1-НОЯБРДАН 7-НОЯБРГА ЧЕЙИН

КОЙ (21.03-20.04)

Чөйрөңүздүн өзгөчө көңүл бөлүүсүнө чулганасыз. Сиздин оюңузду угуп, сиз тууралуу кептер байма-бай болот. Тартылуу күчүңүз күч алып элдин баарына жагымдуу көрүнүп баштайсыз. Айрыкча айымдар, буга чейин көз салып жүргөн мырзаңыз болсо, ушул жума мамилеңизди бекемдеп, сүйүү сезимдериңизди билдирүүгө ылайыктуу апта.

БУКАЧАР (21.04-20.05)

Билимге умтулуп, дүйнө таанымыңызды кеңейтүүнү каалайсыз. Жогорку окуу жайларда окугандар бул жума сынактарын ийгиликтүү тапшыра алышат. Мамилеңиздердеги курч суроолорго жооп алып, компромисске келесиз. Ал эми сүйүүдө жалгыздыктан жапа чегип отургандар, артка бир кылчайып карап көрүңүз, балким, сизди күткөн адам бардыр.

ЭГИЗДЕР (21.05-21.06)

Бул жумада ден соолугуңузга көңүл буруңуз, анткени суук тийип калды деп жүрө берген ооруңуз өнөкөт ооруга айланып кетиши ыктымал. Аптанын экинчи жарымы конок тосуп, туугандар менен отурганга ыңгайлуу. Сүйүүдө жалгыз бой эгиздер коомдо социалдык статусу жогору адам менен таанышып, ал таанышуу сүйүүгө айланып кетиши мүмкүн.

БӨЙӨН (22.06-22.07)

Сизди абдан татаал жана моралдык жактан чарчата турган апта күтүп турат. Сүйүктүүңүзгө болгон сезимдериңиз сууп баратканын байкайсыз. Бирок андан кол үзүүгө шашпаңыз. Сиздердин мамилеге убактылуу тыныгуу керек, андан кийин баары жайына келет. Сизге кеңеш: эч качан азыркы сүйүктүүңүздү башкаларга салыштырбаңыз.


АРСТАН (23.07-23.08)

Бул жума көп иштеңиз, жумушка болгон каалооңуз күчөп, сүйүктүү ишиңизди жасап жатканда жашоо баары сонундай сезилет. Сабырдуулукка, чыдамкайлыкка үйрөнөсүз. Үй-бүлөдөгү мамиле салкындап сизди кыжалат кылат. Бул жумада сырдуу таанышуулар орун алат. Сүйүүгө туруктуу же туруксуз өнөктөштү тандоо чечими турат.


БИЙКЕЧ (24.08-23.09)

Аптаны активдүү баштайсыз. Жумушуңуздун баарын бүтүрүүгө жетиштүү энергия топтойсуз. Жөн эле убактыңызды, энергияңызды алган адамдардан арылууга жакшы учур. Сүйүүдө жалгыз бой бийкечтер сүйүктүүсүн кезиктирип, узакка созулган мамилеге жол ачылышы мүмкүн. Ал эми таарынышып жүргөн түгөйлөр биротоло бири-биринен кол үзүшөт.


ТАРАЗА (24.09-23.10)

Таразалар бул жумада убактысынын көбүн материалдык көйгөйлөрүн чечкенге жумшашат. Акчаңыздын аз калганын көрүп үнөмдөп баштайсыз. Салмак таштоону каалап жүргөндөр үчүн ийгиликтүү жума, диетаңызды ушул убакта баштасаңыз, жакшы жыйынтыкка жетесиз. Сүйүүдө көптөн бери көз салып жүргөн кесиптешиңиз менен кызматтык сүйүү мамилесине кабылышыңыз мүмкүн.


ЧАЯН (24.10-22.11)

Чаяндар бул жуманы терең ой толгоолор менен өткөрүшөт. Убактыңызды каталарыңызды оңдоого, кылган нерселердин үстүнөн анализ жүргүзүүгө, келечекке план түзүүгө жумшасаңыз сизди жакшы жыйынтык күтөт. Сиз менен бирдей көз караштагы, жан дүйнөңүзгө жакын адамдарды издейсиз, алардан колдоо, таяныч күтөсүз. Сүйүүдө кокусунан таанышуу сизди үлпөт тойго жетелеши мүмкүн.


ЖААЧЫ (23.11-21.12)

Бул жума кесибиңизде абалды жакшыртууга мүмкүнчүлүк түзүлөт. Жетекчиликтин мактоосуна татып, жакшы кызматка сунушталышыңыз ыктымал. Көптөн бери көздөп жүргөн буюмуңузду сатып алышыңыз мүмкүн. Шопинг кылууга ыңгайлуу апта. Сүйүүдө ала жипти аттагысы келген жаачыларга кеңеш: шашылбаңыз, кумардуу сүйүү бат жоголот.


ТЕКЕЧЕР (22.12-20.01)

Досторуңуз менен мамилени бир сыйра иреттеп, карап чыгууга ылайыктуу апта. Сизге оор болгон күндөрү сүйүктүүңүздүн сизге мамилеси салкындап андан көңүлүңүз кала баштайт. Жакын адамыңыз менен мамилени жөнгө салуу же биротоло андан кол үзүү чечимин чыгарышыңыз мүмкүн. Айымдар үчүн имиджин өзгөртүүгө ылайыктуу жума.


СУУ КУЯР (21.01-19.02)

Карьераңызда амбициялардын тизгинин тартыңыз. Алдыга жылууга тоскоолдуктар жаралышы мүмкүн. Баары сиз ойлогондой болбой жатканы жөнүндө анализ жасаганыңыз жакшы, балким, себептин баары өзүңүздөдүр. Башы бош суу куярлар сүйүктүүсүн табышы мүмкүн. Сүйүүдө буга чейин кызматтык сүйүү болбосо, бул жума баштабай эле койгонуңуз туура.


БАЛЫК (20.02-20.03)

Жашоодогу баалуулуктар жөнүндө көп ойлоносуз. Буга чейин туура эмес кылып жүргөн иштериңиз үчүн өкүнөсүз. Мыaндай анализ жүргүзүү кайсы бир курч жагдайдан же сизге катуу таасир калтырган окуядан улам болушу мүмкүн. Аптанын экинчи жарымы аял-күйөө мамилесин бекемдөөгө ыңгайлуу. Эс алуу күндөрүн досторуңуз, кесиптештериңиз менен өткөрүңүз.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 986, 28-октябрь-3-ноябрь, 2021-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан