АКЖОЛ МАХМУДОВ ДҮЙНӨЛҮК РЕЙТИНГДЕ 4-ОРУНГА ТҮШҮП КАЛДЫ

Токиодо өткөн жайкы Олимпиада оюндарында күмүш байгени багындырган Акжол Махмудов 77 килограмм салмакта дүйнөлүк рейтингде төртүнчү орунга түшүп калды. Мындай маалымат дүйнөлүк күрөш уюмунун расмий сайтына жарыяланды.

Маалыматка ылайык, Осло шаарында өткөн Дүйнө чемпиондугунан кийин рейтинг кайрадан жаңыланган. Биринчи орунда Акжол Махмудов финалда жеңилген венгриялык Тамаш Лёринц турса, экинчиде орусиялык Роман Власов, үчүнчүдө азербайжандык Санан Сулейманов жайгашты.

Акжол Махмудов буга чейин рейтингде экинчи орунда болчу.

Динара Акимова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 985, 21-27 октябрь, 2021-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан