КОЙ (21.03-20.04)
Сизди кызыктырган жашыруун маселенин жообу табылат. Жашоого жана өнүгүүгө эмне жолтоо болуп жатса ошолорду четтетиңиз. Атаандаштар сизден чоң кемчиликтерди таппай, майдаларын айтып чыгат, өздөрүнө жараша жообун бериңиз. Үй иштери же үй-бүлөлүк иш-чара боюнча бушайман болосуз. Башы бошторго көңүлү түшүп, бирок сезимин айта албай жүргөндөр сырын ачышат.
Ички туюм күчөп, эмнени кандай кылганда ийгилик келерин так аныктап, ошого жараша аракеттенесиз. Чөйрөңүздө сиз көтөргөн демилге, сунуш көптөрдү кызыктырып, талкууга алынат. Туугандар кайсы бир нерсе жаатында сизге таарынычтарын айтышат. Жакшы сүйлөп жайгарып коюңуз. Айрымдарга иштөө шарты азыркыдан жакшы, айлыгы көбүрөөк иш чыгып калышы мүмкүн.
Учурда жасап жаткандарыңыз келечегиңизге таасирин тийгизет, андыктан ойлонуп иш кылуу кажет. Кырдаалды керектүү багытка бурууга жетишсеңиз кыйынчылыктан оңой кутуласыз. Иште жетекчилик бирөөнүн айынан бүтпөгөн ишти сизге тапшырат, ишенимди актоо керек. Кубаныч тартуулоочу окуянын болуп өтөрү күтүлүүдө. Жакындарыңыз менен бир жакка барып келүүңүз мүмкүн.
БӨЙӨН (22.06-22.07)
Даяр идея, аракет жана тынбай иштөөнүн арты менен ийгиликтерге жете аласыз. Айрым иштерди бүтүрө албасаңыз кейибеңиз, аларга да убакыт табылат. Чыгымдардын чыкканына карабай материалдык абалыңыз туруктуу болот. Жакыныңыздын кеңешин кулак сыртынан кетирбей угуңуз, болбосо артында өкүнүп каласыз. Досуңузга жагымсыз кырдаалдан чыгууга жардам бересиз.
АРСТАН (23.07-23.08)
Чечкинсиз болуп, күмөн санай берсеңиз ийгилик жаратуу оор болот. Сизге ишенип жана баалаган адамдарга жакын болуп, алардын колдоосунан пайдалангандан тартынбаңыз. Бүтпөгөн иштерди эки эселенген энергия менен бүтүрүп, көңүлүңүз тынчып калат. Мамилени бузуп, нервди коротпоо үчүн сүйүктүүңүзгө болор-болбосторду айтып, кейий бербеңиз.
БИЙКЕЧ (24.08-23.09)
Сизде жаңы нерселерди өздөштүрүү, ички дүйнөнү байытуу каалоосу ойгонот. Бир ишти баштаардан мурун маалыматтарды чогултуп, анан баштап, байкап көрүү керек. Ойлонбой туруп киришип кетүүнүн арты жакшы жыйынтыкка алып барбайт. Чөйрөдөгүлөр менен урушуп, душмандардын санын арттыруунун кереги жок. Чакырган жерге барып, жаңылыктарга байыйсыз.
ТАРАЗА (24.09-23.10)
Эскилерден кутулуп, жаңыларды тосуп алуунун учуру. Ийгиликтердин чоңуна гана кубанып жүрүп, майдаларына көңүл бурбай калгансыз. Андыктан кичине ийгилик үчүн өзүңүзгө рахмат айтып, ар көз ирмемди баалап жашаңыз. Иште сиздин катышууңуз керек болгон жагдай жаралат. Жаракатка кабылбоо үчүн жол жүрүүдө абайлаңыз.
ЧАЯН (24.10-22.11)
Эми мындан ары эмне кылышты туура чечип, алдыга жыла бериңиз. Өзүңүзгө ишенип, аракет кылсаңыз кандай тоскоолдуктар болсо да жеңип кетесиз. Жан дүйнөнү байытуу үчүн китеп окууңуз ыктымал. Пландалбаган чыгымдар чөнтөгүңүздү жукартат. Инфекцияны жуктуруп албоо үчүн коргонуу чараларын карманыңыз.
ЖААЧЫ (23.11-21.12)
Жашоого жаңыча кароо кажет. Компьютердик жаңы технологияларды, чет тилин үйрөнүү менен гана эртеңкиге кол суна аласыз. Эски идея жана ишеним, таарынычтарды түйүнчөккө түйүп ыргытыңыз. Иште оорчулук болбойт, андыктан хоббиңиз менен алектенип, башты сергиткенге убакыт табылат. Бирөөлөргө сый көрсөтөсүз.
ТЕКЕЧЕР (22.12-20.01)
Ишке жакшы көңүл бургандык көптөн күткөн жыйынтыкты алып келет. Өнөктөштөр эң ири идеяны ишке ашырууга мотивация беришет. Жүрөккө жакын адамыңыз менен бирге өткөргөн убакыттар мамилени бекемдейт. Өзүңүздөн оорунун белгисин сезип калсаңыз өз алдынча дарыланбай, врачка кайрылыңыз.
СУУ КУЯР (21.01-19.02)
Эмоционалдык жана каржылык жаатта да туруктуу апта болмокчу. Көптөн бери кыялданган нерсеңизди сатып ала аласыз. Энергияны башкы маселени чечүүгө коротуңуз. Бойдоктор кызыктуу адамдар менен таанышып, алардын ичинен бирине көзү түшөт. Ашыкча салмак топтогондор арыктоону көздөшсө болот.
БАЛЫК (20.02-20.03)
Апта тынч жана бир калыпта өтмөкчү. Жылдыздар башкы иштен алаксыбоону жана достордун жардамынан баш тартпоону эскертишет. Каржылык маселе үйдөгүлөрдүн көп акча коротуусунан келип чыгат. Материалдык абалыңызды жакшыртууга жаңы долбоорду ишке ашыруу же жаңы идея менен тынымсыз иштөө жардам бермекчи.