ҮЙ ШАРТЫНДА ПИЛИНГ

Эгерде бетиңиздин териси жылмакай болбосо, үй шартында салондогудай пилинг жасаса болот. Үй шартында пилинг жасоо – бул макияжды кетирүү же бетти күн сайын жууп туруу сыяктуу эле терини тазалоо үчүн керек. Пилингдин жардамы менен эпидермистин өлүк бөлүкчөлөрүн, тешикчелерди тазалоого, май бездерин турукташтырууга болот. Беттеги тери күн сайын терс таасирин тийгизген тышкы факторлорго дуушар болот. Хлор суу, сапатсыз косметикалык каражаттар теридеги тешикчелердин бүтөлүшүн шарттайт. Натыйжада тери сезгенип, безеткилер, кара тактар пайда болот. Ошондуктан косметологдор үй шартында үзгүлтүксүз пилинг кылып туруш керек деп эскертишет.

ПИЛИНГДИН ПАЙДАСЫ:

  • Терини тазалайт;
  • Тешикчелерди кичирейтет;
  • Теринин текстурасын жана түсүн жакшыртат;
  • Терини ийкемдүү, бекем кылат;
  • Безеткиден кийин тырыктардын жана тактардын санын азайтат;
  • Сезгенүү процесстеринин өнүгүшүнө жол бербейт;
  • Майда бырыштардан арылтат.

СУНУШТАЛБАЙТ

Пилингди жасоонун көрсөтмөлөрү жана чектөөлөрү бар. Ошондуктан каршы көрсөтмөлөрдү да билип алыш керек. Пилинг кош бойлуу жана бала эмизип жаткан айымдарга, кан тамыр жана жүрөгүндө олуттуу оорулары барларга, герпес чыккандарга сунушталбайт. Көйгөйлөрдү алдын алуу үчүн косметологдон кеңеш алышыңыз керек.

Беттеги өлүк клеткаларды эффективдүү тазалоо үчүн түрдүү рецепттер жана ыкмалар бар. Алар теринин сапатын эске алуу менен тандалат. Пилингди жумасына 1 жолу кылуу сунушталат.

НОРМАЛДУУ ТЕРИ ҮЧҮН

Кофе скрабы

Үй шартында кофе скрабын жасоо оор эмес. Төмөнкү азыктарды даярдаңыз:

- 1 чай кашык майдаланган кофе;

- 1 чай кашык бал;

- 1 чай кашык зайтун майы.

Бардык кошулмаларды жакшылап аралаштырыңыз. Андан кийин кофе скрабын бетке сүйкөп, 10 мүнөткө коюп, жылуу суу менен жууп салыңыз.

Сүт скрабы

Сүт скрабы кан айланууну жакшыртып, беттин терисин кирлерден тазалайт, сезгенүүнү токтотот.

- 1 чай кашык сүт;

- 2 аш кашык сулу;

- 1 чай кашык көк чай;

- 2 аш кашык майдаланган бадам;

- 1 тамчы лимон ширеси жана роза майы.

Бардык азыктарды блендер аркылуу майдалайсыз. Аралашманы 15 мүнөткө тыныктырып коюңуз. Андан кийин бетиңизге сүйкөп, жеңил массаж жасаңыз. 25 мүнөттөн кийин жылуу суу менен жууп салыңыз.


МАЙЛУУ ТЕРИ ҮЧҮН

Кумшекер скрабы

Кумшекер скрабы беттеги топтолгон кирди тазалайт жана теринин астындагы май ашыкча бөлүнгөндөн улам пайда болгон жалтыракты кетирет.

- Адегенде баланын самынын алып, колуңузга көбүртүп, териңизге сүйкөңүз.

- Андан кийин бир чай кашык кумшекерди массаж кылуу менен териге акырын сүйкөйсүз.

- Бетке 2-3 мүнөт кумшекер менен массаж жасап, андан кийин муздак суу менен жууп салыңыз.

Аспирин скрабы

Аспирин терини тазалап гана тим болбостон, сезгенүүнү да айыктырат. Үй шартында жасалган аспирин маскасы майлуу териге абдан жакшы. Бирок бул дарыга аллергиясы барларга колдонуу сунушталбайт.

- 3 аспирин таблеткасы

- 1 чай кашык лимон ширеси

Дарынын үч таблеткасын бир чай кашык лимон ширеси менен аралаштырыңыз. Алынган аралашма коюу болушу керек. Бетиңизге сүйкөп, 10 мүнөттөй күтүңүз.

Андан соң бир стакан жылуу сууга бир чай кашык сода кошуп, аны менен бетиңизди жууп салыңыз.

КУРГАК ТЕРИ ҮЧҮН

Быштак жана цитрус жемиши менен пилинг

Быштак жана цитрус жемиштеринен жасалган маска кургак терини жумшартып, чакалайдан арылтат.

- 2 аш кашык сүт

- 1 чай кашык лимон майы

- 2 аш кашык быштак

- Апельсин кабыгы

Алгач апельсиндин кабыгын майдалап, андан 1 чай кашык алабыз. Аны сүт, лимон майы жана быштакка кошуп аралаштырып, териге сүйкөңүз. Жеңил массаж жасап, 2-3 мүнөттөн кийин жылуу суу менен жууп салыңыз.

АРАЛАШ (КОМБИНИРОВАННЫЙ) ТЕРИ ҮЧҮН

Жумуртка скрабы

Жумуртка теридеги жалтыракты кетирип, бетти жылмакай кылат.

- 0,5 чай кашык бал

- 1 аш кашык сулу

- 0,5 чай кашык туз

- 1 жумуртканын сарысы

Бардык ингредиенттерди аралаштырып, бетке сүйкөңүз. 10 мүнөттөн кийин жылуу суу менен жууп салыңыз.

Мөмө скрабы

Мөмө-жемиштерде эпидермиске жакшы таасир этүүчү көптөгөн витаминдер жана минералдар бар. Ит мурун жана брусника эң ылайыктуу экенин белгилей кетели. Эки мөмөдөн бир аш кашык алып, майдалап, төмөнкү азыктарды кошуңуз:

- 1 чай кашык кумшекер

- 1 аш кашык сулу уну

- 1 тамчы бадам майы

Аралашманы акырын териге сүйкөп, бир нече мүнөт массаж кылыңыз. Масканы 10 мүнөт калтырып, жылуу суу менен жууп салыңыз.

ҮЙ ШАРТЫНДА ПИЛИНГДЕН КИЙИН:

  • Мончого түшпөө керек. Күн алдында жүрүүдөн, ваннага көпкө түшүүдөн качуу сунушталат.
  • Күнүнө эки жолу терини нымдаштыруучу крем колдонуңуз.
  • Апта ичинде макияжды кетирүү үчүн жумшак косметикалык каражаттарды гана колдонуу керек.
  • Эгерде тери кургак болуп, тактар пайда болсо, дароо дерматологго кайрылуу керек.

Динара Абдыкадырова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 986, 28-октябрь-3-ноябрь, 2021-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан