КӨК БӨРҮ БОЮНЧА ӨЛКӨ ЧЕМПИОНДУГУ ӨТҮҮДӨ

Чүй облусунун Сокулук районундагы "Белек" ат майданында 18-октябрда көк бөрү боюнча Өлкө чемпиондугу старт алды.

Өлкө чемпиондугуна 7 облустан жана Ош, Бишкек шаарынан бирден команда чыгып, жалпы 9 команда ат салышууда. Алгачкы күнү А тайпасында Чүй облусу менен Бишкек шаары кез келип, 10:3 эсебинде Чүй облусунун командасы жеңишке жетишти. В тайпасынан Талас облусу Ысык-Көл облусун 6:0 эсебинде утса, С тайпасында оюн талаасына чыккан Ош облусу Жалал-Абад облусун 15:4 эсебинде жеңди. Ал эми оюндун экинчи күнү Бишкек шаары Нарын облусун 7:3, Ысык-Көл облусу Баткен облусун 15:3, Жалал-Абад облусу Ош шаарынын командасын 5:3 эсебинде жеңишти.

Динара Акимова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 985, 21-27 октябрь, 2021-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан