12-ноябрь күнү шаардын борбордук бөлүгүндө ары-бери өткөн эл “Супер-Инфо” гезитинен көз албай окуп, көпкө кыймылсыз турган жаштарды көрүп таң калышса керек. Буга таң калуунун деле кажети жок, анткени ал күнү сайтыбыздын колдонуучулары жана “Супер-Инфо” гезитинин окурмандары чогулуп, флешмоб уюштурган эле.
ФЛЕШМОБ ДЕГЕН ӨЗҮ ЭМНЕ?
Англисче (flash mob) flash – дүрт этүү, көз ирмем жана mob – топтошкон эл дегенди туюндурат. Мында чогулган адамдар кайсы бир жайда күтүлбөгөн жерден пайда болушуп, мурунтан пландаган нерсени жасай башташат. Бүткөндөн кийин акырын эч нерсе болбогондой ар кимиси туш тарапка тарап кетишет. Мындай акциянын катышуучуларын мобберлер деп коюшат.
Флешмоб өтүп бараткан көрүүчүлөрдө ар кандай ой туудурат. Айрымдар эмне болуп жатканын такыр түшүнбөй таңданса, айрымдары кызыгыша өздөрү да аралашып кетишет. Эреже боюнча, акциянын катышуучулары эч кимге акча бербеши жана албашы керек. Анан эң негизгиси, айланадагы адамдар аларга күлүп кароонун ордуна, тескерисинче, кызыгып, балким, аралашып кетсе да болот.
Алгачкы флешмоб 2003-жылы 3-июнда Нью-Йоркто пландалып, полиция кызматкерлери байкап калгандыктан, ишке ашпай калган. Экинчи жолку акцияда уюштуруучулар дагы маселе жаралбасын деп акциянын катышуучулары келгенде гана сценарий менен тааныштырышкан. Массалык түрдө 2009-жылдын 8-мартында Чикагодо өткөн. Бул флешмоб Гиннес рекорддор китебине «эң чоң флешмоб» деп киргизилген. Ага 21 миң адам катышкан. Дагы бир белгилей өтчү нерсе, акция көпкө созулбай 3-5 мүнөт ичинде гана бүтөт.
ЖАШТАР “СУПЕР-ИНФОНУ” ТАНДАЙТ!
Кыргызстанда флешмоб акырындап ишке ашып келатат. Форумчуларыбыз да мезгилден артта калбай, “Супер-Инфону” колдоо максатында 12-ноябрь күнү флешмоб уюштурушту. Supernurgazy аттуу форумубуздун активдүү катышуучусу сунуш киргизип, акция минтип ишке ашып отурат.
Кечки саат 17:30га белгиленген жолугушуу өз убагында ийгиликтүү өттү десек жаңылбайбыз. Баары пландалгандай ЦУМдун жанына чогулуп, белгиленген убакытты гана күтүп турушкан экен. 17:30 болгондо 20 чакты кыз-жигит жолдун ортосуна “Супер-Инфо” гезитин колго алып, кыймылсыз катып калышты.
Алгач 5 мүнөт турабыз деген мобберлер 7 мүнөткө чейин тургандарын байкабай да калышты окшойт. Бул көрүнүш, албетте, көчөдө ары-бери баскан элдин кызыгуусун туудурду. Ал жактан да биздин окурмандарыбыз табылып, гезит көтөрүп бараткан жеринен акцияга кошулуп алышты. Флешмоб бүтөрү менен эрежеге ылайык, акциянын катышуучулары бири-бирине рахматын айтып, ар кайсы жакка тарап кетишти.
Флешмоб уюштуруучусу Нургазы:
– Флешмобду уюштуруубуздун максаты – бизге окшогон форумчулар жана “Супер-Инфонун” окурмандары көбөйүп, саныбыз мындан да ашса дейбиз. Бул баштапкы акциябыз жана келечекте чет элдик боордошторубуз менен уюштурмакчыбыз.
Гүлжамал Бөрүкулова
star@super.kg