Кыргыз эстрадасында уйкудан ойгонуп эле “мен ырчымын” деп чыга калгандардан айырмаланып, ырчылыкта узак жолду басып өткөн жигит бар. Өзүңүздөр билип тургандай, бул инсан талант десең талант, жөнөкөй десең жөнөкөй, анан да балалыктай таза мүнөз – Ильяз Абдыразаков. Ар жума сайын адатка айланып калган футбол оюнубуздан кийин ырчы менен маектешип, акыркы маалыматтарын билгенге үлгүрдүм.
– Кандай, Ильяз? Ден соолугуң жакшыбы?
– Рахмат! Ден соолугум жакшы болуп калды. Орусияга барып, бир аз суукка урунуп калган экенмин. Дарылангандан кийин, Кудайга шүгүр.
– Эмне менен алектенип жүрөсүң?
– Азыркы кезде жаңы ырларды жаздырып жүрөм. Сайкал Садыбакасова менен дуэт жаздыруунун алдындабыз. Андан сырткары жакында өтүүчү концертиме даярдык көрүп дегендей.
– Ага-инидей болуп жетелешип жүргөн продюсериң менен иштешпей калыпсың...
– Продюсерим Баякенин ырчылыгыма дагы деле тиешеси бар. Башкача айтканда, ал мени сурап кайрылгандарга жооп берип турат. Жайында ортобузда бир-эки түшүнбөстүктөр болуп, азыр иштешпей калсам да, ага-ини бойдонбуз.
– Эми башка продюсер менен иштешесиңби?
– Азырынча мага Кабыл Бөрүбаев жардам берип жатат. Ал эми келечекте кайсы продюсер менен иштешерим белгисиз. Так айта албайм. Аны убакыт көрсөтөт.
– Продюсерсиз иштеш кыйынбы?
– Ооба, кыйын эле. Ар жакта болуп калабыз. Программаларды түзүш керек. Ошолорго каралашып туруш керек да.
– Кыргызстандагы продюсерлер жетиштүү деңгээлде иш алып барышабы? Алган акчасын актайбы?
– Өзүмө тиешелүүсүн айтсам, продюсеримди жаман дебейм. Ырчынын бардык тарабына көңүл бурушса жакшы болмок. Тилекке каршы, андай эмес. Ар жакка чакырып тажаткандары бар. Ал эми алган акылары жөнүндө айта албайм...
– Ата-энеңди качан келиндүү кылайын деп турасың?
– Буюрса, декабрь айынын орто ченинде концертимди берем. Анан ошол концерттен кийин үйлөнөм.
– Анда Ильяздын келечектеги жубайы ким болду экен?
– Сүйлөшкөн кызым карапайым эле үй-бүлөдөн. Нарындын Ак-Талаасынан болот. 1991-жылы туулган. Сүйлөшкөнүбүзгө 6 ай болуп калды. Ушунча убакыт ичинде бири-бирибизди жакшы эле билип калдык окшойт.
– Аты ким? Кайдан, кандайча таанышып калдыңар эле?
– Атын айтпай турайын. Буюрса, концерттен кийин кененирээк айтып берем. Ага чейин сыр бойдон тура турсун. Таанышып калганыбыз туурасында айтсам. Бир тааныш кызга “Дордой базары” тараптан жолугуп калдым. Жанында курбу кыздары бар экен. Анан алардын арасынан бирөөсү дароо эле көзүмө түштү. “Любовь с первого взгляда” болду окшойт. Анан тааныш кызымдан телефон номерин алып, жакындан таанышып сүйлөшүп калдым. Окуя ылдам эле өнүгүп, тил табышып кеттик.
– Сен Баткенден, ал кыз Нарындан. Ата-энеңер каршы эмеспи?
– Жок, каршы эмес. Ата-энелерибиз ак батасын беришет деп ойлойм.
– Концертиңден эмне өзгөчөлүктөрдү күтсө болот?
– Албетте, өзгөчө концерт берейин деп максат кылып жатам. Жаңы ырлар болот. “Жаным ай” менен “Азапты” казакча ырдаган казак ырчылары келишет. Калганы сюрприз бойдон кала берсин.
– Айтмакчы, “Жаным айдын” казакчасын уккандар “Ильяз бул ырды казактардан уурдап алган турбайбы” дегендерин угуп жүрөбүз.
– Андайларды мен да угам. Бирок чындыгында андай эмес. Мен бул ырларымды казактарга саткам. Казак туугандар да менин ырларым экенине ишенишпей жүрүшүптүр. Өткөндө Алматыга барып, ырларымды кыргызча ырдап, боордош туугандарды ишендирип келдим.
– Жакшы экен. Шайлоо алдында иштеп тапкан акыңды толук бериштиби?
– Ооба. Толук эле беришти.
– Быйыл биздин супер концертте “Супер ырчы мырза” наамын утсаң, жеңишиңди кимге арнайт элең?
– Эгер жеңиш мен тарапта болсо, анда ата-энеме арнайм!
– Ырчылыкты качан таштайм дейсиң?
– Эми бала чагымдан бери ырчылык менен жашап келем да. Кудай ден соолук берсе, узак жылдар бою ырчылыкта калгым келет.
– “Азыркы кездеги популярдуулугумдан да жогорку деңгээлге жетсем болот беле?” деп ойлоносуңбу?
– Ойлонбойм. Азыркы деңгээлиме ыраазымын. Баары алдыда. Талыкпай эмгектенсем, мындан да жогорку деңгээлге жетүүчү күн алыс эмес.
– Ушул кезге чейин кетирген чоң катам деп кайсы катаңды айтат элең?
– Чоң катам деп айткыдай катамды деле билбейм. Мектепти аяктабай калганым чоң катам болсо керек...
АКЫРКЫ ЖОЛУ...
– Качан мушташтың?
– 1 ай мурун.
– Качан өбүштүң?
– Кечээ!
– Качан ичимдик ичтиң?
– 15-октябрда, досумдун тоюнда.
– Качан ыйладың?
– Акыркы жолу 2009-жылы ыйлагам. Ага турмушумдагы бир кыйынчылык себеп болгон.
"МЕН ЖӨНҮНДӨ ЧЫНДЫКТАР"
– Эмнеден коркосуң?
– Караңгыда жалгыз жүргөндөн, анан да эл алдында уят болуп калыштан корком.
– Өзүңдү сексуалдуу мырзамын деп эсептейсиңби?
– Жок. Өзүмдү сексуалдуу мырзамын деп эсептебейм.
– Бир айда канча акча коротосуң?
– Шаарга жаңы келгенде кафеде иштеген элек. Ал кезде күнүнө 1000 сом тапсак, баарын коротчубуз. Азыр болсо 1 айда 10 миң сомдун тегерегинде жок кылам го.
– Кайсы ырчы жакпайт?
– Ырчылардын баары менен эле мамилем жакшы. Эми арасынан бир-экөөнүн ырдаганы жакпайт. Аттарын айтпай эле коёюн. Ырдабай коюшпасын, тамаша (күлүп).
– Өзүңдү кайсы актёрго окшоштурасың?
– Кандай десем?.. Өзүмдү Орландо Блумга окшоштуруп коём (күлүп).
– Калпты көп айтасыңбы?
– Жалган айтып баратып эле, аягы кайра чындыкка айланып кетет. Негизи, жалган айта албайм.
– Кайсы жаныбар жагат?
– Мамалагы менен аюу.
– Кыялыңдагы автоунааң?
– Өтө кызыккан унаам деле жок азырынча. А мурда кыялданган унаамды азыр айдап жүрөм.
– Ортодо сүйүү менен достук турса, кайсынысын тандайт элең?
– Бир жыл мурун ушундай окуя болуп, достукту тандагам. Демек, достукту тандайм. Бирок акыл калчап, баарын бир алып кетсең деле болот.
– Кайсы саясатчыны жактырбайсың?
– Бул же тигил деп бөлүп айта албайм. Кыргыз журтун алдап кеткен бардык саясатчыларды жек көрөм.
– Эгер президент болуп калсаң, сен да качып кетет белең?
– (Күлүп) Биринчиден, качканга жеткирбейт элем. Экинчиден, эл үчүн, эркектик намысым үчүн да качмак эмесмин.
Ильяз “Ала-Тоо” аянтынан тыюу салынган убакта машинасын учуртуп айдап өтүп баратат. Аны көргөн башка айдоочулар да машиналарын артынан айдап жөнөшөт. Аңгыча болбой кычыктан МАИ кызматкери чыга калып, ырчынын машинасын токтотот.
Ильяз терезеден башын чыгарып, арттагы машиналарды көрсөтүп:
– Байке, байке, сизге кардарларды алып келе жатам,- деп ала таякчандардан кутулуптур.
Залкарбек Карабалаев
star@super.kg