Аскат Осмонов, тиктокер: «БАТ ЭЛЕ ПОПУЛЯРДУУ БОЛУП КЕТТИМ»

Модель, тиктокер Аскат Осмонов менен жакындан тааныштык. Үйдө мал карап, үй жумуштарын кылып жүргөн эле жигитмин деген Аскат мырза өзү, ата-энеси, Бир бала менен мушташканы, Crushhouse тууралуу айтып берди.

– Аскат, салам. Кандай жүрөсүз? Окууңуз, Crushhouse, моделдик жана башка көп иштериңиз бар экен. Кантип жетишип жатасыз?

– Баарыңарга салам. Жигитке 70 өнөр аздык кылат деп коёт го. Моделдик, блогерлик, тиктокерлик менин биринчи пландагы жумуштарым. Экинчи пландагы жумуштарым да көп. Алар окуум, үйдөгү жумуштар. Блокнотко күндө эмне кылышым керек экенин жазып алып, ошол план менен иштеп жетишип жатам.

– Үйдө эмне жумуштарды кыласыз?

– Азыр Crushhouse’та жашайм да. Өзүбүз Воронцовкада жашайбыз. Ал жакта мал карап, үйдөгүлөргө жардам берчүмүн. Мал караган оңой эле жумуш. Анын сабагы деле жок.

– Минтип аракет кылып алдыга умтулууга эмне мотивация берет?

– Мотивация – өзүмдүн жашоом. Жакшы жашагым келет. Башкы максатым – ата-энемдин кыялдарын орундатуу. Ага чейин 24 саат токтобой иштей берем.

– Алар эмнени кыялданышат?

– Билбейм. Убактысы келгенде сурайм. Балким, ошондо атам Феррари айдагым келет дейт. Мен ошондо Ферраринин ачкычын кармата калгандай болушум керек. Балким, каалоолору кичинекей эледир. Балким, дайыма жанында болушумду гана каалашат.

– Үй-бүлөңүз тууралуу айтып бериңизчи анда.

– Апамдын аты Рахат. Аябай сулуу, эң мыкты айым. А атамды көрсөңөр, атам краш. Апам муну укпасын. Атамдын аты Улан. Аида, Альбина деген 2 карындашым бар. Бири студент, экинчиси мектепте окуйт.

– Тиктокер болушуңузга кандай карашат алар?

– Ата-энем өздөрү тиктокер, модель, актёр болгулары келет. Голливудда киного тартылгылары келишет.

– Бала чагыңыз кандай өттү?

– Кичинекей кезимде таэквондо, дзюдо, самбо менен машыкчумун. Анан эле моделингге келип калдым. Бул деле кыялдан улам болсо керек. Популярдуу болууну кыялданчумун. Популярдуу болсом кандай болмок, чын эле көчөдө баратсаң эл токтото калып сүрөткө түшөбү деп ойлонуп элестетчүмүн. Баары бат эле болуп кетти. Азыр мына сизге интервью берип жатам.

– Ошондо моделингге кантип аралашып калгансыз?

– 15 жашымда жарнамага тартылуу үчүн кастингге баргам. Башкалар ыйлап, монолог айтып образга кирип жатышса, мен “В лесу родилась ёлочка” ырын айтып бергем. Анткени башка эч нерсе билчү эмесмин. Мен сабактарды окуганды жаман көрөм, бирок китеп окуганды жактырам. Ошентип ошол ырды айтып уят болуп кеткем. Бирок эртеси “кастингден өттүңүз” деп чалышты. Ошончо баланын арасынан мен эле өтүптүрмүн. Бир нерсени кааласаң ал ишке ашат. Ошол роликти азыр да теледен көрсөтүшөт. Ошондон кийин көп эшиктер ачылды.

– Тиктокко качан кызыга баштадыңыз?

– Карантинде үйдө отуруп калбадыкпы. Байкасам, Тиктоктун доору башталып жатыптыр. Мен да тартып көрөйүнчү деп 2-3 видео тартып жүктөсөм, 500 миңдеп көрүлүп кетти. Катталуучуларым көбөйүп, карантинде 70 миң катталуучу топтодум. Анан Crushhouse ачылып, мени чакырып калышты.

– Crushhouse’тагылар менен жакын болуп калсаңар керек...

– Ооба, туугандай болуп калдык. Баары жакшы балдар, максаттары бар адамдар. Алар менен оңой сүйлөшөсүң, оңой жашайсың. Жамаатта ой бир жерден чыкса, ошол жакшы.

– Мушташтарга хайп үчүн эле чыкчу белеңиз?

– Жок, хайп үчүн эмес. Хайп деген сөздүн өзү жакпайт. Мен дайым рингге чыккым келчү. Кичинекейимде спорт менен машыккам дедим го, анан рингге чыккан кандай болду экен деп кызыкчумун. Бакыт Макеев менен мушташыбыз өзү эле шоу болуп кетти. Эл өзү эле көтөрүп салды, комментарий жазып, эфирлерге чакырышып. Биз аны каалаган эмеспиз. Эмне кылалы эми Кыргызстанда жашоо кызыксыз болуп жатса? Мен мындай мушташтардын көп болушун каалайм. Ошондо көрсөңөр керек, профессионалдар мушташып жатканда көрүүчү жок болду, биз аудиторияны көтөрүп кеттик. Ошондон профессионал мушкерлерди эл таанып баштады. “Аскат менен Бакыт мушташканда ушул бала да мушташкан да” деп сүйлөшүп калышты. Бул спортко кызыгууну ойготуп жатпайбы. Мени менен мушташам деп машыккан балдар болду. Мен алардын машыкканын көрүп сүйүнөм. Бул жакшы нерсе да. “Күндө эртең менен чогулгула, мен ким менен мушташарымды тандайм” десем, баары чуркашмак.

– Бакыт Макеевден жеңилип калганда кандай абалда болдуңуз?

– Жеңилгенди жаман көрөм. Баары эле жаман көрөт го, бирок айрымдар жеңил өткөрөт. Мени уятым жеп коёт. Бирок профессионал спортчулардай эле 3 раунд кармалдым. UFC’де да мынча кармалышпайт. Бир мушташта болсо бизге 1 раундду 5 мүнөттөн кылып койгон. 15 мүнөт элестеткиле, эч кимиңер андай мушташкан эмессиңер. Аягында кыйналып башым айланып чыккан. Бакыт машыгат да, ага жеңилирээк болду.

– Эми мушташка чакырышса барбайсызбы?

– 200 миң сом койсоңор бара берем. Айфон 13, Макбук жана акча үчүн ким менен болсо да чыгам.

– Сынакка катышып жатам деп калдыңыз...

– “Азиянын жүзү” аттуу Түштүк Кореяда өтүп жаткан сынакка катышып жатам. Буга чейин “Кыргызстандын жүзү”, “Борбор Азиянын жүзү” сынактарын уттум. Азыр 20 өлкөдөн 50 катышуучу катышып жатабыз. Сынак онлайн түрүндө өтүп жатат. Кыргызстандан Саадат, Аяна деген кыздар да бар. Жыйынтыгы декабрда чыгат. Жеңсек, акча, атак-даңк күтүп турат. Дүйнөлүк бренддердин жүзү болуп калышыбыз мүмкүн. Мындан тышкары Франциядагы мода көргөзмөсүнө кастингге катышып, жыйынтыгын күтүп жатам.

– Клиптерге тартылган жагабы?

– Ооба, бирок кандай адамдар менен иштешкениңе да байланыштуу. Мага Аваз Акимов, Айдана Дека менен иштешкен жакты. Алар улуу болсо да мага досундай мамиле кылышат.

– Киного тартылгым келет деп каласыз?

– Ал менин кыялым да. Сунуш түшпөй жатат. Түшсө кандай роль болсо да ойной алам.

– Жакын арада кинодон көрүп калалы анда сизди. Маегиңизге рахмат.

Перизат Музуратбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
Luna7
2021-10-25 10:08:45
Жигитке 70 онор аздык кылат дейсиң,бирок сенин өнөрлөрүң жигитке жарашпайт.
+5
Mister-XXX
2021-10-27 23:44:59
Акча учун баарына барам деп кой...Өтө коркунучтуу адам экенсиң анда...
Эркек адамга моделдик иш жарашпайт.Эркекмин деп мактанбай эле койчу...
0
№ 985, 21-27 октябрь, 2021-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан