“Супер сулуу-2010” сынагына катышкан кара көздөр чимириле чыгыш бийин да бийлешет. Учурда кыздарга бийди бийчи Бакыт Байсариев үйрөтүп жатат. Анда кыздардын даярдыгы кандай экендигин өздөрүнөн жана устатынан сурайлы.
Бакыт Байсариев:
«КЫЗДАРДАН ЭМГЕК СИҢИРГЕН БИЙЧИ ЧЫКПАСА ДА,
СУПЕР БИЙЧИ ЧЫГАТ»
– “Супер сулуу-2010” сынагына катышкан кыздардан КРнын Эмгек сиңирген бийчилери чыкпаса да, супер бийчилер чыгат. Аракеттери чоң. Жумасына үч жолу сабак өтүлүүдө. Ажар, Айнура, Уулжан, Назгүл, Жыпара деген кыздар бир да сабакты калтырышпайт. Жадакалса кечинде мени менен кошо тойлорго да барууга даяр болуп жатышат .
Буюрса, азыр бийдин үч бөлүгүнүн бирөөсү даяр. Экөөсү эки-үч күндүн ичинде даяр болот. Кыскасы концертке келген коноктор абдан жакшы чыгыш бийин көрө алышат. Анткени биз чоң аракет кылып жатабыз. Мен бул кыздарга “жакшы үйрөнсөңөр концерттерге, тойлорго, кечелерге заказ алып бийлесеңер да болот” деп айтып жатам. Арасынан жакшы бийлеген эки кызды өздөрү макул болушса, өзүмдүн шоу-программама катыштырам.
Ажар:
«КҮЗГҮНҮН АЛДЫНДА КҮНҮГӨ БИЙЛЕЙМ»
– Даярдык абдан жакшы. Буга чейин бийге катышкан деле эмесмин. Ошого карабай устатыбыздын жөлөгү менен үйрөнүп калдым. Сабактын соңунда Бакыт байке тапшырма берет. Үйгө барганда күзгүнүн алдына туруп алып жеңеме бийлеп берип машыгам.
Айнура:
«КИЙИН ЖОЛДОШУМА ДА БИЙЛЕП БЕРЕМ»
– Буга чейин бир нече сынакка катышып, чыгыш бийин бийлегем. Ошондуктан мен кыйналган деле жокмун. Чыгыш бийи кыздарга кайсы учур болбосун керек жана пайдалуу. Мисалы, азыр жакшы үйрөнүп алгандар, кийин турмушка чыкканда жолдошуна бийлеп беришет.
Уулжан:
«БАКЫТ БАЙКЕ ЖИНИ КЕЛСЕ
ТАЯКЧА МЕНЕН ЧАБАТ»
– Бий үйрөнүү устаттан дагы көп көз каранды деп ойлойм. Бакыт байке жеткире үйрөтөт экен. Алгач өзү көрсөтүп берет, анан биз туурайбыз. Өзүндөй окшоштура бийлебесең, тамашаламыш болуп таякча менен катуу эле чабат.
Бакыт байкенин бийлегенин көргөн адам сөзсүз бийлегиси келет. Анткени байке ичин томпойтуп алып кыймылдаса, адам өзү эле таасирленет.
Сүйүн Кулматова
star@super.kg