Аскат Аскаров, көк бөрүчү: “ТАЙ КАЗАНГА УЛАК САЛУУ УКМУШ АДРЕНАЛИН”

«Баатырдын атын алыстан ук, жанына келсең бир киши». Бул макалды ат үстүндө шамалдай ойногон көк бөрүчү Аскат Аскаровго карата айткым келип турат. Ал улак колго тийди дегиче аткан октой учуп барып тай казанга салган чапчаң оюнчу. Өлкө чемпиондугунда “Мыкты көк бөрүчү” наамын алган улакчыны редакциябызга чакырдык. Аны атсыз көрсөң катардагы эле кыргыз жигити.

УЛАКЧЫ ТУУРАЛУУ

Туулган жылы, күнү – 1993-жыл, 13-июль

Туулган жери – Чүй облусу, Жайыл району, Суусамыр айылы

Бою – 177 сантиметр

Салмагы – 79 килограмм

Жетишкендиктери – Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын, Президенттик кубоктун, Өлкө чемпиондугунун, 9-Май, Нооруз турниринин жеңүүчүсү, ЭКСПО-2017де 2-орунду алган

Ойногон командасы – “Ала-Тоо” Минген аты – Көк мончок

Амплуасы – Чабуулчу

Үй-бүлөлүк абалы – Үй-бүлөлүү, 1 уулдун атасы

– Арыбаңыз, Аскат мырза. Өлкө чемпиондугунун финалдык оюнунда катуу жыгылдыңыз, ден соолугуңуз жакшыбы?

– Жакшы, бутумда мурда алган жаракат бар болчу. Ошол жерди бир аз оорутуп алдым, ички байламталары үзүлүп кетиптир. Гипс салдырган жатам.

– Сизге ден соолук каалайбыз. Өлкө чемпиондугунда “Мыкты көк бөрүчү” наамын алдыңыз, Көк бөрү боюнча эл аралык класстагы спорт чебери болдуңуз, куттуктайбыз! Күтүүсүз болду көрүнөт?

– Рахмат, ооба, чынында күткөн эмесмин. Негизи эле улак ойноп жатканда ким мыкты оюнчу аталат деген деле ой болбойт. Балким, кээ бирөөндө болушу мүмкүн. Бирок мен бул тууралуу ойлонбойм деле.

– Жалпысынан Өлкө чемпиондугу кандай өттү?

– Чынын айтканда, уюштуруу начар болуп калды. Республикалык деңгээлде өтүп жаткандай эмес, райондук деңгээлге салып коюшту. Жакшы көңүл бурулган жок, Сокулуктагы көк бөрү деп күйүп-бышкан жаштардын аракети күч болду десем жаңылышпайм. Ипподромго кум төктүрүп иретке келтиришти, алар болбосо кандай болмок, билбейм.

– Минген атыңыз Көк мончок экөөңөрдүн ойноо мүнөзүңөр бири-бириңерге төп келип калды. Бул ат кандайча сизге туш келип калды?

– “Ала-Тоо” командасына келгенде Трон деген ат алдыргам, ал деле жакшы болчу, бирок ылдамдыгы жайыраак эле. Көк мончок “Ала-Тоо” командасынын машыктыруучусунун аты. Ат келгенде минип көрдүм, жакшы ат экен. Мен минейин деген деле жокмун. Ушул жылы президенттин кубогуна арналган оюнда муну башка оюнчу минип чыккан. Биринчи оюнга “Ынтымак” менен түшүп калдык. Менин атым жакшы чуркабай жатканда машыктыруучу Көк мончокту сунуштап калды. Ошондон тартып мен минип жүрөм.

– Мыкты чуркаган ат болбосо ыраазы болбосоңуз керек, ээ? Катуу ылдамдыкта бара жаткан атты тай казанга жеткенде кантип башкарасыз?

– Кээ бир аттар коркок болот. Башка аттардан сокку жегенден кийин качып калат, кээ бири тайманбайт. Мен негизи аттын ылдамдыгына басым жасайм. Бирок ылдам болгонуна жараша оозу дагы жеңил, жумшак болушу керек. Тай казандын кайсы тарабы ачык экенине карап эле ылайыкташтырам.

– Оюн учурунда ден соолугума залал келбесин, өзүмдү аяп ойноюн дейсиңерби?

– Жок, улакты жерден алгандан кийин башкача сезимдер болот. Аны сөз менен айтып түшүндүрө албайсың. Улакты тай казанга салганың өзүнчө адреналин.

– Көк бөрүгө болгон кызыгуу кандайча жаралып калды эле? Үйдө ойногондор барбы?

– Үйдө менден башка эч ким улак тартпайт. Биздин райондон чыккан Рустам Тыналиев, Нуру Кочукеевди кызыгып көрүп жүрүп эле улак ойноп кеттим. 2012-жылы Нооруз турниринде “Суусамыр” командасы менен Аккула ат майданына чоң оюнга чыккам. Анда 19 жашта болчумун. Ал оюнда командага кошулганым менен, оюн деле көрсөткөн эмесмин. Кайра айылга барганда элден уялгам. Кийин Токмоктун командасы менен биригип “Суусамыр-Тынай” болуп оюнга чыгып жүрдүк. Андан кийин “Сары-Өзөн” командасы түзүлдү. Анан “Достукта” 3 жыл ойнодум, Токмок деген ат менен оюн көрсөттүм. Кыргызстандын улуттук курамасында оюн көрсөттүм, жакшы эле ийгиликтерге жетиштим. Кийин “Сары-Өзөндүн” курамына кошулуп, оюндан жаракат алып, бир жылдай четтеп калдым. Азыр “Ала-Тоо” командасынын курамындамын.

– Трансфердик секирик жасоо оюңарда жокпу? Гонорарыңар канча?

– Гонорарыбыз жакшы эле. Азыр чакыруулар болуп эле жатат, бирок “Ала-Тоодо” эле болом. Алар өздөрүнүн сунушун айтышкан, мага жаккан.

– Оюнда чабуулчулуктан башка позицияда да өзүңүздү сынап көрдүңүз беле?

– Мага чабуулда ойногон жагат. Кээде атың чабуулга жарабай калса башка позициядагы аттарды минип калган учурлар болот, бирок дайыма коргоочулук кылган оюнчулардай коргоочулук кыла албайсың. Улакты көрсөң алам деп алаксып, ошол жакка кетип каласың.

– Дасыккан улакчы үчүн машыгуу канчалык маанилүү?

– Оюндан алыстап калсаң кадимкидей сагынасың, улак тарткың келет. Улак тартып жүрсөң денең жибип, сонун болуп калат. Мисалы, жайы бою колум бошобойт, улак тартпайм. Мындай узакка тыныгуу болгондо машыгуу кылбай дароо оюнга чыгып кетсең бат чарчап каласың. Турнир алдында машыгуудан өтсөң өзүң да, атың да даяр болуп калат. Ар бир оюнчу оюнга мине турган атын өзү минип даярдаганы жакшы. Сырын билип, көнбөгөн жагын көндүрүп өзүнө ылайыкташтырып алат.

– Мыкты улакчы болуу үчүн эмне кылуу зарыл?

– Эң негизгиси – мээнет. Кара күч жактан дайын болуп, минген атыңды даярдашың керек. Улакты алып жүргөндө башыңды иштетишиң керек. Башың иштебесе улакта деле кара күч менен эч нерсе кыла албайсың. Бирөөгө эле жем болосуң. Адамдык сапат дагы маанилүү, кичи пейил болуш керек. Айрымдар бир-эки оюнда салым салып “жылдыз” болуп, өзгөрө түшүшөт. Айрымдар канча кыйын ойносо деле бир калыпта жүрөт. Бийик болгон сайын бутуң жерге жакын болушу керек дейт го.

– Автоунааны катуу ылдамдыкта айдаган жагабы же аргымакты катуу чапканбы?

– Экөөнүн ырахаты эки бөлөк. Унааны андай деле катуу ылдамдыкта айдабайм. Мага көбүрөөк аттын ылдамдыгы жагат.

– Үй-бүлөңүз тууралуу айтып берсеңиз? Алар улак ойногонуңуздан кооптонушса керек?

– Үй-бүлөдө 5 бир туугандын төртүнчүсүмүн. Үйдөгүлөр улак ойноп баштаганда оюндарга жибербей урушуп жүрүштү. Ал учурда улакка үйдөн качып барчумун. Азыр атам “токтотсоңчу” деп калат. Өзүм үй-бүлөлүүмүн, бир балам бар. Жубайым кээде көк бөрү ойногонумду жаман көрүп урушуп калса, кээде колдоп калат.

– Жаракат албаш үчүн оюнда бири-бириңерди аяп койсоңор болбойбу?

– Аяп койсоң оюн кызыксыз болуп калбайбы. Кээ бир оюнда эч бир жериң эч нерсе болбойт, жаракатсыз деле оюндар болот.

– Оюндарда жаракатсыз жүрүшүңүзгө тилектешмин. Маегиңизге рахмат.

Динара Акимова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 986, 28-октябрь-3-ноябрь, 2021-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан