24-октябрда БШК ал кезде парламенттин төрагасы Талант Мамытовду талапкер кылып каттоодон баш тартып, себебин “талапкер болушу үчүн спикер кызматын тапшырып бериши керек” деп түшүндүргөн.
28-октябрда Бишкектин административдик соту БШКнын Мамытовду талапкер кылып каттабоо чечимин жокко чыгарды. Мындан кийин БШК Жогорку Сотко кассациялык даттануу берип, Жогорку Сот “Административдик процессуалдык кодекстин талаптарына жооп бербейт” деп арызды кабыл алуудан баш тарткан эле. Ошондон улам комиссия Жогорку Сотко экинчи ирет кайрылып жатат.
Парламентти убактылуу жетектөө милдетин учурда Аида Касымалиева аткарууда. Талант Мамытов партиялык тизмеде шайлоого баратат.
Парламенттик шайлоо 28-ноябрда өтөт. Үгүт иштери 29-октябрда башталды.
Лунара Бекиева