Атабек Азизбеков, балбан: “БАЛ АЙЫН ДУБАЙДАН ЖЕ ИСПАНИЯДАН ӨТКӨРӨБҮЗ”

Грек-рим күрөшү боюнча улуттук курама команданын капитаны, балбан Атабек Азизбеков сүйүктүүсү Чолпон Айдаркановага баш кошту. Беш жылдай кыз-жигит мамиледе жүрүп турмуш жолуна сапар алган жаш жубайлар биздин маек төрүбүздө. Түгөйлөргө бакыт каалап, аларды кепке тарттык.

– Салам, Атабек, куш боо бек болсун! Эл уулу болгондон кийин бүтүндөй кыргыз элин келиндүү кылып отурасыз. Жубайыңызды тааныштыра кетсеңиз.

– Жубайымдын аты Чолпон, 26 жашта. Ат-Башынын кызы болот. Азыркы тапта үй оокаттары менен эле алек.

– Салам, Чолпон, конгон тууруңуз туруктуу болсун! Келиндик доор кандай өтүп жатат?

– Рахмат. Жакшы эле өтүп жатат.

– Жашоонун жаңы баскычына көнүшүп калдыңызбы?

Атабек: – Жок, көнө албай жатат (күлүп).

Чолпон: – Мен Атабектин байке-жеңесин мурдатан эле таанычумун. Азыркы учурда биз алар менен бирге болгонго аралашуу оор деле болгон жок. Бирок өзүңдү конокто жүргөндөй сезип, үйгө кетчүдөй боло берет экенсиң. Негизинен, көнүп деле калдым.

– Кантип таанышып калдыңыздар эле?

– А.: Чолпон менен студент кезде таанышкам. Дүкөнгө кирип балмуздак алайын деп жатсам ал дагы алып жатыптыр. Ал жерден тийишип, ар кайсы нерсени сурап жатып таанышып алгам. Кыз-жигиттик мамиледе жүргөнүбүзгө 4-5 жыл болуп калды.

– Бири-бириңердин кандай сапаттарыңарды өзгөчө жактырдыңар?

А.: – Жашообузда не бир түркүн адамдарды жолуктурабыз, көргөндө эле адамдын жакшы сапаты билинет го. Биринчи сулуулугуна кызыгасың, анан барып адамдык сапатын карайсың. Башында эле жубайымдын жөнөкөйлүгүн байкадым.

Ч.: – Мага өжөрлүгү жаккан. Ал бир нерсени айтса ошону аткарат. Кандай болбосун көздөгөнүнө жетет.

– Бир адамдын жоопкерчилигин алдыңыз, моюнга каамыт илингендей сезим болгон жокпу?

А.: – Каамытка азырынча жете элекпиз (күлүп). Албетте, жоопкерчиликти сездим, эми мурдагыдай эгоист болбой, бирөөнү дагы ойлоп калабыз да.

– Чоң той бердиңер. Тойду ойдогудай өткөрүп алдыңарбы?

А.: – Тоюбуз абдан жакшы өттү. Коноктор биз чакыргандан да көп болду. Спорт өкүлдөрү, шоу-бизнес өкүлдөрү, бизнесмен агаларыбыз келип куттукташты. Негизи 300 адам чакырганбыз, төрт жүздөй конок келди. Баштан-аяк көңүлдүү отурушту. Тойдун уюштуруу иштерине үйдөгүлөр, байкелерим, досторум жардам беришти. Өзүм дагы бир аз кыймылдадым.

– Нарын менен Талас куда болуптур. Той учурунда кандай салт-санаалар колдонулду?

А.: – Биз алдын ала эле “кийит сыяктуу нерселер жок, баарын заманбап эле кылабыз” деп сүлөшүп келишип алганбыз. Алгач биз Таласка ата-энемдин үйүнө барып элге той бердик, биздин салт боюнча байгелерди коюп улак, футбол, күрөш өткөрдүк. Аксакалдарды чакырып батасын алдык.

Ч.: – Таластан биринчи жолу көп адамга чай куйдум, сүрдөп, уялат экенсиң. Өзүмдүн апам катуу киши, чай ичкенде дагы чыргоо, ага кызыл кылып ысык чай бериш керек. Куйган чайым кээ бирөөнө жакты, айрымдарына жакпагандыр. Кимдин чайга болгон табити кандай билбейсиң да, бир аз ыңгайсыз болот экен. Мен жаңы келин болгонго ачыгыраак же кызылыраак куй деп мага айтышпайт экен да. Жакты деп эле ойлойм.

– Атагы алыска кеткен спортчу жигиттин жубайы болом деген ой болду беле?

Ч.: – Биздин таанышуубуз кокустан болгон. Ал кезде минтип мамилебиз уланып кетет, ушул менин болочок жолдошум болот деген деле ой болгон эмес. Күйөөм спортчу же баланча болот деп кесиби тууралуу эч качан ойлончу эмесмин. Мен үчүн кесибинен дагы мага кандай мамиле жасаганы, кулк-мүнөзү маанилүү болчу.

– Үйлөнүү сунушун киргизген күндү эстеп көргүлөчү.

Ч.: – Жомоктогудай эле сонун болгон. Аябай даярданыптыр, досторун, алардын сүйлөшкөн кыздарын, баарын чогултуптур. Ал күнү 8-Март майрамын майрамдап жатканбыз.

А.: – Жубайымдын колун эки жыл мурун, 2019-жылы сурагам. Андан кийин Олимпиадага жолдомо алып, ал жакка даярданып калдык. Үйлөнүү тоюбуздун датасы Олимпиадага карап ушул убакытка жылдырылды.

Ч.: – Анткени биз Атабек өзүн толук түрдө спортко берип жакшы даярданып, Олимпиада оюндарына катышып алсын дедик.

– Машыктыруучулар менен үйлөнүү алдында кеңешсеңиз керек?

А.: – Албетте, профессионалдык спортто жүргөндөн кийин сөзсүз түрдө машыктыруучулар менен кеңешүү керек. Олимпиададан келгенден кийин эле агайлар менен сүйлөшкөнбүз. Балбандар Ослого Дүйнө чемпиондугуна барып келишпедиби, биздин тойдун өтүшү чемпиондукка катышып жаткан балдарга тоскоолдук жаратпасын, убактысын албагыдай болсун деп, анын өтүп бүтүшүнө карап үйлөнүү тоюбузду 23-октябрга белгилегенбиз. Улуттук курама команданын капитаны болгондон кийин бардык жагын агайлар менен кеңештим. Олимпиададан келгенден кийин Жаңы жылга чейин убактым бар эле, ошол убакытты туура пайдаланайын дедим. Спорт менен чогуу жеке жашоону алып кетүүгө убакыт келди. Мындан ары деле, албетте, күрөштө болом, келерки жыл турнирлерге бай, Азия оюндары, Ислам тилектештик оюндары, Азия, Дүйнө чемпиондуктары болот. Аларга даярдык башталат, буюрса, 2024-жылкы Париж Олимпиадасына Нарындын этин жеп даяданабыз (күлүп).

– Спортчулардын көп убактысы машыгууда, турнирлерде өтөт. Муну түшүнүү менен кабыл алсаңыз керек?

А.: – Башында ыйлачу (күлүп).

Ч.: – Ыйлачу эмесмин (күлүп). Мындай да, Атабек шаарда көп болсо бир же эки жума болот. Ал учурда биз бирге сейилдечүбүз, ар кыл темада баарлашып убакытты кызыктуу өткөрчүбүз. Анан эле сбор болуп кайра жок болуп кетет. Анан кайрадан пайда болуп калат. Жаңылыктарын айтып берет, кандай барып келгенин, ал жакта эмне болгонун айтат. Убакыттын өтүшү менен буга дагы көнөт экенсиң. Спорт анын жашоосу экенин түшүндүм. Ал 7-классынан машыгууну баштаган, мындан ары дагы спорт менен кетерин билдим. Ар бир спортчунун эле кыялы Олимпиада оюндарына катышуу эмеспи. Анын кыялынын орундалышын мен дагы каалачумун. Андыктан дайыма “бар, жакшы машыгып кел” деп турчумун. Мен буга чейин дагы колдоп келгем, мындан ары дагы колдой берем.

– Бал айын өткөрүү пландары барбы?

А.: – Тойдо бизге белекке 7-8 жолдомо берилди. Буюрса, Дубайга же Испаниянын Канар аралдарына барабыз деген пландарыбыз бар.

– Пайдубалыңар бекем, сүйүүңөр терең болсун! Маегиңерге рахмат.

Динара Акимова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 986, 28-октябрь-3-ноябрь, 2021-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан