БИР БҮРКҮМ. ПАРА СУНУШТАГАН АЙДООЧУ КАРМАЛДЫ...

  • 1-ноябрда Кыргыз милициясынын 97 жылдыгы белгиленди.
  • Канатбек Исаев парламенттик шайлоого талапкер болуудан баш тартты.
  • 1-ноябрда Кара-Балтада кичи автобустун айдоочулары жол кирени көтөрүү талабы менен иш ташташты.
  • УКМК тарабынан кармалган айыл чарба министринин орун басары Ильич Марсбек уулу кызматтан бошотулду.
  • ИИМ: 9 айда мал уурулук менен алектенген 87 кылмыштуу топ кармалды.
  • Өлкөдө 4-6-ноябрь күндөрү аба ырайы кескин өзгөрүп, жаан-чачын күтүлүп жатканы эскертилди.
  • Көмүрдүн баасын Монополияга каршы жөнгө салуу агенттиги коюп берген баадан кымбаттаткандарга 17 миң сом айып салынары айтылды.
  • Улуттук статистика комитети: Учурда Кыргызстанда орточо айлык – 19 586 сом.
  • Кыргызстанда учурда 1064 китепкана бар.
  • Жогорку Кеңеш Түндүк-Түштүк альтернативдүү жолунун курулушун иликтеген депутаттык комиссиянын ишин 25-ноябрга чейин узартты.
  • Тажикстан чек арадагы тактала элек аймакка курулуш иштерин жүргүзүп, сүйлөшүүлөрдөн кийин токтоткону 3-ноябрда расмий маалымдалды.
  • Казакстан Нур-Султан-Бишкек аба каттамын жакында жандантары белгилүү болду.
  • Ош шаарында милициянын кайгуул кызматына 3 миң сом пара сунуштаган айдоочу кармалды.
  • Парламент 3-ноябрда ипотекалык насыяны төлөө мөөнөтүн 25 жылга чейин узартууну караган мыйзам долбоорун кабыл алды.
  • Бишкектеги Мамлекеттик тарых музейи Жаңы жылга чейин ачыла турганы айтылды.
  • Эркин Жолдошалиев Жогорку Кеңештин депутаты катары ант берип, кызматына киришти.
  • 3-ноябрга карата Кыргызстанда 990 734 адам коронавируска каршы эмдөөнүн 1-дозасын алды.
  • БШК бир мандаттуу округдар боюнча шайлоо бюллетенинин формасын жана текстин бекитти.
  • 2-ноябрда Чүйдөн Таласка кыз ала качууга шектелип 3 жигит кармалып, учурда сурак берүүдө.
  • Октябрь окуялары боюнча кармалып, учурда камакта отурган саясатчы Жеңиш Молдокматов "жубайымдын жана кызымдын телефону тыңшалып жатат" деп чыкты.
  • Бишкекке инвестиция тартуу максатында "Бишкек-Сити" эл аралык бизнес борбору курулат.

Лунара Бекиева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 987, 4-10-ноябрь, 2021-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан