Той көп болсо, каада көп... Заманга жараша кыргыздын салт-санаасы да өзгөрүп, жаңыланууда. Учурда куда тосууда колдонулган түштөндүрүү деген каада кеңири жайылып жатат. Муну "ысырапкорчулук" дегендер да, кадимки көрүнүш дегендер да бар. Түштөндүрүү салтпы же барчылыктан улам пайда болгон жаңы каадабы? Бул жаатта тарыхчы, этнографтардын оюн уктук.
ТҮШТӨНДҮРҮҮ ДЕГЕН ЭМНЕ?
Түштөндүрүү – бул куда тосууда колдонулган каада. Келген конокторго бир сыйра тамак берилгенден кийин түштөндүрүү каадасы башталат. Тагыраагы, той өткөрүп жаткан үй ээсинин туугандары же теңтуштары кудаларды өз үйүнө кезектешип чакырып коноктошот. Сөзсүз бирден козу же кой союлат. Бул каада учурда акырындык менен бардык облустарга жайылууда. Чүй, Талас, Нарын, Ысык-Көлдө "түштөндүрүү" деп аталса, Ош, Жалал-Абад, Баткенде "куданы чайга чакыруу" деп аталат.
Түштөндүрүүнүн "кол чайкаар" деген да түрү бар. Анда той ээсинин туугандары сойгон коюнун бышкан этин, дасторконун куда тосулуп жаткан үйгө алып келип сыйлашат. Бул бардык облуста бар, Нарында гана "кол чайкаар" деп аталат.
"1 КҮНДӨ 10 КОЙ СОЮУ САЛТ ЭМЕС"
Түштөндүрүү каадасы боюнча журналист, маркум Бейшенбек Бекешовдун күйүп-бышкан жайы бар. Ал "Куда тоскон үйдүн тууган-уругу, жоро-жолдоштору жана жакшы катышкан жакындары кудаларды өз үйлөрүнө чакырып, сый көрсөтөт. Мал союлуп, конокторго эт тартылат. Коноктор күндүз келсе, таң атканча уктатпастан ар бир үйгө коноктоп, эт тартуу менен алек болушат. Жок эле дегенде 10 үйдөн тамак беришет, бир күндө 10 кой союлат, бул эмне деген ысырапкорчулук? Кыргызда мындай салт жок, бул жөн гана аш көп болсо, каада көп дегендей, кийин эле чыккан нерсе" деген оюн билдирген эле.
Октябрь Капалбаев, этнограф-тарыхчы: “ТҮШТӨНДҮРҮҮ – ИЛГЕРТЕН КЕЛЕ ЖАТКАН КААДА”
– Түштөндүрүүнү жакында эле пайда болгон салт катары карабашыбыз керек. Түштөндүрүү каадасы Нарындан тараган, нарындыктар бул салтты эзелтеден колдонушат. Илгери кудага болгон сый-урматты дал ушул түштөндүрүү, тагыраагы, ар үйгө коноктоо менен билдиришкен. Мунун зыяны жок. Болгону өтө эле чачылып, ысырап кылбай, колдон келген сыйды көрсөтүү жетиштүү болот. Ал эми чакырган үйлөрдүн баарына барууга убакыт тар болсо, түштөндүрө тургандар куда тосуп жаткан үйгө эле эт менен таттууларын көтөрүп келип, конокторго тартуулашат. Коноктор аларды баштыктарына чогултуп салып алышат. Бул "кол чайкаар" деп аталат.
Мурунку салтта эт тартуу сый тамак катары эсептелчү, бирок дасторкон жөнөкөй болгон. Ал убакта бир күндө 5-6 адамдын үйүндө коноктоо болгон эмес. Муну ишеничтүү айтууга болот. Күнүнө 5-6 адамдыкына коноктоп баруу - заманга жараша кошумча жаңылыгыбыз. Салтты тыюу менен токтото албайбыз. Болгону жалпыга түшүндүрүү иштерин жүргүзүү керек. Ал үчүн салттарды иретке келтирип, талкуу жүргүзө турган Аксакалдар, Энелер кеңеши түзүлсө туура болмок. Анткени көп салттарга кошумчаларды киргизип жаткандар көбүнчө аялдар экендиги да талашсыз.
Амантур Жапаров, этнограф-тарыхчы: “МУНУН МАКСАТЫ – ЖАҢЫ АДАМДАР МЕНЕН АЛАКА ТҮЗҮҮ”
– Кудаларды түштөндүрүп коноктоп, сый тамак берүүнүн маңызында жаңы адамдар менен алака, мамиле түзүү максаты жатат. Албетте, биздин ата-бабалардын убагында салттар такыр башка формада колдонулчу, азыр замандын талабына ылайыктуу кылып өзгөртүп жатышат, бирок маңызы мурункудай эле. Аша чапкандык туура эмес, бир күндө 5-15 адам түштөндүрсө көп да. Негизи эл бири-бирине атаандашпай, мүмкүнчүлүгүнө карап иш кылса туура болмок. Түштөндүрүүгө “баланча кой сойсоң жетет” деп чектөө да киргизе албайсың. Дүйнө, аалам өсүп-өнүгүп жаткандай эле, айрым салттар туура эмес колдонулуп жатканын эл өзү түшүнчү убакыт да келет.
Салайдин Эралиев, этнограф-тарыхчы: “ТҮШТӨНДҮРҮҮ САЛТЫ АТ-БАШЫДАН ТАРАГАН”
– Салт убакыттын өтүшү менен мезгилдин талабына жараша өзгөрүп турары мыйзам ченемдүү көрүнүш. Ошентсе да кийинки учурларда айрым каадаларга абдан көп каражат жумшалып, ысырапкорчулук болуп жатат. Мурун ата-бабаларыбыз кадыр-барк күтүш үчүн ысырапкорчулукка жол берген учурлар болгон. Бирок ошол ысырапкорчулуктун маңызында колунда болгонун эл менен бөлүшүү деген рационалдуулук бар болчу. Бүгүнкү күндө айрым салттар маанисин жоготуп баратат. Түштөндүрүү каадасынын жалпы өлкө аймагына тараганына аз эле болду, бул салт мурун Ат-Башыда гана колдонулчу экен. Бирок кайсы мезгилде, эмнеге байланыштуу пайда болгону тууралуу тарыхчыларда так маалымат жок. Бир күндө 5-10 жерге коноктошсо алып келген устукандарыңды жегенге үлгүрбөйсүң, 2 күндөн кийин ыргытканга туура келет. Түпкү маңызын жоготуп алган салттарга эл өзү тыюу салып токтотпосо, мыйзам чегинде токтотуу мүмкүн эмес.
Куда тосуудагы түштөндүрүү каадасына кандай карайсыз?
Гүлзат Момунова, Ош облусу:
– Ош облусунда бул салт куданы чайга чакыруу деп айтылат. Куда күткөндө той ээсинин жакын санаалаш адамдары таттуулар менен өзүнчө, жер-жемиштерден өзүнчө, шараптары өзүнчө болгон себет жасап келишет же өз үйүнө чакырып коноктошот. Аталган салтка көз карашым туура эле, куда-сөөккө кыргыздар илгертен сый мамиле кылышкан. Андыктан ашыкча сыйчылдык зыянын тийгизбесе керек.
Перизат Мамырова, Талас облусу:
– Бул салтты обу жоктук деп эсептейм. Кымбатчылык заманда адамдар бири-бирине атаандашып түштөндүрүү уюштурганы туура эмес көрүнүш. Таласта бул салттын колдонулганына 3-4 жыл болуп калды. Келген кудаларга козу гриль, андан соң тоок гриль, үчүнчүсүнө кадимкидей устукандап эт тартышат. Аталган салтка дагы өзгөрүү кириптир, түштөндүргөнү келгендер кудаларга 1000 сомдон таратып беришет экен.
Маматжан Жолдошов, Баткен облусу:
– Баткенде той ээсинин жакын-санаалаштары бирден сый тамак жасап кудаларга көтөрүп келет. Кээде 1 күндө 30-40 үйдөн тамак көтөрүп келген учурлар болот. Анын баарын жешпейт, ооз тийип, баштыгына салып коюшат же ошол жерде кызмат кылган келиндерге таратып беришет. Негизи мындай салтты мыйзам жолунда тыюу салбаса, абдан көп ысырап болуп жатат.
Жеңишгүл Эсенаманова, Ысык-Көл облусу:
– Ысык-Көлдө келген кудаларды той ээсинин кошуналары, бир туугандары, жоро-жолдоштору өзүнчө дасторкон жасап, мал союп түштөндүрүшөт. Жакында эле байкемдин кызы турмушка чыгып, кошуналары түштөндүрөлү дешкен. Түштөндүрүүгө кеткен акчаны эки жашка берип койсоңор керек-жарагына жумшап, жок дегенде окуусунун келишим акысын төлөп алышмак дедим.
Гүлзина Турсунбаева, Нарын облусу:
– Түштөндүрүүдө ысырапкорчулук көп болуп жатат, анча этти, нанды эмне кылышат? Андан көрө эки жашка керектүү буюм сатып бергени туура болмок. Түштөндүрүүнүн санын азайтыш керек, 1-2 жакыны коноктосун, калгандары акчасын чогултуп эле эки жашка берип койсо жакшы го, керектүү жагына коротушат.
Муктар Төрөгелдиев, Жалал-Абад облусу:
– Бизде Жалал-Абаддын айрым жерлеринде түштөндүрүү салтын билишпейт. Мисалы, мен жашаган Кочкор-Ата шаарында куда тосууда колдонулган түштөндүрүү салтын конок тосуу деп эле айтабыз. Мисалы, мен кудаларымды тосуп коноктосом, менин бир тууган иним же акем мал союп менин кудаларымды үйүнө чакырып мейман кылат.
Лунара Бекиева