“Жарың болоюн”, “Самай албайм”, “Бакыт” жана башка ырлардын аткаруучусу, “Кыз-Бурак” тобунан чыккан ырчы Айгерим Эшимден “дерзкий” маек. “Ильяз Абдыразаковго карызымды бербей “уктатып” жүрөм” деп тыпылдаган ырчы кыз дагы кандай кызыктарды айтты, маектен окуңуз.
– Айгерим, салам! “Жарың болоюн” деп эле сыздап жатасыз, кимге качан жар болгону жатасыз?
– Салам. Билбейм. “Жарың болоюн” мени чыгармачылыкта кичине алдыга сүрөгөн ыр болду. Зарлык Камбаралиев чыгарып берген. Бирөөгө жар болоюн деп деле ырдаган эмесмин. Буюрса, 1-2 жылда бирөөгө жар болормун. Азырынча жашоомдо эч ким жок.
– Тың көрүнөсүз. Бирөөнү алдап кеткен учур болду беле?
– Албетте дегем, ээ? Ильяз Абдыразаковго ыр жаздырып, “акчасын бир жумадан кийин алып келип берем” деген бойдон жок болуп кеткем. Ошол бойдон бере элекмин. Ильяз байке, кечирип коюңузчу. Чын эле жете албай жатам. Үйү да алыс, тээ жердин түбүндө.
– Ильяз мырза сураган жокпу?
– Ал сонун адам, катуу сүйлөй албайт. Өткөндө “Кандайсың, үкам?” деп жазган. Мен “Ильяз байке, коё туруңузчу. Эми дагы ыр жаздырганга барам, ошондо берем” деп жазып койгом.
– Шыпылдап соода кыла калмайга да жакшы болсоңуз керек?
– Андайым да бар. Бир курбум кийим сатат. Дүкөнүнө барганда бирөө алсамбы же албасамбы деп ойлонуп калса, мен чыга калып, “ушундай дагы калдыбы, мен алам” деп баштайм. Анан кардарлар мени алып кетпесин деп сатып алышат.
– “Кыз-Буракта” жүргөндө эрежелерине чыдабай кыйналган учур болдубу?
– Ооба, чыдабай тажап кетчүмүн. Кыйналып баштаганда Гүлшайыр эже менен сүйлөшүп топтон чыгып кеткем. “Кыз-Буракта” 2 жыл ырдадым.
– Сайкал Садыбакасова менен эмненин айынан көп урушчу элеңер?
– Башка кыздар эмоциясын жаап-жашырганды билишчү. Мага бир нерсе жакпай калса бетиме чыгат. Саку эже баарыбызды отургузуп алып сүйлөшүп жатканда айтканы жакпай калса дароо кабагым бүркөлүп жактырбай баштачумун. Анан Саку эже “жактырбаганыңды бетиңе чыгарганың жакпайт. Эл жок жерден билдирбейсиңби, эмоцияңды жашырганды үйрөн” деп урушчу.
– Келбети “Түбөлүк сүйүү” сериалындагы Кемалга окшош мырзалар жагат дегениңиз бар. Ошондой жигиттер бар бекен?
– Кемалдай мырза жок да, ал түрк, биз кыргызбыз. Бирок дене түзүлүшү Кемалдыкындай мырзалар көп экен.
– Жүзү гана окшош болбой жатабы?
– Жүзү Кемалдан да сулуу. Ким жөнүндө айтып жатам мен (каткырып)?
– Ким ал?
– Жандап жүргөндөр бар. Бирок сүйлөшкөн жокмун.
– Кызыгып кала бердиңизби?
– Ооба. Жагат, бирок ал адам менен келечегимди көрбөйм.
– Турмушка чыгыш үчүн жумуш кылганды гана билиш керекпи?
– Жок, кайнене, кайнененин неберелери, кыбыраларына чейин көңүлүн тапканды билиш керек го. Ал жагынан өзүмө ишенем. Канчалык каардуу кайнене болбосун башын айландырып алам деп ойлойм. Башын айландырып деген жаман мааниде эмес, тилин таап жакшынакай жашап кете алам деп ойлойм.
– Азаматсыз. Лазат Нуркожоева сулуубу же сизби?
– Жанагы Сагын Эргешовдун жанында жүргөн кызбы? Албетте, мен сулуумун. Мен негизи “Кыргызстан сулуусу” сынагына ишенбейм. Ал жакта эч качан таза сынак болгон эмес деп ойлойм.
– Лазат айымдын туулган күн өткөргөнү талкууга түштү. Сиз ошондой кече өткөрө алдыңыз беле?
– Жок. Мен президенттин карындашы эмесмин да. Мияги менен Эндшпилди чакырды деп жатышабы? Мен бул жактан Айгерим Саматованы эле чакырып алайынчы.
– Кийин ал ырчыларды чакырган эмесмин деп айтты. Өзүңүзгө кайсы сапатыңыз жакпайт?
– “Өлө боорукермин да, элди аяй берем, ошонум жакпайт” дей беришет го (күлүп). Жөн эле койгулачы дегиң келет. Мен болсо эмоционалдуумун. Урушуп кетсем өзүмдү кармай албайм. Ошол жерден лакылдап, оозума эмне сөз келип жатса, ошону айтам. Анан тиги адамдын жүрөгү ооруп калат да, өкүнүп калам.
– “Ушул ырчы ырдай албайт” деп кимди айтат элеңиз?
– Толтура да. Баарыбыз билебиз го. “Кыргызстан обондору” 62 сааттык эфирге чыгып рекорд койду го. Ошондо абийирдин баары ачылбадыбы. Өзүңүздөр ошол жактан көрүп алсаңыздар болот.
– Шоу-бизнесте кимдер менен жакынсыз?
– Айгерим Саматова, Эльзар Тиленбаев, Калыс Жакыпов, Бекжан Темирхан, Кызсайкал Кабылова, Сагын Эргешов жана башкалар менен шеринебиз бар.
– Саясатчы болсоңуз кимдей болмоксуз?
– Кызсайкал мени телефонуна Адахан Мадумаров деп сактап алган. Демек, Адахан Мадумаровдой. Мен болсо Сайкалды Садыр Жапаров деп сактап алгам. Ал чалып жатса көргөндөр таң кала беришет.
– Моргенштернге эмнеңиз окшош?
– Бетинин түзүлүшү жагат. Ошонусу окшош деп коёюнчу. Мүнөзүбүз деле окшошуп кетиши мүмкүн. Ага баары бир го, жүрө берет каалаганын кылып, жинди го, мен деле ошондоймун.
– Эмнеңиз менен мактана аласыз?
– Өзүм менен мактана алам. Кээ бир ырчылардын демөөрчүлөрү бар же Түркияга барып иштеп келе калып, тиги жак, бул жактан акча сурай калып ырчы болгондор бар. Ага караганда өзүм салон иштетип ак эмгегим менен акча табам. Ошол акчама ыр жаздырып, өз ордумду акырындан таап келе жатам. Баарына өзүм жеттим, ошону менен мактана алам. Айфонум 11инчи эле, мен президенттин небереси эмесмин да.
Перизат Музуратбекова