КӨК БӨРҮ: ЧҮЙ ОБЛУСУ ЧЕМПИОН!

Чүй облусунун Сокулук районундагы "Белек" ат майданында 18-24-октябрь аралыгы өткөн көк бөрү боюнча Өлкө чемпиондугунда Чүй облусу жеңишти илип кетти. Финалда баш байге үчүн Чүй-Ош облусунун курама командалары ат салышып, 8:2 эсебинде Чүйдүн пайдасына жыйынтыкталды. Талас облусу жана Ысык-Көл облусу беттешип, Талас облусу 8:3 эсебинде жеңишке ээ болуп, 3 орунду камсыздаса, Ысык-Көлдүн командасы төртүнчү орунду алды.

Оюндардын жыйынтыгында Аскат Аскаров (Чүй облусу) “Мыкты улакчы”, Кубаныч Султан уулу (Чүй облусу) “Мыкты жекеме-жекечи”, Аудасбек Мырзабек уулу (Талас облусу) “Мыкты коргоочу” наамдарын алышса, Шерой (Ош облусу) “Мыкты аргымак”, Ак тилек (Ысык-Көл облусу) “Мыкты жекеме-жеке аргымагы” деп табылды.

Байгелүү орундарды ээлегендерге, мыкты деп табылган улакчыларга жана аргымактарга акчалай сыйлыктар тапшырылды.

Көк бөрүчүлөргө спорт чебери наамы ыйгарылды

Өлкө чемпиондугунун финалдык оюнунун алкагында көк бөрүчүлөргө Кыргыз Республикасынын жана Эл аралык класстагы спорт чебери наамдарын ыйгаруу аземи болду. Анда төмөнкү көк бөрүчүлөр наамдарга ээ болушту:

Кыргыз Республикасынын спорт чеберлери:

Эламан Нурболот уулу

Ноорузбек Раатбек уулу

Тойчубек Жыргалбек уулу

Дастан Сагынбек уулу

Аудасбек Мырзабек уулу

Данияр Искендеров

Өмүрбек Эсен уулу

Эл аралык класстагы спорт чеберлери:

Сейитбек Анарбек уулу

Марлис Койгелдиев

Урмат Шерипбеков

Жолдошбек Орозбаев

Урмат Раушан уулу

Тынычбек Алыбаев

Чубак Нурманбет уулу

Манас Ниязов

Айбек Темирбаев

Кубаныч Султан уулу

Рустам Тыналиев

Эрлан Төлөбеков

Уланбек Насакеев

Азат Насыпбеков

Айбек Иманалиев

Нурбек Юсупов

Темир Молдакулов

Айбек Эсеналиев

Байыш Ниязов

Урмат Мусаев

Улан Кыбраев

Аскат Аскаров

Белек Мукаев

Динара Акимова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 986, 28-октябрь-3-ноябрь, 2021-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан