“ТАШИЕВ МЕНЕН ДОСТУГУБУЗ ЭЧ КАЧАН БУЗУЛБАЙТ”. Президент Садыр Жапаровдун маалымат жыйынынын урунттуу учурлары

23-октябрда Бишкекте президент Садыр Жапаровдун маалымат жыйыны өттү. Ал 3 саат 45 мүнөткө созулду. Маалымат жыйындын урунттуу учурлары төмөндө.

КАМЧЫБЕК ТАШИЕВ МЕНЕН ДОСТУГУ ТУУРАЛУУ...

– Биз 16 жылдан бери жакын таанышпыз. 2005-жылдан бери саясатта бирге келе жатабыз. Саясаттын ысыгына күйүп, суугуна тоңдук. Чокту да бастык, сууну да кечтик. Бардык азаптарды бирге тартып, жыргалчылыкты да чогуу көрдүк. Ошондуктан эч качан мамилебиз бузулбайт. Буга 99 пайыз кепилдик берем. 100 пайыз кепилдикти Кудай гана берет. Ортодо экөөсүн чабыштыра салып пайда көрөйүн деген саясатчылар көп бизде. Ага барып “УКМКнын башчысы болуп отура берсең эртең жок болуп кетесиң, сен парламентке спикер болушуң керек” деген күчтөр да чыкты. Бирок биз андайга алдырган жокпуз.

ПАРЛАМЕНТТИК ШАЙЛОО ТУУРАЛУУ...

– Кимдер “бийликчил партиябыз” деп менин атымды сатып шайлоого баратса, так ошолорго добуш бербей койгула. Башка партияларга бергиле. Бул жолу шайлоо болуп көрбөгөндөй таза өтүшү керек. 3 революция тең шайлоолордун айынан болгон. Кайра-кайра эле ошол катаны кайталай беребизби? Биз өткөндөн сабак алып, Кыргызстан таза шайлоо өткөрө аларын дүйнөгө далилдешибиз керек. Жогорку Кеңешке канча партия өтөрүн билбейм, анализдеп кызыгып көргөн жокмун. Кандай партиялар келерин элдин добушу көрсөтөт. Оппозиция келсе да, позиция келсе да кызматташууга даярмын. Добуш сатып алуу боюнча... 3,5 миллион шайлоочуну 2 миңдей укук коргоо кызматкери көзөмөлдөй албайт. Жалпы эл добуш сатканды да, сатып алам дегенди да токтотушу керек. Эл мамлекеттик органдарга жардам бериши зарыл.

КЫРГЫЗ-ТАЖИК ЧЕК АРАСЫ ТУУРАЛУУ...

– Чек ара маселесин бүгүн эле чечип коюуга даярмын. Бирок бул бизден гана көз каранды эмес экен. Ооба, 36 жараныбыз каза болду. Тажикстан менен 3 талаштуу маселе бар, бул Төрт-Көчө, Ворухка барчу жол, Лейлек районундагы тилке. Төрт-Көчө боюнча протоколго 2009-жылы Коопсуздук кеңешинин катчысы болуп турганда Адахан Мадумаров кол койгон. Ошондон улам Тажик тарап “275 метр жер биздики экенин таанып, 49 жылга ижарага алгансыңар, 12 жылы бүтүп 37 жылы калды” деп протоколду көрсөтүп жатат. Бирок мен аларга Мадумаровдун андай протоколго кол коюуга ыйгарым укугу болгон эмес деп жатам. Бул протокол юридикалык күчкө ээ эмес, чындык биз тарапта. Биз бул 275 метр жерди бербейбиз. Алар “1924-жылы Баткен, Лейлектен 210 миң гектар жер силерге өтүп кеткен” деп жатышат. Андай болсо 1924-жылы силерге 3 миллион гектар аянты бар Мургабды бергенбиз, ошону кайтарып бергиле дедим. Алар макул эмес. Учурда мекемелер аралык комиссия иштеп жатат.

СӨЗ ЭРКИНДИГИ ТУУРАЛУУ...

– Бир жылдын ичинде бир журналист негизсиз суракка чакырылдыбы? Жок. Билесиңер, мурда бийлик сиздерди миллиондогон суммада сотко берчү. Сотто жүрүп өлкөдөн чыга алчу эмессиздер. Эл баарын билет. Мына, мени да каралап жатышат. Айрым сайттар мен тууралуу жалаң жаман гана нерселерди жазышат. Бул – менин алардын каржы булагын жаап салгандыгыма байланыштуу. Көрсө, аларга “Мегаком”, аэропорт жана “Кумтөр” көмөктөшүп жүрүптүр.

СООРОНБАЙ ЖЭЭНБЕКОВ ТУУРАЛУУ...

– Экс-президент боюнча калат (ред.: Сооронбай Жээнбеков). Биз экс-президенттерди куугунтуктап, жоопко тарткан салтты токтотолучу. Мен ошондуктан “экс-президент” деген макамды бергем. Анын өтө чоң кылмыштары деле жок. Албетте, саясий жактан жоопкерчилиги бар. Бирок мындайды токтотолу.

АТАМБАЕВ ЖАНА КАМАКТАГЫ САЯСАТЧЫЛАР ТУУРАЛУУ...

Алмазбек Атамбаевди мен камаган эмесмин. Аны саясий туткун деп эсептебейм, анткени ага карата бир эмес, ондогон кылмыш иши козголгон. Ал эми Равшан Жээнбеков жана Темир Сариев боюнча соттун чечиминен кийин жооп берем.

АКАЕВДИН ӨЛКӨГӨ КЕЛИП КЕТИШИ ТУУРАЛУУ...

Аскар Акаев “Кумтөр” боюнча көрсөтмө берүүгө келген. Айрым адамдар аркылуу мага байланышка чыкты. Мен “келсин, көрсөтмө берип чындыкты айтсын” дедим. Келип көрсөтмө берди. Башында ал “Кумтөр” боюнча тазамын деп такыр күнөөсүн моюнга албай жаткан. Келгенден кийин ага документтерди көрсөтүштү, Акаев өз оюн өзгөрттү. Күнөөсүн моюнга алды. Башка президенттер менен бул маселе боюнча сүйлөшүүлөр болгон жок.

ТАШИЕВДИН РЕЗИДЕНЦИЯДА ЖАШАП ЖАТЫШЫ ТУУРАЛУУ...

– Ооба, Ташиев мамлекеттик резиденцияда жашайт. Ал жерде кимдер жашайт, кимдер жашабайт мен чечем. Мен уруксат бергем, анткени Ташиевдин коопсуздугу керек. Кандай иштеп жатканын өзүңүздөр деле көрүп жатасыздар. Эл-журт баа берип жатат. Анан “сен мамлекет үчүн кан-жаныңды аябай иште, ал эми коопсуздугуң көчөдө кала берсин” десек туура эмес болуп калат.

“КУМТӨР” ТУУРАЛУУ...

– Сүйлөшүүлөр боюнча жашыруун эч нерсе жок. Канадалык тарап бейтарап аймакта жолугушууну суранды, анткени алар биздин өлкөдө камакка алынуудан коркушат. Учурда алардын сунуштарын карап жатабыз. Чечим кабыл алганда баарына жарыялайбыз. Мурдагыдай алардын көрсөтмөсү менен жашабайбыз, баарын мамлекеттин кызыкчылыгында жасайбыз.

Лунара Бекиева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 986, 28-октябрь-3-ноябрь, 2021-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан