Садык Нышанбай уулу «Универсал» командасынын мотору. “Тамашоу” долбоорунда тапан жигит суроо-жооп, видеосынак, алфавит оюндарында мыкты оюнчу экенин көргөзчү. Учурда Ош шаарында чыгармачылыгын улантып жаткан шайыр жигит менен баарлаштык.
– Садык, салам! Чыгармачылыгыңда кандай жаңылыктар бар?
– Саламатсызбы? Азырынча тойдо тамадалык кылып иштеп жатам. Жакында киного тартылуу үчүн Бишкекке барам. Жыл сайын жаз айларында “Универсал” командасы концерт беребиз. Концерт берип алгандан кийин жаш таланттарды колдоо максатында долбоор баштайлы деген пландарыбыз бар. Сахнага чыккысы келип жүргөн жаштар бул долбоордо стендап аркылуу таланттарын көргөзүшөт.
– Чыгармачылык жолуң “Тамашоудон” башталган эмеспи. Бул долбоор жашооңо кандай өзгөрүүлөрдү алып келди?
– Албетте, “Тамашоудон” башталган. Бул долбоордон атым таанылгандан бери жашоом бир топ өзгөрдү. Анткени долбоор өзүбүздү кандай алып жүрүштү, адамга кандай мамиле кылышты, максатка жетүү үчүн аракет кылууну токтотпош керек экенин үйрөттү. “Тамашоуго” аттанып жатканда “чемпион болобуз” дегенбиз, максатыбызга жеттик.
– Сени “Универсал” командасынын мотору дешет. “Эч ким ойной албаган ролдорду ойнойт” деп сыпатташат. Чын эле ушундайбы?
– Бул суроого жооп бергенден бир аз тартынып турам. “Өзүн мактагандан өлгөнчө кач” дегендей. Мен тууралуу досторум жакшы айтып беришсе керек. Балким, башкалар ойной албай калган ролду ойноп койгондурмун. Бирок менден да таланттуу жигиттер бар. Мен ойной албаган да ролдор бар.– Сахнада өзүңдүн келбетиңди шылдыңдай бересиң го. “Күчтүү адам гана өзүн шылдыңдай алат” дешет. Бул ойго кошуласыңбы?
– Максат Усенов деген КВНде ойногон агабыздан сабак алчубуз. Ал “бирөөнүн үстүнөн күлүп миң адамды күлдүргөнүң менен, бир адамды капа кылып аласың. Ал эми өзүңдүн үстүңдөн күлсөң жалпы эл күлөт. Мындай тамашаны ойлоп тапкан адам күчтүү болот” деген. Анын оюна кошулам. Ошондуктан өзүмдү шылдыңдагандан тартынбайм.
– Тамашакөй жигит жашоосунда кандай адам?
– “Тамашоудо” акылсыз, тентек жигиттин образын жаратканым менен, жашоодо оор басырыктуу, жөнөкөй, карапайым жигитмин.
– “Универсал” командасы мындан ары ырдайбыз” дедиңер эле. Качан ишке ашчудай?
– Ооба, чындыгында, ырдайбыз деп ыр жаздырганбыз. Тарбиялык максаттагы, тамашалуу 2 ырыбыз бар. Бирок командадагы жигиттер өз тиричиликтеринен бошобой, олуттуу киришкенге убакыт бөлө албай жатабыз. Буюрса, ырларга клиптерди тарткандан кийин эл алдына алып чыгабыз.
– Командадагы жигиттер ортосунда пикир келишпестиктер болуп турчу беле?
– Сөзсүз түрдө болот. Команда болуп узак убакыт чогуу жүрүү өтө кыйын. Команда чачырабай, ынтымакта жүрүшүнө капитаныбыз Калыбек Турдубаевдин салымы чоң. Ал өтө оор басырыктуу. Ачуусу менен чечим чыгарбайт. Пикир келишпестик болуп калган кезде Калыбек бизге өзүбүзгө келиш үчүн убакыт берип, бири-бирибизден кечирим суратып, бизди кайра жараштырып, кайра эле жакын дос кылып коёт. Ошондуктан командабыз чачырабай жүрөт деп ишенимдүү айта алам.
– Чыгармачылыктын арты менен кандай материалдык байлык топтой алдың?
– Чыгармачылыктын артынан үй, унаа алдым. Чакан бизнестерим бар. Чоң бизнес кылууга аракет кылып жатам.
– Маек нугун жеке жашооңо буралы. Бала кезиңди эстеп өтсөң. Артка кылчайып караганда эмнелер эсиңе түшөт?
– Балалыгым Кара-Суу районунун Октябрь айылында өткөн. Ошол жактан мектепти бүтүргөм. Бала кезде талаа жумуштарын кылчумун. Тамеки, күн карама, жүгөрү экчүбүз. Кыйын болчу.
Бала кезди эстегенде бир окуя эсиме келе берет. Абамдын аялын чоң апа дейм. Ал китепканачы эле. Көзү өтүп кетти. Ал бир күнү “бас, китеп оку! Китеп окубасаң адам болбойсуң” деп чакырды. Аябай катуу коркутуп чакырган эле. Барганда жука, кичинекей китептерди алгандан коркуп чоң китепти алып “ушул китепти окуйм” деп көргөзсөм аябай каткырды. “Чын эле окуйсуңбу? Ичин ачып карадыңбы?” деди. Ичин ачсам ноталар жазылган музыкалык китеп экен (күлүп). Ошондо катуу урушкан эле.
– Ата-энең чыгармачылыгыңды колдошобу?
– Атамдын аты Нышанбай, апамдын аты Гүлжан. 3 бир тууганмын. Үч уулбуз. Улуусу Эмил агам 39 жашта, кийинки агам Мирбек 36да. Мен кенжетайымын. “Тамашоуго” катышып баштаганда атамдан башкасы каршы болушкан. “Сабагыңды оку, диплом ал” дешкен. Кесибим электрик-инженер, ГЭСтерде иштешим керек. Бирок окууну бүткөндөн кийин өзүмдү ал тармактан көрө алган жокмун. “Тамашоуго” баш-отум менен кирип кеттим. “Тамашоудон” аздыр-көптүр ийгилик жараткандан кийин ошол кезде каршы болушканы үчүн уялып калышкан. Кудайга шүгүр, чыгармачылыктын артынан жакшы тиричилик кылып жатам. Тартиптүү жигит болгонум үчүнбү, алар мени жакшы көрүшөт.
– Өзүң түптөгөн чакан мамлекетиң тууралуу да айта кетсең...
– Үйлөнгөнүмө 3 жыл болду. Учурда 2 кыздын ата-энесибиз. Улуусу Айбийке 2 жашта, кичүүсү Аяна 1ге чыкты. Келинчегим Апал эгиздин түгөйү. Кара-Суу районунун Асан-Чек айылынан болот. Экөөбүздү аталаш карындашым тааныштырган. Телефон аркылуу таанышып, жолукканбыз. Жылдызыбыз келишип баш кошконбуз.
– Маегиңе рахмат! Ийгилик жарата бер!
Динара Абдыкадырова