Каарманым убакытка так, өтө талапчыл адам. Ал элдин жүрөгүнөн орун алган тасмаларды жаратуу менен алек. Жакында эле элге сунулган анын тасмасы аншлаг менен көрүлүүдө. Режиссёр, актёр, сценарист Бакыт Осмонканов бул аптанын башкы каарманы болду.
– Арыбаңыз, Бакыт мырза. Элге сунган “Аяш” тасмаңыздар аншлаг менен көрүлүп жатат. Бул тасма аркылуу көрөрманга эмнени жеткирейин дедиңиз?
– Тасма элге жагып, кубанып турган учурубуз. Мактагандар көп, мындай мактоону биз деле күткөн эмеспиз. Көрүүчү кандай кабыл алгысы келсе ошондой кабыл алганы жакшы. Мен азыр муну айткым келди десем, эл барып ошону издейт. Азыр кино жаңы коюлду, рекорд болгону 4-5 айдан кийин билинет. Бирок ошого баратабыз. Жолдо тартылганга ысыкта абдан кыйналдык, сыртта 40 градус ысык болсо, машинанын ичинде 50-60 градус ысык болуп жатты. Анын үстүнө тасмага тарта турган машинабыз дагы эски болгондуктан улам эле бузулуп жатты. Эми көрүүчүлөрдүн реакциясынан кийин баары жөн эле болгон эмес экен дедик. Ар бир ийгиликтин артында оор жумуш турат. Эгерде жумуш жеңил өтүп кетсе мен аябай кыжалат болмокмун. Жеңил иш эч качан жакшы жыйынтыкка алып келбейт.
– Түрдүү жанрдагы тасмаларды тарткым келет дептирсиз. Азыр “Атадан” башкасы баары комедия. Башка жанрга өтүү ойлоруңуз барбы?
– Ойлор көп. Биздин комедия тартканыбыздын себеби – биз юмор жаатында көп жылдан бери алектенебиз да. Ошондуктан өзүбүздүн жакшы билген ишибизди кылалы дедик. Кинолорубузда аз болсо дагы драма бар. Ушинтип акырындан үйрөнүп келе жатабыз. Кыргызстанда башка жанрларды эл көрбөйт. Эл кинотеатрга ыйлаганы эмес, эс алганы барат да. Мен деле өзүм каалаган жанрда тасма тарткым келет. Азыр эми учурдун талабы комедия болуп жатат. Үй-бүлөмдү багам десең элге керек нерсени бериш керек.
– Кайсы тасмаңыз үчүн оор сын уккансыз?
– Сынга жакшы карайм, бирок конструктивдүү сынга. Жөн эле бир нерселерди айта бергендерге көңүл бурбайм. Эмнеге жакпаганын толук факт менен санап берсе, мен ошону угам. Бизде тасма кинотеатрларга чыгардын алдында ар кайсы кесиптин ээлерин студияга чогултуп, кинону коюп берип пикирин угабыз. Окшош пикирлер болсо тасманы ошого карап оңдойбуз. Катуу сынга кабылганымды деле билбейм, “Напарниктер-1” режиссёрлук кылган биринчи кином. Анда көп нерсени билчү эмесмин, оператордун айткандарын укпай тарта берип, техникалык жактан көп эле кемчиликтер болгон, ошондо көп сындар айтылган.
– Актёрлук чеберчилигиңизге сын көз караш менен карайсызбы?
– Өзүмдү актёр катары сезбейм. Актёрмун десем профессионал актёрлор таарынат, анткени алар окуган. Мен айла жоктон эле актёрмун. Анткени сценарийди өзүм жазам, кандай ойнош керек экенин билем. Жеңиш экөөбүзгө эл көнгөн, ал болсо тубаса талант. Мен эң мыкты актёрлордун катарына кирбейм. Бирок мыкты режиссёрлордун арасына кирем, комедия жанрында.
– Бир учурда режиссёр, сценарист, актёр, продюсер болуш кыйын болсо керек?
– Оор, бирок кылса болот. Биринчи кезекте мен өзүмдү режиссёр катары кабыл алам. Кинодо эң негизгиси сценарий болгондуктан ага дагы көп убакыт бөлөбүз. Продюсерлик бул айла жоктон. Өз каражатыбызды чыгарабыз, аны өзүбүз көзөмөлдөбөсөк болбойт. Менин 400 миң доллар акчам болсо “сен муну, тигини кыл” деп режиссёр болуп эле отура бермекмин.
– Кыргыз кино, сериалдары күндөн-күнгө көбөйүп жатат, арасында сапаттуусу, сапатсызы бар дегендей...
– Ким кааласа кино тарта берсин. Тарыхта деле мыкты кинолор дароо жарала калган эмес. Жалаң гана акча табууну көздөгөндөр акырындан иргелип кете берет. Себеби алар атаандаштыкка чыдабайт. Аракет кылып, өзүнүн убактысын, мээнетин бергендер акырындан алдыга чыга берет. Атаандаштыктын артынан сапат өсөт, сапаттын артынан кыргыз киносу өнүгө берет.
– Жеңиш экөөңөрдү тасма талаасынан башка дагы эмне байланыштырып турат?
– Кызыкчылыктарыбыз көп эле, үй-бүлөлүк катыштабыз. Футбол, спорт жөнүндө көп сүйлөшөбүз, чогуу тамактанабыз. Мен үйдө отурганды жакшы көрөм, ал машина карайм деп базарга, футбол көрөм деп стадионго барып жүрө берет. Бир жылдары Чемпиондор Лигасын көрөм деп Түркияга чейин кетип калган. Анын кызыкканы көбүрөөк, мага үйүм жетиштүү. Саякаттап Лос-Анжелеске барганда үч күндө үйүмө кетким келген.
– Тасмаларда олуттуу, өзүмчүл каармандын ролун аткарасыз, негизи жашоодо кандай адамсыз?
– Өзүмдү ойнойм, так эле ошондоймун. Өзүмчүл, олуттуумун, туугандар, достор менен көп катыша бербейм.
– Үй-бүлөгө болгон жоопкерчилик тууралуу сурагым келип турат...
– Менде үй-бүлөгө болгон жоопкерчилик өтө чоң. Колуңда эч нерсе жок болсо деле балдарды төрөй берген болбойт. Баланын күнөөсү жок да, баланын жата турган жери болушу керек. Жок дегенде стабилдүү жумушуң, потенциалың болгондо үй-бүлө куруш керек. Мен окуумду бүтүп, жумушум, алдыга койгон пландарым болгондо 26 жашымда үйлөнгөм. Үй-бүлөдөн артык жоопкерчилик жок. Эркектер чоң жоопкерчиликти моюнга алгандан кийин тытынып иштеп табышыбыз керек. Баланын өз ырыскысы бар дегенге мен деле ишенем, бирок кандай болбосун биринчи даярданыш керек. Кудай ырыскыны берет, бирок өзүң дагы аракет кылышың зарыл.
– Балдарыңызды катуу кармайсызбы?
– Менин 3 балам бар, улуусу Нурсултан 1-класста окуйт, кызым Нурай бала бакчага барат. Кичинекейибиз Алинурга 11 ай болду. Мени апам бир дагы жолу урган эмес. Мен кээде улуу баламды чымчып коём. Бирок урганга толугу менен каршымын. Интернеттен баарын көрө алам, бирок балага байланыштуу агрессияны көрө албайм, жүрөгүм чыдабайт.
– Алдыда шайлоо, элге эмне дегиңиз келет?
– Кайрылып жатып тажадым. Кээ бирлер “Бакытка добушуңарды сатпагыла деп айтып коюш оңой, үйдө ун жок болсо эмне кылалы?” деши мүмкүн. Бирок бир чыдап койгулачы. Бир жолу өзүбүздү сыйлап, сатылбай жүрөгүбүз менен добуш берип көрбөйлүбү...
– Маегиңизге рахмат, ишиңизге ийгилик!
Динара Акимова