“Ким сени мынча алдаган
Жан дүйнөңдү ээлей албай?..” деп кыңылдап жүргөндөр көп. Бул ырды көпчүлүктүн жүрөгүнөн түнөк тапкыдай кылып аткарган ырчы Темир Дамирбеков гезитибиздин башкы бетин кооздоду. Ар бир ишке жоопкерчилик менен мамиле жасаган каарманым менен болгон маек назарыңыздарда.
– Саламатсызбы, Темир мырза? Кепти чыгармачылыктагы жаңылыктарыңыздан баштасак...
– Акыркы жаңылыгыбыз “Ким сени мынча алдаган?” деген чыгармабыз болду, клиби дагы чыкты. Буюрса, телеканалдардан, интернет булактардан жакшы кетип жатат. Тиктокто тренд болду, Хит-параддан алдыңкы орундарды ээлеп жатат. Алдыда дагы көптөгөн жаңылыктар бар, бирок бүтө элек жумуштарды жаңылык дебейм, бышкан иштерди гана айта алам.
– Угармандардын жүрөгүнөн түнөк тапкан бул ыр кандай шартта жаралды эле?
– Бул ырды эки айда даярдап элге сундук, жакшы угуучу топтоду. Кийин клибин тартууладык. Ырдын сөзү, обону казактын мыкты ырчы, композитору Газизхан Шекербековго таандык. Казактар менен дайыма ыр алышып, беришип жүрөбүз, өзүм дагы эки ырымды бергем. Жан дүйнөгө жагып турса, чыгарманын аткарылып эле турганы жакшы. Өзүбүз деле ырларды чыгарып жатабыз. Маселен, өзүмдүн автордук чыгармамды даярдап жатам, Кудай буюрса, жакынкы күндөрү чыгат. Эң негизгиси, азбы-көппү ар бир чыгарган ырыбыз өз угуучусун таап, эл ак батасын берип турса, биз жаңы чыгармалардын үстүнөн иштей беребиз.
– Чыгармада автордун жашоосунун үзүмү болот дейт, сиздин дагы жан дүйнөңүздү чагылдырган ырларыңыз барбы?
– Кээде андай учурлар болот. Жашоодо өйдө-ылдый болуп калган учурларда эргүү келип, өмүр, сүйүү тууралуу ырларды жазгың келип калат. Кээде жөн отуруп ушундай ыр чыгарыш керек экен деп эле жазып коёсуң. Ырларымдын көпчүлүгү менин жашоомдон алынган эмес, эргүү келгенде жазылган ырлар. Мага эргүү жалгыз калганда келет. Айрымдар биринчи сөзүн же обонун жаратышат го, менде сөзү менен обону бир учурда жаралат.
– Күндөн-күнгө ырчылар көбөйүп жатат, кантип өзгөчөлөнөм деп изденесиңерби?
– Ырчылардын көбөйгөнү жакшы нерсе. Атаандаштык көбөйгөн сайын сапат өсөт. Ар бири изденүүнүн үстүндө болуп калат. Бул ырчы жаман, тигил ырчы тигиндей дегенден алысмын. Ар биринин өз ырыскысы бар. Баарыбыз бир жерден нан таап жейбиз, демек, алар менин бир туугандарым. Өзгөчөлөнгөндөрдү көрүп жатабыз го, бир чыгат, кайра өчөт. Мен үчүн жакшы ыр, жүрүм-турум маанилүү. Чыгармачыл адам – бул элдин күзгүсү. Демек, эл бизди карап түздөнүшү керек. Сахнада эле эмес, бардык жакта жүрүм-турумду, кичи пейилдикти үйрөнүш шарт. Мисалы, мен көчөгө таштанды таштап кетсем, ал жакта мени жакшы көрүп уккан күйөрмандарым болуп калышы мүмкүн, анан аларга туура эмес көрүнүш болуп калат. Биз ар дайым үлгү болушубуз керек. Жок дегенде баскан-турганыбыз менен үлгү боло алсак – ал биздин жетишкендик.
– Алпаруучулук, ырчылык, кайсынысы жүрөгүңүзгө жакын экен?
– Мен бала чактан ырдап чоңойгом. Мектепте окуп жүргөндө жаш таланттардын сынактарынан баш байгелерди алчумун. Ошол кезде эле ырчылыкка катуу ниет койгом. Мектепти бүтүп Бишкекке келгенде бир радиодо кастинг болуп, кастингден өтүп иштеп калдым. Кийин телеалпаруучу болуп иштедим. Анан ырларымды чыгарып баштадым. Көпчүлүк “алпаруучу болуп жүрүп ырчы болуп кеттиң” дешет, жок, менин баштагы максатым ырчылык болчу. Кантсе да экөө тең чыгармачылык. Экөө тең жакшы, кыскасы, оң канат, сол канатым.
– Ырчы болуш кыйын бекен?
– Чындыгында, шоу-бизнеске аралашуу өтө оор, таанышың болбосо андан да кыйын. Ырчылык ырдап коюу эле эмес, артында канчалаган эмгек турат. Башкаларга туура мамиле жасаганды, туура сүйлөгөндү, бирөө менен тил табышканды үйрөнүш керек. Адамгерчилик маанилүү. Үч жылдан бери Лутфилла Бусурманкул уулунун продюсерлик студиясында иштейм. Лутфилла байке чыгармачыл инсандар менен тааныштырды, эже-агайлар менен мамилем жакшы. Кыргызда “пейилиңден тап” деген сөз бар го.
– Чакырган убакыттан кечикпей, сүйлөшкөнүбүздөй даярданып келиптирсиз. Жоопкерчилигиңизге баа бердим. Мүнөзүңүз кандай?
– Оор басырыктуу жигитмин. Жакын адамдардын арасында шайырмын, көп күлдүрөм. Маанайым жок кезде эң жакын адамыма да сүйлөбөй калам. Жоопкерчилик жагынан көз тийбесин. Маектерге, концерттерге көп эле барабыз, бир дагы жолу кечигип, уктап калган эмесмин.
– “Отузга чыктың, үйлөнбөйсүңбү” деп кулагыңыздын кужурун алгандар көбөйсө керек...
– Эң көп айткан бул менин досторум. Анткени алардын алды 4 балалуу болуп калды. “Бир аз коё турсаң, уулум менен чогуу үйлөнтүп коёлу” деп тамашалап жүрүшөт.
– “Жаш кездердей ынак сүйүү жок экен, 30 жаштын улам ары жагында” деген улуу акын Алыкул Осмоновдун саптары бар эмеспи, чочулабай элесизби?
– Жок, 30 жаштын ары жагында деле сүйүү бар. Нурмат байкебиз (ред.: Садыров) деле жүрбөйбү (күлүп). Билбейм эми, балалык сүйүү өткөн, ал эми чоң сүйүүнү башка келгенде айтарбыз.
– Кандай кыздар жагат?
– Көп мамлекеттерге бардым, салыштырып келдим, тарбиясы, ыйман-ынсабы, сулуулугу, акылы жагынан чындыгында башкалар кыргыз кыздарына тең келе алышпайт, көз тийбесин. Кыргыздын кыздарынын баары жагат.
– Жалгыз калганда эмне жөнүндө ойлоносуз?
– Акыркы учурда кимди таарынтып алдым деген ойлор келип калды, анткени чоңойгон сайын адам көңүлү бийик болуп баратат. Мурда бала кыял болуп көп нерсеге маани бербептирбиз. Азыр ар бир нерсеге маани берип, адамдын көңүлүнө карап, таарынтпаганга аракет жасап, таарыныч болсо кечирим сурап, кыскасы, өзүмдү тарбиялап жатам. Жашоодо чыгармачылык да, бардыгы убактылуу. Андыктан көңүлдөрдү оорутпай, татыктуу жашап өтөлү.
– Чыгармачылык түбөлүк эмес деп калдыңыз. Башка жаатта да иш алып барууну пландап жатасызбы?
– Буюрса, келечекте менден бизнесмен чыгат. Ырчылыкка чейин бул тармакта эмгектенчүмүн. Азыр бизнес долбоорлорду даярдап жатам.
– Ишиңизге ийгилик, маегиңизге рахмат!
Динара Акимова