Биз социалдык тармакта

Александр Крестинин "Дордой" клубунун машыктыруучулук кызматынан кетти

Футбол боюнча улуттук курама команданын башкы машыктыруучусу Александр Крестинин "Дордой" клубундагы машыктыруучулук кызматын токтотту.

Александр Крестинин "Дордой" футбол клубуна машыктыруучулук кызматка 2017-жылы июнь айында дайындалган. Анын жетекчилигинде клуб 4 ирет (2018, 2019, 2020, 2021) Кыргыз Премьер Лигасында чемпион болууга жетишти. Ошондой эле 2 жолу Өлкө кубогун (2017, 2018) жана 2 ирет (2019, 2021) өлкөнүн Супер кубогун жеңүүгө жетишти. Машыктыруучу аталган клуб менен 169 беттеш өткөргөн.

29-октябрда "Дордой" 13-ирет Өлкө чемпиондугун утту.

Динара Акимова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 987, 4-10-ноябрь, 2021-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан