ДНК (аферист эркектин 2 аялы, алардын күлкүлүү окуяларын баяндаган сериал)

(Башы өткөн санда)

– Иий, бетимдин беш териси! Жытыбыз сиңишип, бир туугандай болуп калган чалым сен ушинтсең өлбөдүмбү! Кантип? Кантип жиндиканага алып келдиң?!

– Сага эле жакшы, айыгасың.

– Башыңды тиштеп туруп жулуп алам азыр! Айда үйгө!

– Жок, кемпир, түшөбүз!

– Сопсоомун мен! Үйгө айда! Азыр укпай мени ушу жерге таштачу болсоң сени өмүр бою кечирбейм!

– Айыккандан кийин сүйлөшөм сени менен...

– Эй, ишенип койсоң бирдеме болосуңбу?! Чыпчын айттым баарын! Каныбек тирүү... Ал шүмшүк карызы көбөйгөндө өлдү болуп, бандиттерден качып жүрөт. Мага байланышка чыкты. Ага жардам берем деп жатып мен карызга баттым...

– Анан эмне Нурияга анын тирүү экенин айткан жоксуң?

– Тетиги шүмшүк айтпа деди да. Мен да анын жомокторуна ишенип отуруп... Ал шүмшүктүн кызыбызга зыяны тийбесе болду.

Тургун кемпирин тиктеген бойдон бир топко туруп калды.

– Эмне, ошондо калбайсыңбы?- деди анан ал нааразы болгондой.

– Жок, калбайм!

– Уф... Бас анда үйгө!

– Эмне үшкүрөсүң? Эптеп ыңгайы келгенде жиндиканага тыгып туруп, жашыраак бирөөнү алып алайын дедиң беле?

– Кайдагыны айтпачы! Эми муну өмүр бою айтып, «сен мени жиндиканага тапшырмакчы болгонсуң» деп какшап жүрүп өтөрүңдү билип үшкүрүп жатам.

– Ээх, Тургун... Экөөбүз таптакыр эки башка адам болчу экенбиз. Кайдан жүрүп баш кошуп алганбыз. Бири-бирибиздин көйгөйүбүз менен ишибиз жок. Менин карызга батканым, бандиттер 2 миллион илип койгону сени эч ойлондурган жок, ээ?

– Сага бирөө бирдеме деп көрбөйбү, кемпир? Кызыма бирөө бирдеме десинчи! Өпкөсүн үзүп коёрмун! Кеттик үйгө жүрү...

ххх

Экөө үн-сөзсүз келе жатышты. Айша ичинен түпөйүл боло берди. Жанагы эңгезердей жигиттин кебетесин көрдү, акчаны таппай калса жанды сууруп алчудай неме экен. А бул чалы болсо анын сөздөрүн олуттуу деле кабыл алган жок. Өмүр бою эле ушинтип келе жатат. «Болор-болбоско эле баш оорута бересиң, сенин маселең менде болсо го» деп какшыктап коюп гана жашап келе берди. Тим эле Айшаны көйгөй айланып өтчүдөй кабыл алчу. Мында маселе болушу мүмкүн эмес деп ойлочу... Азыр да ошентти. Ушунун баарын ойлонуп ичинен нааразы болуп келе жатканда Тургун капыстан тормузду капшыра тээп, машинаны күтүүсүз токтотту.

– Кандайча Каныбек тирүү?!- деди ал алайып кемпирин карап.

– Омей, эми эсиңе келдиңби?

– Жок, кандайча тирүү?! Биз ага куран окутуп жүрбөйбүзбү. А сен анын тирүү экенин билип туруп кантип «бейиши болсун» деп бата кылып жүрдүң?!

–...

– Тууй ата!

– Эй, чал, какшап жатам го тирүү деп. Анын айынан карыз болдум деп какшап жатам го.

– Энеңдурайын көк мээ! Кармайын аны, моюнун жулам! А сен эмне буга чейин айткан жоксуң?

– Айтпа деди. Нурияга зыян болуп калышы мүмкүн деди...

– Экөөңдүн тең башыңды жулам, шашпагыла! Энеңдурайындар, мага айтпай, тирүү болуп туруп өлдүм деп... Эми силерге ишенсем ит болоюн!

Кайрадан газды бакырта тээп, катуу ылдамдык менен шаар аралай жөнөдү. Жинденип алган. Унаасын ойкутуп-кайкытып олдоксон айдап бара жатат. Айшанын жүрөгү түшүп баратты. Мына, чалы ушинтип жинденет. Бир жинденсе токтоно албайт. Бирөөдөн ачуусунун баарын чыгармайынча эс албайт. «Эми өлбөдүмбү» деди ичинен... Азыр үйүнө барса бул чалы мээсин жейт, тигил жактан бандиттер келет «карыз кана, Каныбек кана?» дешип. «Жана жиндиканага эле калып калсам болмок экен» деп ойлоду.

– Тургун, токто!

– Эмнеге?

– Артка кайт! Мен жиндиканага барам!

– Өлөт го!

– Чын айтам, алып барып таштап кой!

– Дөөрүбөчү!

– Сыртта жүрсөм тиги бандиттер өлтүрүшөт мени...

– Мен тирүү турганда бирөө мышыгыңды «пыш» дебейт!

ххх

Түн ичинде эшиктин кагылганынан чочуп кетти Дария.

– Ким?

– Мен, атаң. Ач, кызым...- деди кимдир бирөө.

– Кайсы атам?

– Нурия, ачпайсыңбы!- Дария эми түшүнүп кетти. Нуриянын атасы тура. Эшикти ачты. Көздөрү алаңдаган Айшанын жанында толмочунан келген сүрдүү адам туруптур.

– Та-ак, а сен кимсиң?

– Бул Каныбектин аялы,- деди Айша жактырбагандай.

– Эмне дейт? Каныбектин аялы Нурия да... Биздин кызыбыз.

– Мен биринчисимин,- Дария актангандай үн катты.

– Эмне дейт?!

– Биринчисимин дейт.

– Уктум аны! Кандайча биринчиси? Бул кандайча бул үйдө жашап жатат?

– Өзү жалгыз эмес, эки баласы менен кошо жашап жатат,- Айша бат-баттан сүйлөп түшүндүрө кетти. Тургундун мээси болуп жаткан нерселерди аш кыла албай лукулдап чыкты. Азыр кызы эле бардык суроого жооп таап, жанын жайгарчудай аны чакырды.

– Нурия!

– Ал уктап жатат...- Дария алактап коркуп кетти. Бул ачуулуу киши жини менен жерди бир тепсе эле дүйнөнүн бырын-чырыны чыгып кетчүдөй сезилди. Анын кыйкырганына кызы эмес, ичтен кичинекей Даниель чыкты. Ал көпкө чейин кыска ак сакал-муруту бар, ачуулуу толмоч кишини карап туруп, «ты что Санта-Клаус?» деп сурады.

Тургун алайып эки жагын карады. Бир кемпирин, бир Дарияны... Бул учурда Даниель андан жооп күтпөстөн эле аркы бөлмөгө кыйкырып жөнөдү.

– Нурия, просыпайся! Просыпайся! Санта-Клаус пришёл!- деп кыйкырып кирип кетти. Кайдагы Санта-Клаус? Нурия ойгонгусу келбей жатты. Бирок тиги балакай тим эле так кулагынын түбүнө келип алып бакыра берди. Айла жок, туруш керек.

Кире беришке уйкулуу көзүн ушалап чыга келди да, тык токтоду.

– Ата?- деди ал таң кала. Анан апасын карады. «Атама айтпайбыз деп сүйлөштүк эле го?» деген суроолуу көзү менен апасын тиктеди.

– Это что твой папа? Ты что дочь Санта-Клауса?- Даниель көздөрүн тептегерек кылып таң калып туруп калды...

(Уландысы кийинки санда)

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
Kari
2021-11-01 12:38:55
Санта Клаус
0
№ 1032, 16-22-сентябрь, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА