык согушта уттуруп койду” деп айтканымдын бир себеби ушул. 2000-жылдары кримавторитеттер популярдуу болуп, кичинекей балдар Рыспек Акматбаевге окшошкусу келчү. Эч ким илимпоз, мугалим, учкуч болгусу келчү эмес. Адилет иним да турмушта жаңылды, ал катасы үчүн жазасын алды.

– "Чет өлкөдө жүргөн мекендештер мекенин көбүрөөк сүйөт" деп айткан экенсиз бир маегиңизде...

– Чет жерде жүргөн мекендештерде патриоттук сезим күчтүүрөөк болот. Анткени алыста жүргөндө мекендин баалуулугун, баркын түшүнөсүң. 2009-жылдары АКШда окуп жүргөнүмдө ошол жакта биротоло калып калсамбы деген ойлор болгон эле. Бир күнү Мирбек Атабековдун “Ильяздын ыры” деген ырын угуп калдым. Көз алдымдан Ысык-Көлдүн элеси кетпей, мекенге болгон кусалык күчөдү. Анын эртеси күнү билет алып Кыргызстанга келе бергем. Улуу акын Мидин Алыбаев чет өлкөдө жүрсө Кыргызстандан досу “кандайсың, курсак токпу?” деп сураптыр. Ошондо акын “сурайсың, досум, курсакты, курсак эмес, куса жаман кууратты” деген экен. Анын сыңарындай, курсак ачкандан да, мекенге болгон кусалык жаман.

– Үй-бүлөңүз тууралуу да айта кетсеңиз.

– Келинчегим Жамал экөөбүз Улуттук университетте 1-курста таанышып, баш кошконбуз. 3 кыз, 1 уулубуз бар. Жубайым көп жыл Тышкы иштер министрлигинде иштеди, учурда үйдө бала тарбиялоо менен алек. Улуу кызым менен балам чет өлкөдө окушат, кичүүлөрү биз менен.

– Спортко мамилеңиз кандай?

– Жөө басканды жактырам. Принципиалдуу түрдө машина сатып албайм, шаарды жөө кыдырып табият кооздугуна суктанып, андан энергия алып жашагым келет. Кыялдарым да жөнөкөй эле – элге пайдалуу иш жасоо. Элге керектүү долбоорлорду ишке ашыруу. Элибизди ынтымакка алып келүү максатында жаңы идеология системин иштеп чыгууну пландап жатабыз. Азыркы күндө кыргыз эли өзүнүн жолун жана вазыйпасын табуусу зарыл.

– Кызыктуу маегиңизге чоң рахмат!

Лунара Бекиева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 985, 21-27 октябрь, 2021-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан