«Голос» долбоорунда жеңериме ишенем» Кыргызстанды дүйнөгө спортчулар менен өнөрпоздор таанытып жатканын эч ким танбаса керек. Бычакка сап уул-кыздарыбыз бар экенине сыймыктанып, кубанасың. Адилет Жумабеков да жакында Орусиянын “Голос” долбооруна катышуу мүмкүнчүлүгүн алып сыймык жаратты. Ырчы кыздуу болгонун, көптөн күткөн сынакка катышуу мүмкүнчүлүгүн алганын кубануу менен айтып берди.
– Адилет, саламатсызбы? “Голос” долбооруна өттүңүз, куттуктайбыз. Бул долбоорго катышууну 2 жыл күттүңүз эле...
– Саламатчылык. Рахмат. Ооба, 2 жыл күттүм. 2019-жылы аталган долбоорго ырчы Нуржигит Субанкулов катышкан. Экөөбүз чогуу барганбыз. Кастингден өтүп, бирок калыстарга талантымды көрсөтөргө келгенде кезек жетпей калган. Анткени долбоордун устаттары шакирттерди тандап алышкан экен. Ушунча жыл күтүп, даярданып, сахнага чыкпай калганыма маанайым түшүп, депрессия болдум. 2020-жылы бармакмын, пандемия болуп бара албай калдым. Бул жылы уюштуруучулар чалып “Адилет, сен кастингден өткөнсүң. Көп этаптардан өтүп, чоң эмгек жасадың. Келбесең болбойт” дешти. Барып катыштым. Устаттардан Дима Билан, Леонид Агутин, Александр Градский мага бурулду. Мен устат катары Дима Биланды тандап алдым.
– Жеңем деген ишенич барбы?
– Андай ишеним болбосо катышып деле кереги жок. Менде ишеним бар. Дима Биландын командасындагы ырчылардын арасынан менде чоң мүмкүнчүлүктөр бар.
– Катышуучулар менен кандай мамиле түзө алдыңыз?
– Сонун. Баары жөнөкөй, кичи пейил, ичинде кири жок кыз-жигиттер экен. Вотсапта тайпабыз бар. Бири-бирибиз менен жазышып турабыз. Эгерде аларда ич күйдүлүк сезимдер болуп жатса, анда аны аябай катып жатышат. Анткени мага сезилген жок.
– Эмне үчүн Дима Биланды устат катары тандадыңыз?
– “Эгер Агутин бурулуп калса, анын командасына барам” дегем. Бирок Дима Биланды тандадым. Анткени Кайрат Примбердиев аталган долбоорго катышканда Дима Биландын командасында болчу. Ал тууралуу жакшы сөздөрдү айткан. “Кичи пейил, сөздөрүңдү угат, “мен көптү билем” деп кыйынсынбайт. Чогуу чечим чыгарасыңар, иштешүү оңой” деген. Үчөө бурулуп “кимди тандайсың?” дешкенде Кайрат байкенин сөзү эсиме келип, Дима Биланды тандадым.
– “Ырас эле 2019-жылы долбоорго катышпай калыптырмын” деген ой болдубу?
– Болду. Анткени бул 10-юбилейлик сезон болуп жатат. 1-5-сезондордо калыс болушкан Александр Градский, Пелагея, Леонид Агутин, Дима Биланды “алтын курам” деп аташат. КМШ өлкөлөрү ушул курамды жакшы көрүшөт экен. Мурдагы сезондор жакшы көрүлбөй калган. Анткени андагы калыстарды көрүүчүлөр колдобоптур. Ошондуктан юбилейлик сезонго туш келип калганыма аябай кубанып жүрөм.
– Долбоордун кийинки этаптары качан болот?
– 28-октябрда Москвага учам. 2-ноябрда “Поединки”, 17-ноябрда “Нокаут” деген турлары башталат. Декабрда түз эфирлери болот. Кудай буюрса, өтөм деген ишеничтемин. “Поединки” турунда дуэт ырдайбыз. Мага армян кызы туш келди. Экөөбүз бир ырды тандап Биланга жөнөтсөк, жактырды. Азыр ошол ырды репетиция кылып “бышырып” жатабыз. – Баш кошконуңузга 1 жыл болду. Үй-бүлөлүк жашоо кандай болуп жатат?
– Жашоо сонун. Кыздуу болуп жыргап жатам. 1-2 саат эшикке чыгып кетсем эле сагынып, эсимден кетпей, барып кучактап, жыттагым келе берет.
– Сүйлөшүп жүргөн кез башка, баш кошкондон кийин түгөйлөр чыныгы жүздөрүн көрсөтүшөт дегенге кошуласызбы?
– Биз 1 жыл сүйлөштүк. “Бул убакытта адамды толук биле аласың” деп айта албайм. Бирок 10-15 жыл сүйлөшсөң деле баш кошкондон кийин түгөйүңдүн башка жактары көрүнө баштайт. Азыр жубайымдын жакшы гана кылыктары чыгып жатат. Экөөбүз кыз-жигит болуп сүйлөшүп баштагандан бери 3 жолу эле бир аз тырыңдашып кеттик. Катуу урушкан учур болгон жок. Анткени келинчегим аябай түшүнүктүү. Башында эле “кызгана турган болсоң, азыр эле токтотолу. Анткени мен шоу чөйрөдө жүрөм. Сен менин тандоомсуң, сени тандагандан кийин башка тарапты такыр карабайм, оюмда да башкага алмаштырбайм. Ушунун баарын түшүнүп, кызганганыңды токтотушуң керек” дегем. Анткени 1-2 жолу “бул ким, бул эмнеге андай?" деген эле. Мен дагы жөн эле кызганбайм. Эгер келинчегим “бир жакка барам” десе “канчада келесиң?” дейм. Жиберем да, айткан убакытка чейин чалбайм, жазбайм дагы. Ал дагы ошондой. Мен болсо достор менен бильярд, PlayStation ойноп эле эс алам. Ушундай гормонияда жашайбыз.
– Эркектер кыздуу болгондон кийин айымдарга болгон мамилеси өзгөрүп калат эмеспи...
– Мурда байкемдин, досторумдун балдарын аябай жакшы көрүп “ата болсоң ушундай сезим болот турбайбы” дечүмүн. Көрсө, адашыптырмын. Миллион эсе күчтүү сезимдер болот экен. Кызым ыйласа мен да кошулуп ыйлагым келип кетет, жүрөгүм ооруйт. Баягыда түндө мурду бүтүп, жакшы дем ала албай ыйлап жатканда жанымды коёрго жер таппай ыйлагым келди. Же эч нерсе кыла албайсың. Түнү бою колумдан түшүрбөй, уктаган жокмун.
Мен башынан эле аялзатына аяр мамиле кылчумун. Азыр келинчегим апамдан кийинки эле ыйык адам. “Мен үйдө башчымын, мен айткандай болуш керек!” деп аялын кагып-силккен эркектер менин айланамда да бар. Жубайы боюнда бар кезде бут кийиминин боосун байлай албай кыйналып турганын карап, байлап берип койгонду оор көргөн эркектер бар. Андай мамилеге каршымын.
– Өзүңүзгө жакпаган терс сапаттарыңызды айта аласызбы?
– Кээде жалкоомун. Бирок кызым төрөлгөндөн бери бул сапатым жоголуп баратат. Иштеш керек. Азыр ошол кичинекей адам үчүн баарын кылганга даярмын. 1-2 саат уктасам да жумуштарымды бүтүргөнгө аракет кылып жатам.
– Маегиңизге рахмат! Долбоор сизге ийгилик алып келсин!
Динара Абдыкадырова