Мезгил үнү
7-апрель окуясынан бери 7 ай өтүп, 17-ноябрь күнү сот иши Спорт Ордосунда башталды. Спорттук оюндар менен концерттердин көркүн ачып келген сахнага айыпталуучуларды кармаган темир тор коюлуп, ал эми залдан жабыркоочулар, соттолуучулардын тарапташтары жана журналисттер орун алышты.
СОТ ИШИ СПОРТ ОРДОСУНДА
Кыргызстандын тарыхында мынчалык көп адам катышкан сот иши биринчи жолу болушу. Бишкек гарнизонунун аскердик соту 7-апрель окуясы боюнча кылмыш ишин кароону баштап, ага Жакыпбек Бектемиров төрагалык кылды. 17-ноябрь күнү саат 9да айтылган жерге барып, имаратты курчаган милиция кызматкерлерине кабылдык. Залга кирген соң сахнада орнотулган чоң темир тор айласыздан көңүлдү буруп, отургандардын “обезьянник” укмуш го” деген сөздөрүн кулагыбыз чалды. Темир тордун ичинде мурдагы Коргоо министри Бактыбек Калыев менен Мамлекеттик күзөт кызматынын төрагасынын мурунку орун басары Нурлан Темирбаев орун алышыптыр. Айтмакчы, экинчиси форма, погондору менен келгенин көргөн жабыркоочулар “кайсы бети менен формачан келди, чечсин!” деп чуу салышты.
“БААТЫРЛАР” ДА, “ДУШМАНДАР” ДА СЫЗДАШЫП...
Эске салсак, 15-ноябрда президент Роза Отунбаева 380 адамга “Апрель элдик революциясынын төш белгисин” тапшырган. Алардын ичинен курман болгон 83 катышуучунун төш белгиси туугандарына берилди. Эми минтип арадан эки күн өтпөй, “баатырлар” менен “душмандар” бир залда чогуу отурушту. Алар бири-бирин канчалык жек көрбөсүн, баары бир эки тарап тең кайгыга батып, астейдил көз жашын аарчып отурушту. Залдан “баламды жөн жерден атып коюшту” деп бир тарап боздосо, экинчи жак “уулум буйрукту аткарды” же “эптеп күнөөлүү кылуу үчүн жөн жерден камап коюшту” деген кептер угулду.
“ҮЙҮҢДҮН ДАРЕГИН ТАК АЙТ!”
Соттолуучулар трибунага чакырылып, алардын анкеталык маалыматы сот тарабынан такталды. Алгач президенттик аппараттын мурунку жетекчиси Каныбек Жороев чыгып, үнү каргылдана жооп берди. Анын артынан Экс-Баш прокурор Нурлан Турсункулов менен Коргоо жана коопсуздук иштери боюнча президенттин мурунку кеңешчиси Элмурза Сатыбалдиев жооп берди. Бакиевдин тушунда Баш прокурор болуп иштеген Сатыбалдиев мырза 5 балалуу, кичүүсү 4 жашта экендигин айтты. Президенттик катчылыктын экс-жетекчиси Оксана Малеваная 4-17-май аралыгында камакта болгонун мукактана билдирди.
Кезек темир тордун ичинде отургандарга жетип, алгач Мамлекеттик күзөт кызматынын төрагасынын мурунку орун басары Нурлан Темирбаев жооп берди. Ал 20-июлдан бери камакта отурат. Ал эми экс-президент Курманбек Бакиев Кыргызстандан чыгып кеткенге чейин жанында болгон Экс-Коргоо министри Бактыбек Калыев «жарандык никеден 3 балам бар» деп сүйлөдү. Ар бир айыпталуучу баласы жөнүндө маалымат берип жатканда, 7-апрелде жакынын жоготкон туугандары “балаң биздин балабыздай көпкө жашабасын!” деп кайгысынан улам каргыш айта кыйкырык салышты. Бул аралыкта анкетанын суроосу боюнча үйүнүн дарегин билдирбей, кээ бирлери районун гана айтып жатышты. Жабыркаган тарап “үйүңдүн дарегин так айт!”, артынан “өрттөп кетебиз!” деп жатышты.
МКК МЕНЕН “АЛЬФАЧЫЛАР”
Мамлекеттик күзөт кызматы жана УКМКнын “Альфа” башкармалыгына караштуу айыпталуучу кызматкерлердин тизмеси:
«Альфачылар»:
“Альфанын” башчысы Алмазбек Жолдошалиев, Канат Кадыров, Сергей Цигельников, Тимур Попов, Олег Ребёнок, Жеңишбек Бабибраимов, Талантбек Мамбетов, Медет Исаков.
«МККчылар»:
МККнын төрагасынын орун басары Данияр Дунганов, Расул Байтоков, Максат Карикеев, Рафаэль Мадрахимов, Майрамбек Тентиев, Урмат Камчыбеков, Акылбек Ниязов, Султан Арбаев.
Айта кетчү жагдай, аталган кызматкерлердин көпчүлүгү кылмыш иши менен тааныша электигин айтып жатышты. Ал эми МККнын кызматкерлеринин формачан чыгышкандыгы жабыркоочу тараптын кыжырын келтирди. Алардын мурунку башчысы Данияр Дунганов ооруп жаткандыгы үчүн сотко “Тез жардамдын” унаасы менен келип, залда медициналык замбилде жатып жооп берди.
“ШОУ” ДЕГЕН СӨЗДӨН ЧАТАК ЧЫКТЫ
Таанышуудан кийин соттолуучулардын адвокаттары кылмыш иши менен таанышып үлгүрө электигин жарыялашты. Анткени 60 томдук материалды изилдеп чыгууга эки күн гана берилген. Андыктан адвокаттар сот ишин 40 күнгө жылдыруу зарылдыгын айтып чыгышты. Бул аралыкта жабыркоочулар “сегиз айдан бери күтүп келебиз, эми 40 күн эмес, 40 саат күтө албайбыз!” дешти. Сот алардын пайдасына чечип, адвокаттардын өтүнүчүн четке какты. Аңгыча жактоочулар сот ишин “шоу” деп атаганда, залда ансыз да араң отурган элдин арасында нааразычылык күчөп чыкты. Иниси аянтта каза болгон аял: “Дезертир, террорчу менен эл душмандарына коргоо берилбейт, мындайларды атып салыш керек”,- деп ыйлап кирди.
Бир кезде соттолуучулар отурган жакка бош желим бөтөлкө ыргытылып, артынан эле сахнаны көздөй чуркаган жигиттердин айынан баш аламандык болуп кетпеспи. Бир-эки мүнөттүк кымгууттун ичинде милиция кызматкерлери тартипке келтирүүгө аракет жасап, адвокат жана соттолуучулар залдан качып чыгууга араң үлгүрүштү.
Мындан кийин сот 18-ноябрга жылдырылды. Бирок ал күнү адвокаттар сотко келүүдөн баш тартышыптыр. Ошентип, алгачкы күнү ызы-чуу менен башталган эң чуулгандуу сот 22-ноябрда улантылмакчы болду.
КЫСКА-НУСКА
Алар: экс-президент Курманбек Бакиев, МККнын экс-төрагасы Жаныш Бакиев, Максим Бакиев, УКМКнын мурунку төрагасы Мурат Суталинов, экс-премьер-министр Данияр Үсөнов жана “Арстан” тобунун буга чейинки башчысы Эсенбай Байыш уулу.
Эльвира Караева
koom@super.kg
«Супердин» сурак бурчу
СОТ АПРЕЛЬ ИШИ БОЮНЧА АДИЛЕТ ЧЕЧИМ ЧЫГАРАТ ДЕП ОЙЛОЙСУЗБУ?
Жоро Сулайманов,
50 жашта, журналист:
– Соттун адилеттүү чечим чыгарарына күмөнүм бар. Андан да бул жерде күнөөсүздөр соттолуп, накта кылмышкерлер аппак чыгып кетпесе экен деген ой тынчымды алууда. Сот болгон күнү мен залда отурдум. Мындай сотту өткөрүүгө маданиятыбыз жете элек экен.
Гүлназ Бакир кызы,
23 жашта, ди-джей:
– Менимче, жабыр тарткандардын жакындары адилет чечим чыксын десе, сабырдуу болуулары керек. Ошондо сотторго да мыйзамдын негизинде иштөөгө, акыйкат жыйынтыкка келүүгө шарт түзүлөт.
Нурмат Ташболотов,
90 жашта, пенсионер:
– Мен Орусияда турам. Келгениме 2 ай болду. Өлкөдө болгон окуяларга сыналгыдан гана көз жүгүртүп турдум. Азыр ошол окуя боюнча сот иши башталды. Күнөө кылгандар соттолсун. Ал эми сот милдетин аткарып, адилеттүү чечим чыгарып бериши керек. Болбосо арбактардын убалына калат.
Айжамал Аскерова,
18 жашта, студент:
– Кыргызстанда мындай чоң масштабда өтүп жаткан сот алгачкы жолу болууда. Ушунча элди топтоп өткөрүп жаткан сот кантип адилетсиз болсун? Мен адилеттүү чечим чыгарат деген эле ишеничтемин.
Кубандык Өмүров,
57 жашта, сүрөтчү:
– “Пулду көргөндө пайгамбар жолдон чыгыптыр” деген кыргыздын сөзү биздин сотторго арналгандай. Көрөсүңөр го, эл сотунда акыйкат чечим чыкпайт. Анткени бизде акча негизги ролду ойнойт. Күнөөсүздөр соттолот, күнөөлүүлөр эркиндикте чардап жүрө беришет.
Рапия Байгазиева,
48 жашта, врач:
– Көп элди чогулткан соң коопсуздукту да камсыз кылуу керек эле. Эл агрессивдүү абалда турганда дагы жаңжал чыгып кетсе ким жооп берет? Менин тынчымды азыр соттун чечими эмес, ошол жерде топтолгон калктын абалы алууда. Сотту жабык өткөрүп, күнөөлүүлөрдү соттоп жиберсе болмок.
Урмат Аматов,
17 жашта, спортчу:
– Апрель окуясында кыргыздын канчалаган жаш уландары каза болду. Учурда алардын жакындары акыйкаттыкты талап кылып, Спорт Ордосунда элдик сотто жүрүшөт. Мындайда сот адилет чечим чыгарыш керек.
Бактыгүл Сокушова